Бээжин “Борбор Азия НАТОсун” түзөбү?

Кытайдын коопсуздук күчтөрүнүн Үрүмчүдөгү операциясы, 1-апрель, 2011-жыл.

“Борбор азиялык НАТО” – Кытай демилгелеп жаткан Ооганстан, Пакистан жана Тажикстан ортосундагы терроризмге каршы альянсты айрым аналитиктер ушинтип атап жатышат.

Кытай ушундай уюм түзүүнү демилгелеп жатканы тууралуу кабар алгач ушул айдын башында Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын Башкы штабынын жетекчиси, генерал-полковник Фан Фенхуэ Дүйшөмбү менен Кабулга иш сапары менен келип кеткенден соң чыккан.

Кытайдын жогорку даражалуу генералын тажик президенти Эмомали Рахмон кабыл алган. Тажик президентинин маалымат кызматы анда тараптар аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтык боюнча пикир алышып, бул багытта мурда жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашканын, ошондой эле тажик-ооган чегиндеги коопсуздукту камсыздоонун маанилүүлүгүнө, терроризм, экстремизм, сепаратизм деген үч коркунучка каршы биргелешип күрөшүү тууралуу сөз кылышканын кабарлаган. Мындан тышкары тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө башка коркунучтарга Кытай менен Тажикстан да ар тараптан даяр турушу керектиги белгиленгени айтылган.

Бирок Бээжиндин жаңы альянс түзүү демилгеси тууралуу тажик бийликтери үн каткан эмес. Бул Кытай генералы андан бир күндөн соң Кабулга барып, ооган президенти Ашраф Гани менен сүйлөшкөн соң гана ачыкка чыгып отурат. Ооган президентинин маалымат кызматы бул сүйлөшүүдө Кытай армиясынын башкы штабынын жетекчиси Фан Фенхуэй Кытай, Ооганстан, Пакистан жана Тажикстан ортосунда антитеррордук коалиция түзүүнү сунуштаганын айтып чыкты. Ооганстан президентинин маалымат кызматынын өкүлү Саид Зафар Хошими президент Ашраф Гани Бээжиндин демилгесин жактырганын да билдирди.

Мындан тышкары Кытай Ооган армиясына 70 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүүнү да убада кылган. Бирок бул каражат АКШ акыркы 15 жылда Ооганстанга салган жүз миллиарддаган доллардын алдында шоона эшпей калат, аны салыштыруу да мүмкүн эмес.

Ооганстандын мурдагы ички иштер министри, азыр Вашингтондогу аскерий окуу жайлардын биринде сабак берген доктор Али Ахмад Жалоли Кытай аймактагы коопсуздук маселесинде аракетин күчөтүшүнүн жүйөсүн төмөнкүдөй себептер менен байланыштырат:

- Кытай Ооганстанда Орусия же башка өлкөлөр сыяктуу эле Америка берген жардамдын ордун ээлей албайт. Азырынча эч бир өлкө Ооганстанга АКШ берген көлөмдөгүдөй жардам берчү абалда эмес. Бирок Кытай же Орусиянын жардамы саясий жактан эффект бериши мүмкүн. Анткени бул Ооганстандын азыркы бийлигинин каршылаштарына алардын аймакта башка колдоочусу жок экенин көрсөтөт.

Айрым аналитиктердин баамында, Кытай жаңы альянс түзүү менен Шинжаң уйгур автоном районундагы өз кызыкчылыктарын ишке ашырууну да көздөөдө. Бул аймакта бир канча жылдан бери куралдуу жикчилерге байланыштуу жакшы эмес кырдаал түзүлгөнү белгилүү. Кытайдын аталган автоном аймагы Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан менен чектешет. Бирок жаңы уюмга Кыргызстан кошулар-кошулбасы тууралуу азырынча сөз жок.

Дагы башка серепчилер мындай жаңы альянс түзүүгө эч кандай зарылдык жок деген ишенимде. Алар муну Шанхай кызматташтык уюмунун ушундай эле максаттагы антитеррордук борбору иштеп жатканы менен байланыштырат. Бул борбордун кеңсеси Ташкенде жайгашкан.

Расмий маалыматтарга караганда, акыркы он жылда Шанхай кызматташтык уюму миңден ашуун террордук актынын алдын алган жана бетин ачкан. Ал террордук чабуулдардын тең жарымдайын эл көп жерлерде ишке ашыруу болжолдонгон. Ошондой эле 480 террордук база жок кылынып, 2615 согушкер кармалганы, алардан 6 миң даана курал жана миллиондон ашуун ок-дары алынганы айтылат.

Москвадагы Ооганстан боюнча иликтөө борборунун эксперти Андрей Серенко “Известия” басылмасындагы маегинде Кытай коопсуздук боюнча жаңы альянска Ооганстан менен Пакистандан тыш Орусия азырга чейин өзүнүн таасир көрсөтүү аймагы катары караган Тажикстанды кошуп жатышы Москва Борбор Азиядагы позициясынан ажырап баратканын көрсөтөт деп эсептейт. Серепчи буга Орусия Украина менен Жакынкы Чыгышка көңүл буруусун күчөткөнү себеп болду деген пикирде.

Орус президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов ошол эле “Известия” басылмасына Орусиянын жаңы альянска кирүүсүнө зарылдык жок экенин, бул жерде чек ара көзөмөлү, террорчулардын топтолушунун алдын алуу тууралуу гана сөз болуп жатканын айткан.