Чек арада кармалган мунай: Күйүүчү май жетиштүүбү?

Мунай ташыган вагондор (иллюстрациялык сүрөт).

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы 1-сентябрдан бери жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканын жарыялаган.

Ал тапта кыргыз делегациясы Казакстанга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, жүк өткөрүүдө маселе болбой турганын кабарлоодо. Кыргызстан керектеген күйүүчү майдын дээрлик 90% Орусиядан келет. Эгер күйүүчү майды ташууда кыйынчылыктар пайда болсо, ал өз кезегинде базардагы таңсыктыкка жана баалардын өсүшүнө түрткү бериши мүмкүн.

3-октябрда Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясы өлкөнүн күйүүчү май рыногунда олуттуу тобокелдик жаралганы тууралуу билдирүү жарыялады.

Бирикменин аткаруучу директору Канат Эшатов импорт токтоп калгандыктан, компаниялардын мунай корлорлу өтө азайып баратканын, кырдаал ушул бойдон кала берсе, жакынкы 20 күндө күйүүчү май тартыштыгы курчуй турганын билдирди:

“Өткөрөбүз, жасайбыз, мейли, биз даярданалы, бергиле” деп жатат. Бергенден кийин “мындай-тигиндей болуп калды” деп айтышууда. Алар “Орусиядан Казакстанга, Кытайга, биз жакка ташылган жүктөр өтө көп болгондуктан, азыр өтмөктөрдүн баарында миңдеген вагондор топтолуп калды, ошондуктан аны өткөргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болууда” деп жазып атат. Компаниялар “бүгүнкү күндө биздин корлорубуз азайып баратат, эгерде мурда эки айга жеткидей камдап турсак, азыр 20-25 күндүк корлорубуз калып атат, ошондуктан чечкиндүүрөөк кыймыл-аракет кылбасак болбойт” деп айтып атышат”.

Дагы караңыз Күйүүчү майды Казакстан аркылуу ташууда маселе жаралганы кабарланды

"Көйгөй сүйлөшүү жолу менен чечилди"

Ошол эле күнү кечинде Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик компаниясынын башкы директору Азамат Сакиев баштаган кыргыз делегациясы Казакстанга барып, сүйлөшүү жүргүзгөнү кабарланды. Муну министрликтин маалымат кызматы ырастады.

Сүйлөшүүлөрдөн соң “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Казакстан аркылуу мунай транзити токтоду жана кыргыз рыногунда күйүүчү майдын тартыштыгы пайда болот деген маалыматты четке каккан билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак темир жолчулары Казакстандын аймагы аркылуу биринчи кезекте социалдык маанидеги жүктөрдү толук көлөмдө транзит менен өткөрүү боюнча биргелешкен ташуулардын пландарын макулдашты.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев кечээ Кыргызстандан делегация барып, казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн, натыйжада октябрь айы үчүн мунай өткөрүү маселеси макулдашылганын билдирди:

“Бул маселе премьерлердин деңгээлинде сүйлөшүлүп, чечилди. Бүгүнкү күндө кабатырланууга эч кандай негиз жок. Күйүүчү май тартыштыгы болбойт. Анткени негизги жана кошумча билдирмелер (заявкалар) баары макулдашылды. Кечээ ал жакка “Кыргыз темир жолунун” өкүлдөрү да барып, сүйлөшүү өткөрүп, макулдашты. Андыктан эч кандай көйгөй болбойт. Ал жерде сентябрдан калган 24 миң тонна болгон. Аны макулдаштык, жүк азыр жолдо келатат. Октябрь айына жалпысынан 144 миң тонна күйүүчү май өткөрүү макулдашылды”.

Дагы караңыз "Кыргыз темир жолу": Казакстан аркылуу кара май ташуу токтогон жок

Ишкана таркаткан маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө 2023-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жүк ташуунун көлөмү көбөйгөнү белгиленген. Эки өлкө ортосунда темир жол транспорту менен жүк ташуунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10% өскөн.

Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга транзит 11%, Казакстандан Кыргызстанга экспорт 16% көбөйгөн.

Жогорку Кеңеште да орус мунайы менен буудайын Бишкекке карай транзиттик өткөрүүдө Казакстандын макулдашууларды бир тараптуу бузуп жатканы айтылды.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров казак тарап чек арадагы тоскоолдуктарды көп учурда санкциянын тартиптерине шылтап жатканын билдирди:

"Турмуш деген ушундай болот экен. Айрым мүчүлүштүктөр чыкканда мен эки күндө бир жолу Казакстандын премьери менен сүйлөшүп атам. 12-октябрда Казакстандын президенти келет. Садыр Нургожоевич Касым-Жомарт Кемелович менен дагы “эмне үчүн макулдашуулар айрым учурларда бузулуп кетип атат” деп сүйлөшөт. Санкцияга шылтап атышат. Санкциядагы товарлар боюнча биз ишкерлерибизди жакшы көндүрө албай жатабыз. Электрондук эсеп фактураларга, навигациялык пломбаларга, бир типтүү товарды салганга жакшы эле аракет кылып үйрөтүп атабыз. Буюрса, эгерде бир жылдын ичинде биздин ишкерлер түшүнүшсө, баары оңолот. Дээрлик көпчүлүгү түшүнө баштады. Таза, ак иштешсе, Казакстан токтотпойт. Азыр илгеркиче эле айрым учурларда акчасын алып коюп, "биз Москвага жеткизебиз” деп кетип калгандар бир топ кыйналып калууда".

Быйыл күйүүчү май аз импорттолду

Бул арада Кыргызстандын мунай бекеттеринде күйүүчү май улам кымбаттап барат. Эң өтүмдүү делген АИ-92 маркасындагы күйүүчү майдын чекене баасы жаз айларында өкмөттүн кийлигишүүсү менен 52 сомго чейин түшүрүлгөн эле. Бирок 3-4 ай 52-53 сомдон сатылган соң, июнь айынан бери баа чоң секириктер менен кайра жогорулап келет. Октябрь айынын башына карата АИ-92 бензининин баасы 64 сомдон ашты. Ал эми АИ-95 маркасы менен дизел отунунун мунай бекеттердеги чекене баасы азыркы учурда 70 сомдун айланасында турат.

Соңку эки жылда Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде күйүүчү майдын индикативдик планы 1 млн 200 миң тоннаны түзгөн. Ага ылайык ушунча көлөмдөгү күйүүчү май бажы төлөмүсүз ташып келинет. Ал эми 2023-жылы индикативдик план боюнча 945 миң тонна гана күйүүчү майга келишим түзүлгөн.

Статистикалык маалыматтар 2023-жылдын январь-июль айларында күйүүчү май импорту былтыркы ушул мезгилге караганда 30% жакын азайганын көрсөтөт. Кыргызстандын күйүүчү майга болгон жылдык керектөө болжол менен 1 млн 300 миң тонна деп эсептелет. Анын дээрлик баары сырттан импорттолот. Импорттук мунайдын 88% Орусиядан, 8-10% Казакстандан келет.

Импорттун азайышына Орусиядан сатып алынган мунайдын кескин азайып кетиши негиз болгон. Орус импорту былтыркы январь-июль айларындагы көлөмдөн 30-36% кыскарган.