Латвиядан бакыт издеген өзбек элитасы

Солдон оңго карай: Гүлнара Каримова, анын жакын тууганы Акбар Абдуллаев жана сиңдиси Лола Каримова-Тилляева.

Өзбек саясий элитасынын балдары Латвияда кең-кесири отурукташкан. Андан тышкары жергиликтүү банктарга жемкорлуктан тапкан миллиондорун да салып жатышканынан күмөн жок. Алардын арасында президенттин кызы Гүлнара да бар.

Латвиядагы Re:Baltica журналисттик иликтөө борбору өлкөдөгү өзбекстандыктар тууралуу кенен макала жазды. Анда бул өлкөдө жайланып, там-таш алып жашаган өзбекстандык аткаминерлердин балдары, жакындары тууралуу баяндалат.

Өзбекстандын тышкы соода министринин эки уулу Латвияда окуйт. Улуусу Азим Ганиевдин Фейсбук баракчасынан анын Ригадагы студенттик турмушу шайма-шай өткөнүн көрүүгө болот. Кичүүсү Азиз Балтика эл аралык академиясынын студенти.

Ушул тапта Латвияда студенттерди алмашуу программасында окуган чет өлкөлүктөрдүн саны боюнча өзбекстандыктар экинчи орунда турат. Тагыраагы 900 студент билим алат.

Студенттерден тышкары Латвияга агылган өзбек элита өкүлдөрү да аз эмес.

Латвия-Өзбекстан дипломатиялык алакалары 90-жылдардын ортосунда жигердүү өнүгүп, 2004-жылдан бери өзбекстандык авиакомпаниялар Рига аркылуу Америкага каттай башташкан. Латвиянын акыркы беш президентинин үчөө Ташкенге келип кетсе, өзбек президенти ал жакка үч ирет барган.

2010-жылы Латвия “Алтын виза” программасынын алкагында туруктуу жашоого уруксат берүү процессин жеңилдеткен. Ага ылайык, кыймылсыз мүлк сатып алган, же латыш банктарына белгилүү өлчөмдө акча салгандар өлкөдө беш жыл жашоого уруксат алышат. Муну 1525 өзбекстандык колдонгон.

2008-жылкы глобалдык экономикалык кризисте латвиялык ири Parex Bank банкы сызга отурат. Муну угары менен өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримова Ригага аталган банктагы миллиондорун сактап калуу үчүн учуп келген.

Белгилүү болгондой, Гүлнара Каримова 2014-жылдан бери өз өлкөсүндө үй камагында.

Ага батыш мамлекеттери эл аралык телекоммуникациялык ишканалардан миллиондогон доллар пара алган деп кылмыш ишин козгошкон. АКШ юстиция министрлиги сотко тапшырган документтерде Гүлнара мыйзамсыз тапкан 446 миллион долларын латвиялык эки банкка салганы болжолдонот.

Президенттин кичүү кызы Лола Каримова-Тилляеванын аты да Латвияга байланыштуу айтылат. Ал 2006-жылы Ригага келип, экинчи уулун төрөгөн. Лоланын адвокаты аны Латвия менен эч бир иштер байланыштырбайт деп, ар кандай маалыматтарды четке кагат. Бирок латыш бизнес-реестри Лоланын күйөөсү Тимур Тилляев Euro West Invest аттуу компанияны негиздегенин билдирүүдө.

Президент Каримовдун иниси Акбар Абдуллаев да ошол жылдары Ригада жашап турган. Латвия жер кадастрынын маалыматында, агезде 23 жаштагы Абдуллаев 1,4 млн еврого үй алган. Бир кездери президенттин мураскору аталган бул жигит Латвияда арааны ачылып, алгач 200 миң еврого Bentley автоунаасын сатып алат. 2011-жылы ал Латвияда катталган эң кымбат унаалардын бири саналган. Бир жылдан соң Ригадагы эң барктуу райондон батирлүү болот.

Абдуллаев 2015-жылы Өзбекстандагы президенттик шайлоодон бир топ мурда уюшкан кылмыштуу топту жетектеген деп табылып, 10 жылга камалган.

Латвияда жашоого уруксат алгандардын дагы бири мурдагы баш прокурордун күйөө баласы Тимур Керимов. Жер кадастрынын маалыматы боюнча, 2010-жылы Керимов да Риганын борборунан батир алат.

Бир нече жыл бою Керимов улуттук Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын Ригадагы өкүлчүлүгүн жетектеген. Re:Baltica иликтөө тобунун журналисти Керимовду издеп, компанияга кайрылганда, анын жападан жалгыз кызматкери жетекчисин бир жылдан бери көрө элекмин деп жооп узаткан.