Чындык издеп үзүлгөн Үмүт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Былтыр октябрдагы саясий башаламандыкта каза болгон Үмүтбек быйыл 20 жашка толмок. Айылдан 9-классты аяктап эле борборго билимин жогорулатуу үчүн кете берген. Окуп, билим алып, чындык үчүн күрөшөм деген ниети бар Үмүтбектин ата-энеси уулу тирүүсүндө алган сыйлыктарын тизип алып Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөр бекен деп отурушат. Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин ата-энесине Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир окуянын бир жылдыгында берилди.