АКШ менен Канаданын аба мейкиндиктерин орток көзөмөлдөп турган Түндүк Америка Аба Мейкиндигин Коргоо Башкармалыгынын жетекчилиги 24-декабрда тестиер балдар үчүн атайын билдирүү жарыялады. Бул билдирүүдө аскердик мекеме “Санта Клаус” аттуу ак сакалы жайкалган, тим эле тегерек болгон чоң курсактуу жашы улуу кишинин аба мейкиндигиндеги сапарын кылдат байкоого алып жаткандыгы айтылат.
Алиги мекеменин жетекчиси, АКШнын Аскер Аба күчтөрүнүн генералы Глен Дэвид Ванхерк Санта Клаустун сапары быйыл болбой калат го деп кабатырланууга эч себеп жок деп тестиерлерге кайрылуусунда билдирди.
Дагы караңыз "Санта Клаус жана анын достору" фестивалыТүндүктөн белек-бечкекти артынып, бугуларга чегилген арабасы менен аба мейкиндигин зуулдаган бойдон жиреп келе турган Санта Клаус, демек, быйыл да өзүн бүт дүйнөдө чыдамсыздык менен күтүп жаткан жеткинчектерге өз маалында жетип келмекчи.
Бул билдирүүнүн да тамашалуу тарыхы бар. Мындан 65 жыл илгери, 1955-жылы бир кичинекей бала телефон номурун туура эмес терип алып, жогорудагы Аба мейкиндигине көз салчу мекемеге чалат да, Санта Клаус менен байланыштырып коюуларын өтүнөт. Ошондон тартып Санта Клаустун аба мейкиндиги аркылуу “учуусун” байкоого алып, жеткинчектерге кызыктуу баяндама кылган ыктыярчылар иштеп келишет.
2020-жыл аяктап жаткан чакта, коронавирус дүйнө жүзүн алкымдаган кырдаалда тестиерлер сабырсыздык менен сураган көйгөй ушул болду: деги быйыл Санта Клаус өз маалында белек-бечкек алып келүүгө жетише алар бекен?
“Албетте. Санта Клаус буга чейин деле далай алааматтуу ооруларды баштан кечирген. Быйыл да ал кантип өзүн аман-эсен сактап калышы керектигин жакшы билет деп мен 100 пайыз ишенем”, – деп 58 жаштагы генерал Глен Дэвид Ванхерк тестиерлерди ишендирди.
Айтмакчы, Кыргызстанда совет доорунан бери балдардын Жаңы жылдагы башкы каармандары – Аяз Ата менен Аяз Кыз өз ролдорун ийкемдүү аткарып келет.
К.Бакиевдин президенттиги маалында “Санта Клаустун мекени – Кыргызстандын бийик тоолору” деген туристтик өнөктүк уюштурулган, бирок ал өнөктүктүн өмүрү көпкө узаган эмес.
Дагы караңыз 14:04 Келерки жылы “Кыргызстан – Санта Клаустун өлкөсү” аттуу фестивалдар өткөнү жататКыргызстанды Санта Клаустун мекени катары атоо идеясына шведдик SWECO компаниясынын балдардын көңүлүн кытыгылаган 2007-жылы жарыялаган "изилдөөсү" түрткү болгон.
Анда Санта Клаус өз саякатын Кыргызстандын бийик тоолорунан баштаса гана, дүйнөдөгү бардык балдарды куттуктап жетише алаары айтылган.
Ушундан улам 2007-2008-жылдары Кыргызстанда Санта Клаустардын эл аралык фестивалдары да өткөн. Кийинчерээк бул маданий чаралар кан буулгандай токтогон.
Балким, Кыргызстандагы эрезеге жеткен кишилер Санта Клаус түгүл, Аяз Атага да ишенбегендигинен улам ушундай болдубу, айтор, Ала-Тоодогу бул жаңы жомоктун кыска өкүм сүрүшүнүн сырын чоң кишилер (ата-апалар, чоң ата-чоң энелер) кийинчерээк кичинекей балдарга түшүндүрүп отурушкан жок.