"Укук өзүнөн өзү корголбойт". "Чет элдик өкүл" мыйзамынын аялдарга тийчү кесепети
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Жакында эле “Чет элдик өкүл” мыйзамынын долбоору биринчи окууда Жогорку Кеңештин тармактык эки комитетинде колдоо таап, 17-октябрда парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынды.Мындан улам бир катар укук коргоо жана бейөкмөт уюмдары “Чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча билдирүү таратып, анын кесепети Кыргызстандын ар бир жаранына тиерин эскертүүдө. “Эже-сиңдилер” берүүсү жогорудагы мыйзамдын кабыл алынышы өзгөчө аялдар жана балдар укуктарын коргоого кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? деген суроонун алкагында талкуу уюштурду.