Аалы акынга кытайлык кыргыздардын саламы

Төкмө акын Аалы Туткучев

Кыргызстандык бардык сахна жылдыздары кытайлык кыргыздар үчүн абдан тааныш. Анын ичинде төкмө акындарга болгон урмат да бийик. Буга мисал катары жакында эле кытайлык кыргыздардын "көк жал" интернет сайтында жарык көргөн Абдыманап Бектурсун уулунун кыргыздын таланттуу төкмө акыны Аалыга жазган саламын айтсак болот.

- Мен Аалы акындын өзүнө кезиккен эмесмин. Бирок анын айтыш сахнасындагы тасмаларын көргөн сайын талантына өзгөчө таазим кылып келем. Ага деген урматымды, кытайлык кыргыздардын саламын жеткизгим келе берчү. Анан жакында отуруп алып ушул ырымды жаздым.

Төкмөлүк өнөрү кытайлык казактарда кыйла өнүккөн. Бул боюнча атайын окуу куралдары даярдалып, окуу борборлору курулган. Ар жылы акындар айтышы өткөрүлүп, ондогон акындар таймашка түшөт. Мыкты акындардын жеке консерттери өтүп турат. Мындай ийгиликтерге жетиш үчүн кыргыз интеллегенттери да айрым аракеттерди жасап, кыргыздын төкмө акындарынын башын кошкон чогулуштарды уюштурууга аракет жасап келет. Бирок көптөгөн шарттар кемчил.

Абдыманап Бектурсун уулу


Төкмөлүк өнөрүнө кызыккан жаштар үчүн азырынча кыргызстандык акындардын айтыш тасмаларынан бөлөк мектеп жок. Өкүнүчтүүсү Кыргызстанда өткөн акындар айтышынын кабарын көп укканыбыз болбосо, тасмалары бизге жете бербейт.

“Кыргызстанга барып төкмөлөрдү ээрчип, таалим алып, тажрыйба топтоп келсем” дегенде Абдыманап мырзанын эки көзү төрт. Анткен менен азырча шарты келишпей турганын айтып улутунат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Айсалкын Жунус кызынын аткаруусунда


Абдыманап мырзанын Аалыга жазган саламы интернетте жарык көрүп, көп өтпөй кытайлык жаш термечи Айсалкын Жунус кызы комуздун коштоосунда аткарып чыкты.


Бектур Илияс уулу

Үрүмчү шаары
13-декабры 2012-жыл

P.S Автордун жазуу стили сакталды