Кытайдын мусулмандарды аңдыган тиркемеси

Шинжаңдын Кашкар шаарындагы текшерүү, 24-март 2017-жыл.

«Хьюман Райтс Уотч» (HRW) уюму Кытайдын бийлиги Шинжаңдагы мусулман калктарын көзөмөлдөп туруу үчүн чөнтөк телефондогу өзгөчө бир тиркемени колдонуп жатканын билдирди.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасы Шинжаң-Уйгур автоном районунда миллиондогон мусулмандар футуристтик фильмдерден кем калышпаган ыкма менен көзөмөлгө алынганын көрсөттү.

2-майда жарыяланган “Репрессиянын Кытайдагы алгоритмдери” аттуу бул баяндамада Кытайдын полициясы чөнтөк телефондоруна орнотулган атайын тиркеменин жардамы менен Шинжаңдын тургундарын текшерип, суракка чакырып, керек болсо камакка алып жатканы айтылат.

Бул тиркеме Кытайдын борборлоштурулган «Биргелешкен операциялардын жалпы платформасына» (IJOP) байланган. Аталган платформада Шинжаңдагы 13 миллионго чукул адамдын канынын тобу жана боюнун узундугу сыяктуу физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн тарта дареги, билими, кесиби, саясий жана диний көз караштарына чейинки бардык маалымат сакталып турат.

Бул система Шинжаңдын ар бир тургунунун ар бир жүрүм-турумун телефонунун, автоунаасынын жана ID картасынын жардамы менен каттап турат. Андыктан базадан жергиликтүү жашоочу акыркы жолу кайда барганы, автоунаасына канча май куйганы сыяктуу маалыматтарды оңой эле тапса болот. Буга кошумча ар бир текшерүүнүн жыйынтыгы да борбордук базага жөнөтүлүп турат.

Үрүмчү шаары, 2010-жылдын июль айы.

Мындай адаттан тыш текшерүүлөрдү Шинжаңда “коомдук тартипке каршы келген жүрүм-туруму үчүн” деген негиз менен камалып чыккан, уйгур студент Алим “Хьюман Райтс Уотч” уюмуна бышыктап берген:

“Ар бир 200 метр сайын полициянын текшерүү пункту бар. Буга кошумча сиз барган ар бир коомдук жайда да текшерүүлөр болот. Эгер уйгур болсоң, сени токтотушат. Алар “ID картаң кайда? Аны текшерейин” дешет. Анан ID картадагы номерди системага киргизип, сиз тууралуу бардык маалыматты биле алышат”, - деп билдирген Алим.

“Биргелешкен операциялардын жалпы платформасы” адамдардын кайда жүргөнүн же эмне кылганын каттап гана койбостон, эгер кайсы бир тургундун жумушунда, жүрүм-турумунда, адамдар менен сүйлөшүүсүндө шектүү бир нерсени байкаса, ал түгүл ал киши электр энергиясын көп колдонуп жатса, анда дароо жергиликтүү бийлик өкүлүнө же полиция кызматкерине кабар берет. Мындай кабарды алган полиция кызматкери “шектүү” деген кишини таап, суракка алышы керек болот.

“Хьюман Райтс Уотч” уюму бул тиркеменин көчүрмөсүн изилдеп чыккандан кийин Кытайдын бул системасы көпчүлүк нормалдуу деп эсептеген жүрүм-турумду “шектүү” деп мүнөздөгөн учурлар болгонун аныктаган.

Мисалы эгер жергиликтүү тургун электр жарыгын мурдагы айдагыдан көбүрөөк колдонсо, чет өлкөдө белгиленген мөөнөттөн узагыраак жүрүп койсо же автоунаанын кожоюну менен ага бензин сатып алган адам эки башка болуп калса, анда система текшерүү жүргүзүнү талап кылат.

“Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Кытай боюнча директору Софи Ричардсон.

“Эгер сиз “WhatsApp”, “Viber” же “Telegram” колдонсоңуз, шектүү катары каралып калышыңыз мүмкүн. Эгер үйдүн маңдайкы эшигинен эмес, арткы эшигинен чыксаңыз да, полиция текшерип келип калышы ыктымал. Мындай тизме улана берет. Тиркемедеги маалымат борбордук системага жиберилет. Ага адамдарды аңдыганга ыңгайлашкан башка системалардын маалыматы да келип кошулат. Алардын арасында көзөмөл камералары, адамдын жүзүн таануучу программалар жана көчөдө кетип бара жатканда телефондон маалымат ала алган вай-файлар да кирет”, - деди “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун Кытай боюнча бөлүмүнүн башчысы Софи Ричардсон.

Эл аралык укук коргоо уюму мыйзамсыз жол менен жыйналган мындай маалымат базасы Шинжаңдын тургундарын соттун чечими жок эле, өзүм билемдик менен кармоого жол ачып жатканын билдирип, Кытайды мындай аракеттерин токтотууга чакырды.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районун уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу көбүнесе мусулмандар коомчулугу байырлайт. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери Шинжаңда 1 миллиондой киши саясий лагерлерде кармалып турганын, айрымдары кыйноого алынганын билдиришкен. Өткөн жумада АКШнын Мамлекеттик департаменти да өз баяндамасында Шиңжаң аймагында 2017-жылдын апрелинен тартып мусулмандар лагерлерге мажбурлап кармала баштаганын белгилеген.

Бээжин Шиңжаңда мусулман азчылыгынын укугу бузулганы тууралуу кабарларды четке кагып, саясий лагерлерди «элди агартуучу, кесипке үйрөтүүчү борборлор» катары мүнөздөп келет. Кытай жетекчилери Шинжаңдагы коопсуздук чараларын экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш катары да сыпаттап жатат.

"Террорчулук жана экстремизмге каршы күрөш эл аралык коомчулуктун бирдиктүү милдети. Биздин чечкиндүү кадамдарыбыз болбосо, Шинжаңдагы кандуу чабуулдар күчөп, Кытайдын башка аймактарына, керек болсо Борбор Азияга, Жакынкы Чыгышка жана дүйнөнүн башка аймактарына да жайылып кетмек”, - деп билдирген март айында Женевадагы жыйында Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ли Ючен.

Кытайда кармалган жакындарын күткөн казак кайрылмандары, Алматы, 7-декабрь 2018-жыл.

Соңку бир канча айдан бери Бээжин эл аралык коомчулуктун сынын басаңдатуу максатында айрым өлкөлөрдүн дипломаттарын жана журналисттерин Шинжаңга алып барып, “саясий лагерлердегилердин” маселеси жок экенин далилдөөгө аракет кылып жатат. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар саясатчылар менен укук коргоочулар мындай турларга тандалган адамдар барып жатканын билдирип келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.