Кытайга анча эле шаан-шөөкөтсүз кирип келген жаңы жыл эми чындап көркүнө киргендей болду. Январдын 23нө ооган түнү аба жарган тарсылдактардын добушу жер солкулдатып, асманда чачыраган кызыл-тазыл жарыктар көпкө чейин көз жоосун алып турду.
Кытай жыл-наамасы боюнча Жаңы жыл эми башталат, ошондой эле бул жаздын башталышы деп эсептелинет. Ошондуктан бул мезгилди өтө чоң даярдык менен салтанаттуу тосуп алышат жана «Көктөм майрамы» деп аташат.
Акбар Мамбет уулу кытайлык кыргыздардын «Көкжал» сайытынын башкаруучусу:
- Көктөм майрамы мамлекетибиздин эң салтанаттуу, думандуу, жөрөлгөлүү майрамы. Бул майрамдын тарыхы абдан узун. Тарыхый булактарга негизделгенде, көктөм майрамы тээ-илгери ата-баба арбагына түлөө берүү салтынан улам калыпташкан. Көктөм майрамы Кытайдын жөрөлгөлүү дыйкандар жыл-наамасы боюнча 1-айдын 1-күнү өткөрүлүп, «Жаңы жыл», «Жаңы ай» деп аталган.
Көктөм майрамы «Жыл өткөрүү, жылдан өтүү» деп да аталат. Майрамга утур бакыт-таалайга, байлыкка байланыштуу сөздөр кызыл кагаздарга кооз кылып жазылып, эшиктин каалгаларына илинет жана көчөнүн бойлору кызыл буюмдар менен кооздолот.
"Кытай эл уламыштарында айтылышынча, илгери деңиз астында «Жыл» деген макулук жашайт экен. Ар жылдын соңку күнү ал деңизден чыгып, жан- жаныбарларды жеп, адамдарга кол салат экен. Жыл келери менен дарактын жалбырагы күбүлүп, чөп куурайт экен, жыл кетери менен жан- жаныбар жашоого умтулуп, гүлдөр кулпуруп ачылат экен. Бул жылдан кандай өтүү керек? Жыл кызылдан, өрттөн (нурдан), тарсылдак үндөн коркот экен. Ошондуктан эл жылдын эң соңку күнү эшигине кызыл кагазга жазылган тилек ырларын чаптап, тарсылдак атчу болуптур. Эртеси таң атары менен тууган-уруктар өз ара издешип, жылдан аман-эсен өткөнүн куттукташуу салтка айланган", - дейт Акбар Мамбет уулу.
Кытай элинин кылымдарды карытып келе жаткан улуттук майрамынын урматына быйыл да адаттагыдай эле өкүмөттүк кызматчылар үчүн бир жумалык эс алуу берилди.
Бектур Илияс
Үрүмчү
2012-ж. 23-Январ
P.S. Автордун жазуу стили сакталды.