Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чек ара кызматынын бир катар жогорку кызмат адамдары жемкорлукка шектелип кармалганын маалымдады. Кармалгандардын арасында Чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары, Ош облусу боюнча башчысы жана "Достук" өткөрмө бекетинин башчысы бар.
Атайын кызмат шектүүлөр чек арадан өткөн кишилерди, негизинен өзбек жарандарын опузалап такай акча алып турганын билдирүүдө. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдардын тобу тарабынан пара алуу” беренеси боюнча иш козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Кылмышка шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Достук" өткөрмө пунктунун жооптуу кызматкерлери Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин колдоосу менен жарандардан, негизинен Өзбекстандын жарандары жана оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан опузалап акча каражаттарын жыйнашканы аныкталды", - деди атайын кызматтын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов.
Ош шаарынын жанындагы "Достук" өткөрмө бекети — Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган эң чоң бекеттердин бири. Андан күнүнө жүздөгөн киши өтөт.
Быйыл июль айында Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.
"Аскерлериңиз постто ар бир адамдан 50 000 сумдан алып (болжол менен 300-350 сом), анан чек арадан өткөрүп атышат. Эгер 50 000 сумду бербесе өткөрбөй тура беришет. Коронавируска тапшырган тесттин справкасы жасалма деген өңдүү ар кандай шылтоо менен артка кайтарышат", - деп кайрылган блогер Исраилдин.
Чек ара кызматы болсо, муну куру доомат атап, сын-пикирлерди четке кагып келген.
"Коронавирусту шылтоолоп акча жасашат"
Ош шаарынын тургуну Кадича Алимова* (аты-жөнү өзгөртүлдү) Өзбекстандагы туугандары менен такай катташып турат. Ал "Достуктан" өтүп жатканда эки тараптын чек арачылары коронавируска ПЧР-тесттен "акча жасашарын" айтты.
"Жашы улгайып калган эжем менен өттүм. Экөөбүздөн өзбек чек арачылары ПЧР-тест тапшырасыңар деди. 160 миң сум төлөп (болжол менен 1200-1300 сом), алар жазып берген справка менен барып келдик. Жакында эле дагы бир таанышым өттү. Ал "вакцина алдым" десе да болбой Кыргызстан тараптан акча сураптыр. 100 миң сум (болжол менен 700-800 сом) төлөгөнүн айтты".
"Айдоочу" коомдук бирикмесинин төрагасы Надир Токторов чек ара кызматкерлери кыргызстандык айдоочулар менен жүргүнчүлөргө көп катылбайт дейт. Анткени алардан акча талап кылса, дароо каршы болуп чыгышат. Бирок өзбекстандыктардын документинде мандем болсо, дароо акча сурай турганына токтолду.
"Жөнөкөй таксисттен баштап, чек арачыларга чейин өзбекстандыктарды кыйнашат. Кыргызстандык айдоочуларга эч нерсе сүйлөшпөйт илгертен эле. Биздикилер "бербейм, неге аласың" деп дароо айтышат. Өзбекстандыктар Кыргызстанга киргенде паспортунан же дагы башка документтеринен туура эмес нерсе таап, акча алышат. Келген өзбекстандыктар мага көп даттанышат. "Кыргызстанда мыйзам иштебейби? Неге мындай кылып элди кыйнай берет?" дешет".
Байкоочулар кыргыз-өзбек чек арасындагы нааразычылыктар коронавирус пандемиясынан кийин күчөп кеткенин айтууда.
"Керкисинде да бар..."
"Биздин эл пара берүүгө жакын. Чек арачы өткөрүп койсо, "оо, рахмат мынага чай ичип коюңуз" дегендер да бар. Коррупция дегенде чиновниктерди гана күнөөлөбөстөн, элдин бергенин да эске алыш керек. Биз жаман үйрөтүп алгандан кийин, өздөрү "мынча акча бересиң" деп талап кыла баштайт",-дейт жарандык активист Акылай Каримова.
Дагы караңыз Чек ара: өзбек жарандары президент Жапаровго кайрылдыЧек ара кызматынын камакка алынган жетекчилери, алардын адвокаттары менен туугандары кылмыш иши боюнча комментарий бере элек.
Чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Чолпонбек Буржуев чек арачылардын кармалышы боюнча тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек деп эсептейт.
"Анча-мынча терс окуя болуп калса, бардык чек арачыларды жамандап, туура эмес иш кылат дегенден алыс болушубуз керек. Тергөөгө ишенүү керек. Күнөөсү жок болсо, акталат. Коррупцияга каршы күрөш күч алып турган кезде тергөөгө эч ким кийгилишпейт. Күнөөлөрү болсо, жооп берет деген ойдомун".
“Достук” бекети Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. Буга чейинки ар кандай маалыматтар боюнча өткөрмө бекеттен Өзбекстандын жүздөгөн жараны Кыргызстандын аймагына өтүп, башка мамлекетке кетишет.
Беш жылдай жабык турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы сентябрда ачылган эле.
Чек ара кызматындагы коррупция жана мыйзамсыз иштер тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын улук офицери, маркум Талгат Аланов да бир канча жолу айтып чыккан.
Ал 2020-жылдын июль айында көз жумган. Жакындарынын айтымында, 38 жаштагы подполковник абалы күтүүсүз жерден начарлап, ооруканага жетпей "Тез жардам" автоунаасында үзүлгөн.