Руху күчтүү Дэң Пуфаң

БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан кытайлык укук коргоочу Дэң Пуфаңга БУУнун сыйлыгын тапшырууда. Бээжин. 11.10.2004. WCFUN.

Кытайдагы “маданий ыңкылап” доору адам укуктарын тепселөө менен коштолгон. СССРдеги 1920-40-жылдардагы сталинчил жазалоолорду элестеткен Кытайдагы бул кайгылуу сыноолорго кытай атуулдарынын эрки күчтүүлөрү гана туруштук бере алышкан. Ошондой инсандардын бири – Дэң Пуфаң болду.

Ыңкылапчынын уулу

Дэң Пуфаң (Deng Pufang) 1944-жылы чын курандын (апрелдин) 16сында Кытайдын Шанси вилайетиндеги Цзинчжун шаардык аймагына караштуу Цзоцюан (Чжочуан шиан) үйөзүндө (анын мурдагы аталышы – Ляосян болгон) жарык дүйнөгө келген.

Бул мезгил – экинчи дүйнөлүк согуш маалы, бир эле учурда жапон баскынчыларына каршы айыгышкан согуштун жана кытайлык коммунисттер менен капиталисттик жолду тандагандардын келме кезек ийгиликтерге жетелеген тынымсыз тирешүүлөрүнүн кезеңи болчу.

Кытайдын жолбашчысы Дэң Сяопин.

Анын атасы – кийинчерээк Кытайдын коммунисттик доордогу даңазалуу реформатору атыккан Дэң Сяопин (кытайлык кыргыздардын окуу вариантында: Дың Шийаопың; 1904-1997) жана энеси – Чжо Лин айым (1916-2009) болчу.

Эркек балдардын улуусу, үй-бүлөдө экинчи чүрпө болгон "Болпогойдун" - Пуфаңдын эжеси, эки карындашы жана иниси бар.

Дэң Пуфаң ымыркай кезинде энесинен сүт аз чыгып, ошондуктан коммунисттерге ылым санаган дыйкандын аялы аны өз баласына кошуп эмизгени, ага “Жайык бет” же “Бети айдай” (“Паңчжи”) деген эркелеткен ат койгону айтылып жүрөт. Атасынын досу, кызыл командир Лю Бочең болсо мындагы “Паң” сөзүн “Пу” жана “Фаң” сөздөрүнө бөлүп, ар бир муунун “карапайым” жана “адилет” маанилерин билдирчү иероглифтер менен жазып, “Пуфыаң” деген жаңы ат коюп берген. Бул ысым Пуфаңдын коммунист ата-энесинин тилегине да ылайык болгон.

Албетте, бала чагында, өзгөчө 1952-жылы Бээжинге көчүп келгенден кийин, жаңы пайда боло баштаган партократиялык катмардын өкүлү болгондуктан, Дэң Пуфаң кытайлык эң мыкты мектептерден таалим алган.

Атасы Дэң Сяопин, балдар-кыздары эрке өсүп калбасын үчүн, ар дайым аларды кара жумушка тартып, короо-жайды жана тегерек-четти тазалатып, эмгекчил, чымыр өстүргөнгө далаалат кылган. Дэң Пуфаң сууда сүзүү, баскетбол сыяктуу спорт оюндарына үзбөй катышып келген. Айтор, анын бала чагы жана жаштык доорунун алгачкы учуру кытайлык коммунисттик доордун “каймактарынын” бала-чакасына таандык бардык берекелүү жагдайлар менен коштолгон.

Маданиятка каршы ыңкылап

Анан эле “маданий ыңкылап” деген балаа башталды да калды. Иш жүзүндө тажрыйбалуу, сабаттуу адистер жана кытай коомунун сыймыгы болгон миллиондогон айдыңдар тоталитардык жазалоочу машийненин чеңгелине түштү.

1966-жылдан Кытай Эл Республикасында кулач жайган “маданий ыңкылап” маалында Дэң Сяопин жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дагы жазыксыз жерден куугунтукка алынган. Дэң Сяопиндин буга чейинки ыңкылапчы жана ырааттуу коммунист катары кадыр-баркы да аларды коргоп кала алган эмес.

Хунвейбиндердин жазыксыз жерден жазалоосу

Дэң Пуфаң Бээжинде университетте бешинчи курста окуп жаткан кезинде чала сабат жана ырайымсыз хунвейбиндер (“кызыл сакчылар”) тарабынан кыйноого алынып, улам-улам коомчулук алдында мазактоого дуушарланган. Алар аны “капиталисттик жолдун тарапкери” деп жардык тагып айыпташкан.

