Кытай: Чэн Гуанчэн четке окууга кете алат

Чэн Гуанчэн америкалык дипломаттар менен. Бээжин, 2-май, 2012-жыл.

Кытай соңку күндөрү Вашингтон менен Бээжиндин дипломатиялык талашынын борбордук маселесине айланган диссидент Чэн Гуанчэн өлкөдөн сыртка окуу үчүн кете аларын билдирди.
Көзү бала кезинен эле азиз болуп калган, кийин өз алдынча билим алуу менен адвокаттык кесипти аркалаган диссидент 22-апрелде үй камагынан качуу менен 28-апрелде АКШнын Бээжиндеги элчилигинен башпаанек тапкан.

Бирок апта башында коопсуздугуна кытай бийликтери тарабынан кепилдик берилген соң элчиликтен чыгарылып кеткен эле. Азыр өз үй-бүлөсү менен полиция катуу көзөмөлгө алган ооруканада турат.

Үй-бүлө мүчөлөрү коркутууларга жана уруп сабоолорго дуушар болуп келген Гуанчэн мекенинде эле калуу жөнүндөгү мурдагы көз-карашын соңку күндөрү өзгөртүп, АКШга кетүүнү кааларын айтып жатат.

Атүгүл ал 3-майда АКШ Конгрессинин Кытай боюнча комиссиясы угуу өткөрүп жаткан кезинде телефон чалып, америкалык конгрессмендерден өлкөдөн чыгуусуна жардам берүүнү суранды:

- Менин абалым жакшы эмес. Мага келгиси келген досторум сабалганын жаңы эле уктум. Эки күндөн бери америкалык дипломаттар менен жолуга албай жатам. Алар келгени менен мага кирүүсүнө мүмкүндүк беришкен жок. Кырдаал абдан жаман. Менин жубайым дүкөнгө баргысы келсе, ага оболу уруксат алуу зарылдыгын айтышкан. Ал акыр-аягында уруксат алып чыккандан кийин артынан кеминде үч киши ээрчип, сүрөткө тартып жүрүшкөн.

Чэн Гуанчэн АКШ Конгрессинин комиссиясы менен байланышуусу учурунда кичи мекени Шандун провинциясындагы айылынын ага үй камагынан качуусуна жардам берген тургундары бул үчүн “жазаланганын” кошумчалаган.

Жылыш бар

Эки баласы бар Гуанчэн Шандун провинциясында Кытайдын “жалгыз бала” саясатынын жер-жерлерде аткарылышын камсыздоо үчүн аялдардын бойдон алдырууга мажбурланышына каршы жигердүү күрөшкөнү менен таанылган. Анын АКШ – Кытай алакасын сынаган окуясы Вашингтон менен Бээжиндин жогорку деңгээлде жыл сайын өтүүчү Стратегиялык жана экономикалык диалогуна туш келди.

АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон 4-майда Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябао менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Чэн Гуанчэн боюнча чатакка тикелей кайрылган жок. Бирок адам укуктарын урматтоо “батыштык” эле маданият эмес, “универсалдык” баалуулук экендигине токтолду.

Бээжиндеги басма сөз жыйынында Клинтон АКШ элчиси диссидент Чэн Гуанчэн менен сүйлөшө алганын, анын ишинде жылыш бар болгонун айтты:

- Биз кытай өкмөтүнүн ал чет өлкөгө окуу үчүн кетүүгө арыз бере аларын ырастаган билдирүүсүнө канааттандык. Гуанчэндин каалаган келечегине жетишине жардам кылууда бүгүнкү күндүн аралыгында жылыш болду. Бул жараяндын алдыга кетишинде биз аны менен байланышта турабыз.

Алаканы бузбоо аргасы

Бээжиндин Чэн Гуанчэн четке окуу үчүн кете алат деген жарыясын баяндамачылар АКШ – Кытай алакасындагы дипломатиялык кризистен чыгуунун жолу катары баалашууда.

Кытайда президент Ху Цзинтао менен да сүйлөшүү өткөргөн Клинтон Вашингтон менен Бээжиндин жалпы алака-катышын “ачык жана чынчыл” деп мүнөздөдү:

- Силер билгендей, бизде бир катар маселелер, адам укуктары боюнча пикир келишпестиктер бар. Муну биздин бардык диалогдорубузда көтөрүп жатабыз. Бул биз иштөөнү улантып жаткан маселелердин бири. Бирок биздин механизмдер кубаттанып, карым-катнаш чыңдалган сайын ошончолук ишенимдүү болуп бара жатабыз. Биз мамилелерибиздин келечегине коркунуч туудурбастан олуттуу маселелер боюнча да ачык сүйлөшө алабыз.

Гуанченди колдогон активисттер. Гонконг, 4-май, 2012-жыл.

Кытай өкмөт башчысы Вэн Цзябао Хиллари Клинтон менен 4-майдагы жолугушуусунда АКШны эки өлкө ортосундагы айырмачылыктарды урматтоого, Кытайга тең укуктуу өнөк катары мамиле жасоого чакырган.

Кытайдын мамлекет карамагындагы маалымат каражаттар болсо жума күнү диссидент Чэн Гуанчэнге байланышкан талашка катуурак баа беришип, диссидентти АКШнын “пешкасы” деп аташты, ага башпаанек бергени үчүн америкалык дипломаттарды сынга алышты.

Британдык Economist басылмасынын пикиринде, айтор, эркиндикке артыкчылык берген кытайлык бир жаран жана анын үй-бүлөсү кабылган жагдай АКШ-Кытай алакалары, кытай бийлигинин мүнөзү жөнүндөгү суроолорду көтөрүүдө. Гуанчэндин ишинде эки ири державанын бири-бирине мөөрөй алдырышы, алардын ар кимиси үчүн да, дүйнө үчүн да пайдасыз.