Чечен борборунан келген маалыматтарга караганда, “Кыйноого каршы комитеттин” Грозныйдагы кеңсесин талкалоо ал жердеги митингден кийин эле уланды.
Жүзүн жапкан, таяк, барскан жана лом көтөргөн жигиттердин тобу адегенде кеңсенин алдындагы унаалардын айнегин талкалашты. Мунун артынан кеңсенин өзүнө чабуул жасалып, дубалдан коопсуздук камералары жулуп ыргытылды. Бул көрүнүштүн баарын чогулгандар кубаттап турушту.
Окуянын күбөсү, Москвада чыгуучу “Новая газетанын” Грозныйдагы кабарчысы Елена Милашинанын баамында, “Кыйноого каршы комитеттин” кеңсеси алдындагы митингге түшүнүп-түшүнбөй эле келгендер да болгон. Ал “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде буларга токтолду:
- Рамзан Кадыров орус гезиттеринде чыккан соңку макалаларга кыжыры кайнап, бирок жинин ал күнөөлүү деп санагандардан чыгара албай койгондон кийин ушул акция шашылыш уюштурулгандай. Бул адамдар көтөрүп жүргөн плакаттардан эле байкалды. Плакаттар маркер менен шашылыш жазылгандыктан сыясы жамгырдан улам өчүп калган. Митинг ачууланган жарандар укук коргоочулардан алар эмне үчүн чеченстандык жашоочуларын коргобойт деп сураганы келди деген таасир калтыруу үчүн уюштурулганы көрүнүп турду. Чогулган 500 адамдын көпчүлүгү аялдар болду. Аларды эмне үчүн жыйнашканын түшүнө албай турушту.
Журналист Елена Милашина кошумчалагандай, “Кыйноого каршы комитеттин” кызматкерлери көп кабаттуу имараттагы кеңсеге кол салгандар брондуу эшикти бузуп киргенге чейин терезе аркылуу качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Чеченстандын мамлекеттик телевидениеси 3-июнда митингди укук коргоо ишмердиги саясатташып кеткенине карата жарандардын нааразылыгы деп түшүндүрдү.
Президент Рамзан Кадыров өзү Грозныйдагы бул окуяны коңшу Жамбулат Дадаев ысымдуу жарандын өлүмү айланасындагы жаңжал менен байланыштырды.
Дадаевди Чеченстанга коңшу Ставрополь крайынын полицейлери быйыл апрелде Грозныйдагы операциясы учурунда атып салышкан эле.
Кадыровдун пикиринде, калк мына ушул иште укук коргоочулар чечен тараптын кызыкчылыгын коргобой жатканына нааразы.
Чечен президенти ага катар шаршембидеги “инцидент” иликтенип жатканын, эгер мыйзам бузуу болсо чара көрүлөрүн убада кылды. Бирок “Кыйноого каршы комитеттин” өкүлү Олег Хабибрахманов “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде чечен бийликтеринин аларга ич күптүсү чоң экенин айтат:
- Биздин мобилдик тобубуз Чеченстандын тургундарынын жоголуп кетиши, аларга карата кыйноо колдонулушун иликтеп жүрөт. Андыктан, албетте, биздин ишибиздин объектиси Чеченстандын укук коргоо органдары болуп жатат. Иликтөөлөрүбүздүн баарында алардын кандайдыр бир изи бар. Күч кызматтарына тийишкенибизден улам мына ушундай жооп чара көрүлүп жатса керек. “Кыйноого каршы комитет" Рамзан Кадыровдун өзүнө карата да катаал турумду карманып жүрөт. Ал кезинде согушкерлердин туугандарынын үйлөрүн өрттөөгө, аларды Чеченстандан көчүрүп жиберүүгө чакырганы белгилүү. Менимче, жаңжалдын башатын ушул жактан издөө керек.
“Кыйноого каршы комитеттин” башчысы Игорь Каляпин Чеченстан боюнча иликтөөлөр алдыда да улантыла берерин, бирок алардын Грозныйдагы бөлүмү жабылышы мүмкүндүгүн белгиледи.
Баш кеңсеси Төмөнкү Новгороддо жайгашкан бул уюмдун Грозныйдагы турагы былтыр декабрда өрттөлүп, жоопкерлер табылган эмес.