Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматта Галымбек Шагыман Казакстандан Ташкент эл аралык аэропортуна келип, бирок транзиттик аймакта кармалып, 9-февралда Баңкокко учуп кеткени айтылат. Азыр анын так кайсы жерде экени белгисиз.
Кытайлык казак Галымбек Шагыман өткөн аптада Ташкент аэропортунан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге интернет аркылуу видео кайрылуу жолдоп, өзүн экстрадициялоо тууралуу Кытайдын өтүнүчүн четке кагууну суранган. Кытайда ал өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан.
- Баарыбыз түрк элдерибиз го. Мага жардам бериңизчи. Мени Кытайдын колуна кармата көрбөңүз. Сиз демократияны колдоого убада берген адамсыз. Өз сөзүңүзгө турасыз деп ишенем.
Шинжаңдын 41 жаштагы тургуну Галымбек Шагыман АКШ, Германия, Британия жана Канаданын бийлигине да кайрылып, аны экстрадициялоого жол бербөөгө чакырган. Ал Кытайда буга чейин кысымга кабылганын эске салды. Мындан тышкары, Кытайдын Өзбекстандагы элчилигинин кызматкерлери аны аэропорттун аймагынан алып чыгууга аракеттенгенин, бирок ал имараттан чыгуудан баш тартканын да белгилеген.
Аэропортто камалып калган Шагымандын кайрылуусун казакстандык активисттер тараткандан кийин маселеге чет элдик басылмалар менен укук коргоочулардын көңүлү бурулду.
АКШнын Кытайдагы элчилиги 11-февралда Шагымандын тагдырына кооптонуп, анын эл аралык коомчулукка кайрылуусуна көз салып жатканын билдирди. Элчиликтин басма сөз катчысы "Ассошиэйтед Пресс" агенттигине Галымбек Шагымандын ишине байланыштуу БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы менен тыгыз байланышта иштеп жатканын маалымдаган.
"Human Rights Watch" укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти Стив Свердлоу Галымбек Шагыманды Кытайга өткөрүп берүү - аны "тунгуюкка түртүүгө" барабар деген пикирин билдирген:
- Эл аралык укуктун эрежелерине ылайык, Өзбекстандын милдеттери да бар. Эгерде ал аэропорттун транзиттик аймагында болсо, аны өлүм жазасы же кыйноо күтүп жаткан өлкөгө өткөрүп бербеш керек.
Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги 9-февралда Шагыман Баңкокко учуп кеткенин жарыялады. Өзбек бийлиги Шагыман буга чейин Таиланддан Ташкент аркылуу Алматыга учканын билдирип, бирок толук маалымат берген жок. Казакстандык басылмалар Шагыман Казакстанга белгисиз себеп менен кире албай, кайра Ташкентке кайтууга мажбур болгонун жазып чыгышты.
Шагымандын кайда экени азырынча белгисиз. Журналисттер БУУнун Качкындар комиссарлыгынын Таиланддагы өкүлчүлүгү менен байланышканда, алар иштин купуялуулугуна шилтеп, маалымат берүүдөн баш тартышты.
Кытайдагы "тарбиялоочу лагерлер" чуусу
Эл аралык укук коргоо уюмдары, батыш өлкөлөрү жана БУУ Кытайдын Шинжаң уйгур-автоном районунда ислам динин туткан улуттук азчылык өкүлдөрү куугунтукталып, камалып жатканын билдирип келишет.
Былтыр августта Бириккен улуттар уюму Шинжаңдагы "саясий тарбиялоочу лагерлерде" мусулман динин туткан миллионго жакын киши кармалып турганын жарыялаган. Кытай бул жайлар "түрмө" деген маалыматтарды четке кагып, аларды "билим берүү, агартуу" борборлору катары мүнөздөгөн. Мындай борборлор аркылуу "улуттук азчылыктарды интеграциялап, экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүп жатабыз" деген жооп кайтарган.
Кытайда уйгурлар менен кошо кыргыз-казактардын да укугу бузулуп жатканы, алар саясий лагерлерде негизсиз кармалып турганы тууралуу кабарлардын тарай баштаганына эки жылдын жүзү болду. Былтыр жыл соңунда Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү өтүнүшкөн. Алар акыйкатчы институтуна да кайрылышкан.
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов "Азаттыкка" "тарбиялоочу лагерлерде" кармалган кыргызстандыктар тууралуу кабар такталбаганын айтты:
- Тиги тарап текшерип, баштапкы маалыматты берди. Ал жерде көрсөтүлгөн бир топ фактылар далилденген жок. Чындыкка жатпай калды. Өзүңөр билесиңер, жаңы жылдын алдында - 28-декабрда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги он эки мамлекеттин дипломаттарын алып, биздин кыргыздар айткан жайларды кыдырып, көрсөткөндө такталбай калбадыбы. Ошого карабай биз дагы бир текшерип, карап берүүнү өтүндүк. Азыр Кытай тарап менен бирге иш жүрүп жатат. Ушул айдын аягында толук жооп алабыз деп ойлойм.
Бишкекте негизделген “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитетинин маалыматына караганда, Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта. Былтыр 28-30-декабрда 12 өлкөнүн дипломаттары (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Шинжаңдын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан аймактарындагы тарбиялоочу лагерлерди көрүп чыгышкан.
Расмий Бишкек Шинжаңга Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин өкүлү да барганын ырастаган, бирок жабык жайларда канча кыргызга жолукканы, алардын абалы тууралуу маалымат берген эмес.