Чет өлкөдөн диний билим алгандар ич ара жиктелүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Биз жана дин” түрмөгүндө диний билим алгандардын ич ара атаандашуусу менен байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулап, анын себептерин талдаганга аракет кылабыз. Бул маселени дин таануу жаатындагы адистер Канатбек Мурзахалилов менен Азиз Ташполотов талкуулашат.
Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери жарандардын чет өлкөдөн диний билим алуусуна эркиндик берилген.
Алар кайтып келишип, жик-жикке бөлүнүп, коомду бөлүп-жарып жатканы ачыкка чыгууда. Бирок, эч бир мамлекеттик органда четтен диний багытта окугандар тууралуу же окуп жаткандар жөнүндө расмий маалымат жок.
Ал арада сырттан билим алгандар арасында өз ара жамаат-жамаатка бөлүнүү, өз ара тымызын тирешүү бар экени айтылып жүрөт.