Кулагы каңырыш балдар кыргызча окубайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кулак оорусунан жабыркаган балдар көбөйүп баратат. Буга бузулган экология, ата-эненин саламаттыгынын начарлыгы жана баланы ымыркай кезде толук текшерилбей жатканы себепкер болууда.

Кохлярдык имплант же жасалма угуу түзмөгүнө муктаж адамдар, аны салдырып келгенден кийинки реабилитация да толук жөнгө салынбай келет.

Үч жаштагы Али төрөлгөндөн тарта эле кулагы укпайт. Догдурлар ага 2018-жылы кохлярдык имплант же жасалма угуу түзмөгүн тагышкан. Учурда реабилитациядан өтүп жатат. Баланын апасы Гүлмира чүрпөсүн дарылатуу үчүн Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынан келген.

- 2018-жылы апрелде операция болгон, - деди ал. - Май айында сүйлөө процессоруна туташтырды. Балама үч жашында кохлярдык имплант тагылды. Эми май айында төрткө чыгат. Азыр акыбалы жакшы. Педагогдор, дефектологдор менен иштешип жатабыз. Логопеддин сабактарына да барабыз. Үйдөн алар берген тапшырмаларды калтырбай аткарып, уулум тезирээк сүйлөп кетсе деп болгон аракетимди жумшап жатам, - деди Гүлмира.

Аймактарда адистер жок

Кыргызстанда логопед, сурдолог, дефектологдор жана жасалма угуу түзмөгүн улам жөндөп турган техник адистер жетишсиз. Ошол себептүү, аймактардагы адистердин көбү Бишкекке келүүгө аргасыз.

Бишкектеги «Мединкус» угуу жана өнүгүү борборунун жетекчиси дарыгер Бакыт Керималиева бул маселени чечүүгө мамлекет өзгөчө көнүл бурушу керек деген ойдо:

Бакыт Керималиева.

- Кийинки убакта Көлдөн, Таластан, Оштон ал тургай Чүй боорундагы айылдардан бизге абдан көп сандагы балдар келип жатат. Кокус балага «кулагы таптакыр укпайт» деген диагноз коюлса, атайын угуучу түзмөк кийгизип же имплант тагыш керек болот. Андан кийин мындай балдар менен логопеддер иштеши керек. Байкуш эне-аталар ушул мүшкүлдөн аябай кыйналып жатат. Айласы кеткенде шаарга келип, батирге чыгып, баласы менен иштеген логопеддерге барат. Анысы аз келгенсип мындай адистердин кызматы да аябай кымбат. Ата-энелер аябай эле кыйналып жатат.

Кулагы укпаган балдарды коомго аралаштыруу кыйын

Тубаса кулагы укпай төрөлгөн 1,5 жаштан 18ге чейинки кыргызстандык жүздөй балага кохлярдык имплант салынган. Кыргызстандыктар кохлярдык имплант салдыруу үчүн кеминде 25 миң доллардык каражатты өзүлөрү табышы керек.

Бишкектеги кохлярдык имплант салынган балдардын ата-энелер биримдигинин жетекчиси Надира Мамырова мындай өзгөчө балдарды багуу, аларды коомго аралаштыруу кыйын болуп жатканын билдирди.

- Кохлярдык имплант салынган балдарды бала бакчага берүү азыр абдан кыйын, - дейт ал. - Балдарыбыз угуп, сүйлөп турса да көп бала бакчалар «бул баланын башындагы түзмөккө жооп бербейбиз» деп, аларды кабыл алышпайт. Атайын угуу мүмкүнчүлүгү чектелген, жакшы тили чыкпаган балдар үчүн бирин-экин бакчалар бар. Андай жайларга алып барсак да «орун жок» дешет же адистери биздикиндей имплант салынган балдар менен иштеп көрбөгөнүн айтып кайра чыгарып коюшат. Мындан сырткары операция болгон балдардын сүйлөө процессору деп аталган түзмөгү беш жылда бир алмашып турушу керек. Коңшулаш Өзбекстан менен Казакстанда кулагы жакшы укпаган балдарды колдоо боюнча атайын мамлекеттик программалар болгондуктан, аларга хирургиялык операциялар бекер жасалат, мамлекет каржылайт. Бизде андай камкордук жок. Анын үстүнө түзмөктүн баасы өтө кымбат болгондуктан ар бир ата-энени «Кийин кантип алмаштырам?» деген суроо ойлонтпой койбойт.

