Суу бар, кызматташтык жок

Борбор Азиядагы суу талашы жөнгө салынбай келет, Дүйшөмбү, 20-август, 2013-жыл

Суу боюнча Тажикстанда өтүп жаткан эл аралык конференцияда Борбор Азиядагы суу талашын кызматташтык аркылуу гана жөнгө салууга болору айтылды. Бирок тараптардын баарынын кызыкчылыгын эске алган кызматташтыктын жолдору менен механизмдери азырынча табылбай же иштей албай турат.
Дүйшөмбүдөгү эки күндүк конференцияга жетимиштей өлкө менен жыйырмадай эл аралык уюмдун 900дөн ашуун өкүлү чогулду.

Уюштуруучулар билдиргендей, конференциянын максаты - чек аралардагы суу кызматташтыгын жакшыртуу, жетекчилерге суу кызматташтыгын алга жылдыруусуна стимул берүү, суу боюнча макулдашылган максаттарды эл аралык деңгээлде ишке ашырууга көмөктөшүү.

Ал эми тажик өкмөтүнүн бул жыйынга конок ээси катары чыгышын - соңку жылдары коңшу Өзбекстандын ар тараптуу кысымына кабылган өлкөнүн суу боюнча өз турумун коргоого багытталган эл аралык иш-чараларынын бири катары кароого болот. Анын үстүнө Улуттар уюму Тажикстандын демилгеси менен быйылкы жылды суу кызматташтыгынын эл аралык жылы деп жарыялаган эле.

Президент Эмомали Рахмон конференциянын ачылышында сүйлөп жатып:

- Биз жакшы түшүнөбүз. Цивилизациялуу кызматташтык гана бизге бул чөйрөдө прогрессти жана өнүгүүнү бере алат. Тажикстан мындай кызматташтыкка толугу менен даяр.

Рахмондун жогорудагы сөздөрү коңшу Өзбекстандын дарегине багытталды окшойт. Бирок Ташкент уюштуруучулар “жогорку деңгээлде” деп атаган конференцияга айыл чарба министринин орун басары баштаган төмөнкү деңгээлдеги делегациясын гана жөнөткөн.

Өлкөсүнүн суу ресурстары 3-4% гана колдонулуп жатканын эске салган тажик президенти сөзүн улап, Борбор Азияда суу маселеси боюнча кызматташтык жана дипломатиянын эл аралык борборун түзүп, аны Дүйшөмбүдө жайгаштырууну сунуш кылды.

Кыргызстандан конференцияга катышуу үчүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган делегация барган эле.

Сатыбалдиев конференцияда сөз алган кезинде аймактын өлкөлөрүн көп тараптуу диалогду баштоого, ал эми эл аралык уюмдарды тараптардын баарынын кызыкчылыгы эске алынган чечимдерди табууга көмөктөшүүгө үндөдү:

Кыргыз өкмөт башчысы конференцияда сүйлөөдө. Душанбе, 20-август, 2013-жыл.

- Суу ресурстары чөйрөсүндөгү аймактык проблема өз ара түшүнүшүүнүн, проблеманы чечүүгө карата бирдиктүү мамиленин жоктугунан улам тереңдеп кетүүдө. Ал эми маселенин ашыкча саясатташуусу, биздин өлкөлөрдү диалогдон алыстатып турат. Биз бирдиктүү аракеттерибиз аймактын бардык өлкөлөрү өз ара кабыл алына турган механизмдерди жана кызматташтык жолдорун тапканда гана өзүн актайт деген ишенимдебиз.

Кыргыз өкмөт башчысы айткандай, тараптардын баарынын кызыкчылыгын канааттандырган кызматташтыктын механизмдери менен жолдору кайсылар?

Айрым адистер советтик доордогу компенсациялык, суу газ менен көмүргө алмашылган ыкмага кайра кайтууну, экинчилери инновациялык жолдорду издөөнү сунуш кылышат.

Казакстандын Тажикстандагы элчиси Агибай Смагулов “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде расмий Астананын Борбор Азиядагы суу көйгөйү, талаштары эл аралык концорциум түзүү аркылуу гана чечилет деген сунушун эске салды:

- Казакстан учурунда биздин аймактын суу ресурстарын биргелешип, тең укукта пайдалануу үчүн суу концорциумун түзүүнү сунуш кылган. Бул концорциумдун концепциясын, документтерин иштеп чыккан. Бул сунуш азыр да күчүндө.

Борбор Азиянын суу боюнча талашка тартылган төрт өлкөсү, белгилүү болгондой, бири-биринен айрымаланган эки багытты карманып келишет.

Душанбе конференциясы. 20-август, 2013-жыл.

Суу башындагы Кыргызстан менен Тажикстан гидроэнергетикалык стратегияга муктаж болуп жаңы ГЭСтерди курууну мерчемдеп жатса, суу төмөнүндөгү Өзбекстан менен Казакстан ирригациялык стратегияны жакташат.

Дүйшөмбүлүк саясат таануучу Абдугани Мамадазимов “Азаттык” менен маегинде багыты окшош Тажикстан менен Кыргызстан калган коңшуларды стратегиясынын тууралыгына ынандыруу үчүн ич ара жетиштүү кызматташпай жатканына токтолду:

- Расмий Ташкент суунун төмөнүндөгү өлкөлөрдүн локомотиви катары саясатты иштеп чыккан. Астана эле эмес, Ашхабад менен да биргелешкен аракеттерди координациялап турат. Ал эми Дүйшөмбү менен Бишкектин ортосунда мындай координация жок. Андыктан алар кошумча чараларды көрүшү абзел.

Эске сала кетсек, Казакстан менен Өзбекстан президенттердин соңку жолугушуусуна өзүлөрүн стратегиялык өнөктөш деп жарыялашкан.

Улуттар уюмунун эсебине караганда, дүйнөдө эл аралык деп эсептелген же чек араларды кесип өткөн 276 дарыя бар. Алардын жарымынан көбүндө суу башкаруу боюнча кызматташтык жок.