Чүй: тартылган суу, кырылган балык

Москва районундагы "Спартак" суу сактагычында кайсыл бир учурда чоң көлөмдөгү балыктарды кармашчу. Азыр суу сактагыч көлчүккө айланып, суу түбүндө майда балыктар өлүп жатат.

"Спартак" суу сактагычы.

Суу сактагычтардын аймагы канаттуулардын көптөгөн түрлөрү байырлаган жер. Жазында учуп келген канаттуулар ушул аймактарга уя салып, кышында кайра учуп кетишет. Суунун тартыштыгынын айынан табият кандай жабыр тартканын, анын масштабын азырынча бир дагы адис айта албайт.

Чүй өрөөнү.

Адистер Чүй өрөөнүнүн суу сактагычтарындагы балыктардын кырылышы суунун деңгээли төмөндөп кеткенден гана эмес, катуу ысыктан, аба үп болуп, сууда кычкылтектин жоктугунан экенин айтышууда .

Кырылган балыктар. 

Чүй өрөөнүнүн тоо этектери куураган талаага окшоп турат.

"Спартак" суу сактагычында убагында Чүй, жалпы эле Кыргызстан боюнча балыктын эң көп түрлөрү бар эле.

Чүй облусундагы каналдардын бири.

3-Ала-Арча суу сактагычындагы кырдаал "Спартактагы" көйгөйгө окшош эле. Суу эң төмөнкү дегээлге чейин түшүп, натыйжада көп сандагы балыктар кырылды.

Кыргызстанда быйылкы жайда кургакчылык болуп, суу таңкыстыгы жаралды. Эң көп суу тартыштыгы Чүй аймагында байкалды. Айрым эксперттер Чүй өрөөнүнүн экологиялык кырсыктын жана экоциддин аймагы катары эсептөөдө.