1968-жылы жазында Дэң Пуфаң жана анын карындашы Дэң Нан хунвейбин студенттер тарабынан сотсуз эле камакка алынышып, университеттир итмараттарынын биринде кармалып турушкан. Дэң Нан бир аздан кийин бошотулган. Ал эми Дэң Пуфаң болсо төрт айдай хунвейбиндик абакта болгон.

Акыры дал ушундай кыйноолордун маалында, 1968-жылы жайында, Дэң Пуфаң имараттын үчүнчү кабатынан жерге секирген (башка маалыматка караганда, хунвейбиндер аны түртүп ийишкен). Кулап түшкөнүнүн айынан анын арка омурткасына доо кетип, Дэң Пуфаң өмүр бою шал болуп калган.

Айтмакчы, жерге кулап түшүп, чала жан жаткан студентке – эл душманынын баласына – оболу эч ким даап бара алган эмес. Акыры аны Бээжин университетинин кабылдамасына алып барышканда, ал күнү дарыгерлер аны киргиздирбей да коюшкан. Шашылыш жардам берүүнүн ордуна, андан жаа бою качышкан. Пуфаң бир нече күн университеттин ооруканасынын коридорунда кароосуз жаткан. Бир нече күн өткөн соң гана университеттин бир кайрымдуу кызматчысы “жогору жакка” (Мао менен Чжоу Энлайга) чейин кайрылып жатып, Пуфаңды Бээжиндеги ооруканалардын бирине, андан соң Бээжиндеги 301-аскердик ооруканага кабыл алдырган.

1971-жылы үчтүн айынын (январдын) 21инде Бээжин университетинин өкүлү катары өзүн тааныштырган кишилер Дэң Пуфаңды Бээжиндеги 301-ооруканадан алдоо жолу менен чыгарып, борбор шаардын чет жакасындагы Цинхэ шаарчасында жайгашкан коомдук башпаана жайына жеткирип салышат.

Бул, демек, саал тыңый баштаган мунжуну дагы бир жолу жазалоого тете эле. Сүргүндө жүргөн атасынын өтүнүчү менен гана майып болуп калган Пуфаңды Цзянсидеги ата-энесинин сүргүн жайына алып келишет.

Карындашы Маомао кийинчерээк мындайча эскерет:

“Жыгач керебетинде жаткан Пуфаң бир нерселерди окууга жана үналгы угууга гана жарачу. Мурда болсо, Бээжин университетинин физика-техника факультетинин студенти кезинде, ал сабагын жакшы окуп гана чектелбестен, колу да эптүү болчу, радио техника жана электр жабдуу аспаптарын мыкты тейлечү.

Жыйырма жетиге келген, ден соолугу чың, толукшуп турган, билимдүү, колу эптүү, бирок өмүр бою төшөктө жатууга мажбур жигитти карап туруп, акыры атам бир нерсени ойлоп тапты. Бир жолу ал взвод командири Тао мырзага кайрылып: «Ишканада электр жабдуулары менен байланыштуу жумуш барбы?» деп сурап калды.

...Бирок бул чакан ишканада электр механикасы менен байланыштуу эч бир жумуш жок болчу.

Анда атам кайра суроо узатты: «Ал эми радио техникасын же радио кабылдагычты оңдоо менен байланыштуу жумуш жокпу?» Командир Тао болсо өзүн кызыктырган суроону берди: «Урматтуу Дэң, сиз муну эмне үчүн сурап жатасыз?»

Атам ага өз уулу Пуфаң үйдө ишсиз жатканын, бирок электр механикасы менен радио техникасын дурус билерин белгилеп, эгерде ал эрмектей турган иш табылса, өтө жакшы болот эле, деп айтты.

Взвод командири Тао бардыгын түшүндү... бирок ишканада чынында эле ылайыктуу жумуш жок болчу.

Атам тынчып калбастан, Таого дагы бир ирет кайрылды:

«Ишканада мындай жумуш жок тура, эмне кылмакчыбыз, бирок, балким, сиздин үйүңүздө үналгы кабылдагыч аспап бардыр? Эгерде ал бузулчу болсо, анда Пуфаңга оңдоп бер деп алып келсеңиз. Күнү бою керебетте жөн жата бергенге караганда, дурус болбойт беле!»

