"Согуш бүтсө дегенде эки көзүбүз төрт". Украин окуучуларынын кыялы

Украина, Чернигов шаары. № 21 мектептин окуучулары. 

"Мектебимди, мугалимдерди, досторумду сагындым", - дейт  16 жаштагы Кристина Игнатова. Ал быйыл 3-марттагы бомбалоодон кийин талкаланган классында турат. 

"Мектебимди көргөн сайын зээним кейийт. Мектепти талкалаганына кыжырым келет", - дейт 11 жаштагы Иван Губенко.  

"Мектепти бомбалап жатышканда аябай жаман болдум. Биз мектепке жакын жашайбыз. Биздин үйдүн да терезелери талкаланды, ал убакта апам аз жерден өлүп кала жаздады. Асма чырак да менин үстүмө кулайын деп аз жерден калгам", -деп эскерди 10 жашар Карина. Ал досторуна жолугуу үчүн күн сайын талкаланган мектепке келет экен. 

"Бул менин мектебим экенине ишене албай турам", - деди 12 жаштагы Анна Скибан. 

13 жаштагы Александр Моргунов бомбаланган мектептин классында отурат. Согуш бүтсө дегенде анын эки көзү төрт.  

Ал эми бул окуучунун аты-жөнү Анастасия Авраменко. Ал ушул мектептен толук билим алууну кыялданат.  

14 жаштагы беш көкүл София Жыр бомбалоодон кийин мектепке келүүдөн коркуп жүргөн.  "Көп убакыт алыстан эле карап жүрдүм", - Софиянын классташы аткылоо учурунда каза болуп калган.  

12 жашар София Клишня талкаланган классында турат. Орусиянын кол салуусуна чейин ал отурган парта дал ушул жерде турган.  

"Мектепке келген сайын урандыда калып каза болгон адам эсиме түшөт. Ага аябай боорум ооруйт",- деди 12 жаштагы Михаил Кравченко. Ал карап турган чуңкур бир кезде компьютердик класс эле.

Азыр №21 мектепти кайра куруу планы жок, ага бюджет деле тартыш.

Мектептеги китептер. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, согуш башталгандан бери кеминде 379 баланын өмүрү кыйылды. 

 223 баланын дайыны дале белгисиз.