Cөз эркиндигинин колдогон жүрүш өттү

Эркин медиаларды колдоо жүрүшүнүн катышуучулары "Сөз эркиндиги үчүн", "тил кесмей жок" деген жазууларды көтөрүп чыгышты. 

Жүрүшкө 200дөй адам катышты. Алардын көпчүлүгүн журналисттер, жарандык активисттер түздү. 

Жүрүштүн катышуучулары Темир жол вокзалынын алдына чогулуп, Эркиндик бульвары менен Ала-Тоо аянтына чейин жөө барышты. 

Акциянын катышуучулары Бишкек баатырдын эстелигинин жанынан өтүп бара жатышат. 

13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылгандар акцияга чыккан. Бул акция Жогорку Кеңеште депутат Надира Нарматова көз карандысыз үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканы айтылган учурга туш келди. Депутат өзү мындай маалыматты четке кагууда. Парламентте жана коомчулукта сөз эркиндигине карата кысым күчөгөнү айтылып, эркин медиага чагым сынга кабылды.

Укук коргоочу Рита Карасартова кызматта отургандар жарандык коомго каршы чагымчыл адамдарды чыгарып жатканын айыптады.
"Экстремисттик чакырык жасады. Украинага каршы согуш башталганда биз акцияга чыкканда ушу Илимбек Исраилов келип чагым жасаган. Мен ошондо эле бул провокатор экен деп ойлогом. Тилекке каршы, бийлик ушундай адамдарды колдонуп жатат. Акыйкат башкаруу, туура башкаруу деп жатабыз. Туура жолго түшөлү, өнүгүүгө багыт алалы дебей, бөлүп-жарып жатканы өкүнүчтүү".

Акциянын уюштуруучуларынын бири, блогер Атай Бейшенбек ар бир адамдын конституциялык укугун чектөөгө жол берилбеши керектигин, “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус” басылмаларынын жабылышын талап кылган акция мыйзамсыз болгонун белгиледи.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.

Эркин медиаларды колдоо жүрүшүнүн уюштуруучуларынын бири, “МедиаХаб” коомдук фондунун жетекчиси Али Токтакунов.

Акциянын катышуучулары Ала-Тоо аянтына чейин басып келишти. 

Кыргызстанда жарандык коом, медиа өкүлдөрү "Азаттык", "Кактус Медиа", "Клооп" маалымат агенттиктерине чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.