Буга кошумча азыркы тапта баладагы угуу жөндөмүн аныктаган диагностикалык борборлор аз. Ымыркай төрөлөрү менен анын саламаттыгын текшерип, тубаса майыптыгын аныктоочу скрининг-тесттер баш калаадагы бирин-экин эле төрөтканада бар.

Дарыгер Бакыт Керималиева тубаса кулагы укпаган баланын диагнозу кечеңдеген сайын анын сүйлөө речин оңдоо мүмкүнчүлүгү ошончо азая берерин эске салып, баланын кулагы начар угушунун башкы симптомдорун белгиледи:

- Кээ бир ата-энелер баланын укпай жатканын билбей, төрт-беш жашка чейин эле жүрө берет. Мындай учурда аны реабилитациялоо өтө кыйын болуп калат. Ар бир бала кандайдыр бир үн чыкса башын буруп, реакция кылышы керек, алты айында үн чыгарып, үндөр аркылуу сүйлөшүп калат. Бир жаштан кийин сөздөрдү түшүнүп, жөнөкөй сүйлөмдөрдү курушу керек. Эки жашта бала толук сүйлөп калбаса, маселе бар деп эсептелет. Баланын мына ушул өнүгүү жолунда мандем болсо дароо адиске кайрылышы керек.

Кыргызча окутуу мүмкүн эмес

Дагы бир орчундуу көйгөй - кыргыз тилдүү логопед, психологдордун таңкыстыгы. Ошондой эле кулагы укпаган жана өзгөчө балдарды реабилитациялоодо кыргыз тилиндеги окуу куралдары таптакыр жок. Дал ушул кыйынчылыктан улам миңдеген балдар татыктуу билим албай калууда.

Логопед-сурдолог Гүзел Ербулатова айрым ата-энелер орус тилинен кыйналып, баласын таптакыр эч жакка чыгара албай калганына кейиди:

Гүзел Ербулатова.

- Бардыгы окуу куралдарына барып такалууда. Кыргыз тилине которулган материалдар жок. Котороюн деп аракет кылып көрсөм, тыбыштык түзүлүштөр, баары башкача экен. Анын үстүнө жалгыз колумдан келчүдөй эмес. Иштин оордугунан улам эч ким которгусу келбейт. Андыктан кыргыз тилдүүлөр абдан эле кыйналып жатат. Аларга баланын орусча тилин чыгаралы деп сунуш кылабыз. Бирок айрымдары мындай кыйынчылыкка чыдабай, баласын окутпай, реабилитациясын толук аткарбай кетип калган учурлар болот.

Кыргызстанда кулагы начар уккан же тубаса дүлөйлөр үчүн бала бакчалар жана мектептер абдан аз. Ал эми мындай ооруга чалдыккандар жыл сайын көбөйүп баратат.

Дүйнөдө 466 миллион кишинин кулагы начар угат, алардын 34 миллиону жаш балдар. 2050-жылга чейин дүлөй болуп калгандар 900 миллионго жетери божомолдонууда.

Кулактын каңырыштыгына генетика, төрөт маалында алган жараат, ар түрдүү жугуштуу оорулар, өнөкөт кулак инфекциясы, айрым дарылар, катуу жарылуу жана картаюу себеп болууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балдардын кулагынын начарлашынын 60 пайызын алдын алып, убагында жардам берип, майыптыктан сактап калса болорун эскертти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.