Кадырлуу Дэң өз уулу жөнүндө кам көрүп жатканы Таонун жүрөгүн жибитти. Бирок ал мындайча жооп гана узатты:

«Ачыгын айтсам, үй-бүлөбүздүн кирешеси айына кырк – элүү юанды түзөт, менин төрт балам бар, туну жаңы гана мектепке бара баштады, колумда абышка-кемпир да бар. Турмуш оор эле! Бизде үналгы кабылдагычты сатып алуу үчүн кайдагы акчаны айта алам?!»

"Менин атам - Дэң Сяопин" аттуу китептин автору Маомаонун (Дэң Жун; 1950-жылы туулган) бул эскерүүлөрүнөн көрүнгөндөй, маданий ыңкылап маалында жумушчулардын жада калса радио берүүлөрдү кабылдагыч аспап сатып алууга да чама-чаркы жетишкен эмес экен.

Маалыматка таңкыстык

Ал эми атасынын үналгы кабылдагычын ары-бери бургулап, оңдоп жатып, Дэң Пуфаң ал аркылуу кыска толкун берүүлөрүн кармайт да, Кытай тууралуу чет элдик объективдүү маалыматтарды уга баштайт. Мао Цзедундун “оң колу” саналган Лин Бяо 1971-жылдын аяк оона (сентябр) айынын 13үндө үй-бүлөсү менен Кытайдан Советтер биримдигине качуу аракетин жасап, бирок ал түшкөн учак Монголиянын чөлдүү аймагында кыйроого учураган.

Пуфаң эртеси күнү эле чет элдик үналгыдан "кытайлык бир учак Монголияда кыйроого дуушарланды" деген кабарды кыска толкун аркылуу уккан. Кытайдын өзүндө бул кабар кыйлага чейин калктан жашыруун кармалган.

Маалымат алуу эркиндигинин жоктугу “маданий ыңкылап” маалында жалпы коомчулуктун мүшкүлү болгонун Пуфаң жон териси менен сезип билген.

Укук коргоочу

Кийинчерээк, Кытайда “маданий ыңкылаптын” кара булуту биротоло суюлуп, өлкө Дэң Сяопиндин теориясына ылайык “кытайлык өзгөчөлүгү бар социализмди” куруп кирген чакта, демократиялык реформалардын желаргысы коомдун бардык тармактарында сезиле баштады.

Дэң Пуфаң бул жаңы доордо майыптардын укугун коргоо менен байланыштуу коомдук ишмердигин баштады. Ал Бүткүл кытайлык майыптар федерациясынын төрагасы катары да кыйла иш-чараларды уюштурду.

Ал “маданий ыңкылап” доорундагы муунду “жоготууга дуушарланган муун” катары кароого эч болбостугун, тескерисинче, бул оор сыноодон алар ого бетер курч, бекем, реформалар жаатында демилгелүү болуп чыгышканын эскергени бар.

1984-жылы Дэң Пуфаң “Кытайдын майыптар үчүн бакыбаттык кору” деген кайрымдуулук корун негиздеген. Ал эми 1988-жылы болсо Кытайдын майыптар федерациясын негиздеп, анын төрагасы болуп калган.

1990-жылы анын демилгеси менен “Акылынан жабырлангандарды айыктыруу жана изилдөө боюнча кытайлык жамаат” деген уюм негизделген. 1991-жылы Кытайда атайын мыйзам кабыл алынып, ага ылайык акылынан жабырлангандар майып катары расмий таанылган.

Эл аралык кадыр-барк жана сыйлыктары

Кытайдагы мунжулардын таламын талашкан ар тараптуу укук коргоо ишмердиги үчүн Дэң Пуфаңды 2003-жылы бештин айында (декабрда) Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары сыйлыгы менен сыйлашкан.

2004-жылдын тогуздун айынана (октябрынын) 11инде БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан Бээжин шаарында кытайлык укук коргоочу Дэң Пуфаңга (башка беш кытайлык атуул менен бирге) Бириккен Улуттар менен Кытайдын өнөктөштүгүнүн 25 жылдыгына карата БУУнун атайын сыйлыгын тапшырган.

Эл аралык паралимпиялык комитет 2005-жылы жетинин айында (ноябрда) Бээжин шаарында өткөн жыйынында Дэң Пуфаңды Паралимпиялык орден менен сыйлаган.

Дэң Пуфаң, аны айрым басылмаларда КЭРдеги “канзаадалар тобунда” болуп, коомдук артыкчылыктарга атасынын аркасы менен жетишип келет, деп сынга алып жатышкандыктарына карабастан, өзүнүн бүткүл аң-сезимдүү өмүрүн майыптардын укугун коргоого арнаган ырааттуу күрөшчү катары сый-урматка татып келет.