Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери 16 окуучу, бир мугалимди коопсуз жайга алып чыгып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөттү. Маалыматка караганда, балдар 3-класстын окуучулары. Алардын абалы жакшы деп кабарланды.
Чаткал районунун билим берүү бөлүмү мектеп 1951-жылы салынганын, имарат авариялык абалда болбогонун билдирди.
Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө 3-класстын окуучуларынын окуу куралдарын, топо чаң болгон сумка, парталарды көрүүгө болот. (BTo)
Дагы караңыз
Тажикстан Хорогдо бир киши каза тапканын ырастадыМаркум Айзада Канатбекованын апасы бийликке дагы кайрылдыБУУнун миграция форумуна Кыргызстандын өкүлдөрү катышуудаПедофилдердин жазасын жеңилдетүүгө тыюу салган мыйзам иштелип чыктыТажикстандын "Азия-Плюс" агенттиги Тоолуу Бадахшандагы окуяларды чагылдыруудан баш тартты