Чектелбеген мүмкүнчүлүктөр: Ар бир аял ажарлуу

Сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Сыргайым Абдымитал Кызы.

Сыргайым 22 жашта. 

Сынактын катышуучулары бийлеп жаткан учур. 

Гүлнур Турапованын кесиби мугалим. Беш жыл мурда автокырсыкка кабылып, майып болуп калган. Атайын Нарындан келген Гүлнур сынакта "Ажарлуу айым" деп табылды.

Сулуулук сынагынын максаты - майыптыгы бар адамдарга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу болуп саналат.

Иш-чарага коомдук ишмерлер, ишкер айымдар, ыктыярчылар катышты.

Сыргайым кол өнөрчүлүк менен алектенет. Кыз-келиндер үчүн диадема, сумка, шуру, шакек, сөйкөлөрдү жасайт. Анын өзүнүн дүкөнү бар.

Сынактын катышуучулары эл алдында өзүн тааныштырып, өнөрүн көрсөтүштү.

Жибек Сагынбекова дефиледе.

Сынактын катышуучулары Роза Бегалиева (солдон оңго), Венера Исабаева, Сейил Сатыкулова жана Гүлнур Турапова.

Саида Асанкулова өзүн тааныштырып жатат. 

Сынакка конкурсанттарды колдоо үчүн жакындары келишкен. Жибек Сагынбекованы жолдошу дефилеге даярдап жаткан учур. 

Сынактын уюштуруучу Гулзана Жаркынбаева биринчи топтогу майып. Ал соцтармактар аркылуу майыптыгы бар адамдарга дем берип, алар үчүн түрдүү иш-чараларды уюштуруп турат.

Сулуулук сынагына өлкө аймагынан 11 айым катышты.

Сахна сыртында.

Гүлзана Жаркынбаева аталган сулуулук сынагын жыл сайын өткөрүүнү пландап жатат.