Он тогуз мигранттын өлүмү боюнча иш козголду

Кырсык болгон жер.

Орусиянын Владимир облусунда мигрант ташыган автобусту поезд сүзүп, 19 киши набыт болду. Алардын көбү Өзбекстандын жарандары.

6-октябрдын таңында Владимир облусунда жүргүнчү автобусу темир жолду кесип өтүп баратканда өчүп калган.

Жүргүнчүлөр түшө калып түртүп жатканда жакындап калган поезд токтоно албай сүзүп өткөн. Автобустун ичинде 55 өзбекстандык жаран жана эки казак айдоочусу болгон.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кырсыкта 19 жаран набыт кеткенин маалымдап жатат. Айрым маалымат булактарында каза болгон адамдардын саны 21ге жеткени айтылды.

- Поезд автобусту 100 метрден ашуун аралыкка сүйрөп кетиптир. Бардык жерде кийимдер чачылып жатат. Булар Казакстан аркылуу Өзбекстандан Москвага бараткан мигранттар экен. Каза болгондордун саны 19 жана 21 деп ар кандай айтылууда. Арасында үч бала бар деп жатышат. Өлгөндөрдөн тышкары беш адам реанимацияда оор абалда жатат. Калгандары Покров шаарында түзүлгөн убактылуу жардам штабына жайгаштырылды. Элчиликтин кызматкерлери бул жерде жабыр тарткандар менен жолугуп жатат, - деди кырсык болгон жерге барган “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти Умид Бобоматов.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын видеосу

Бобоматов өзбек өкмөтү жабыркагандарды мекенине алып келүүгө учак жөнөткөнүн кошумчалады. Кырсыкта каза тапкандардын жана жабыркаган адамдарын аты-жөндөрү дале такталууда.

Мурдатан кырсыкка автобустун айдоочусу себепкер экенин Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Руслан Блинов билдирген.

- Көзөмөл коюлган темир жол өтмөгүндөгү кырсыкка айдоочунун жол эрежесин бузганы себеп болду. Тилекке каршы мерт болгондор менен жабыр тарткандар бар. Жараат алгандар Петушинский райондук ооруканасына жиберилди. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатышат, - деди Блинов.

Азыркы кезде Казакстандын номериндеги автобустун Орусияда жүргүнчү ташыганы жана мигранттардын документтеринин мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлүп жатат. Кырсык боюнча Орусиянын Кылмыш кодексинин 322.1-беренеси («мыйзамсыз миграцияны уюштуруу») боюнча 1981-жылы туулган Казакстандын жаранына иш козголгонун орусиялык басылмалар жазды.

Ал эми жол кырсыгында жабыр тартпаган 17 чет элдик жаранга Орусиянын Административдик мыйзам бузуулар кодексинин 18.8-беренеси («Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу») боюнча протокол түзүлгөн.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча кырсыкта жабыр тарткандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Кырсыкка автобустун техникалык абалы себеп болгону айтылууда. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автобус 24 жыл колдонулуп келгени, анын ишке жарактуу мөөнөтү 15 жыл мурда бүткөнү белгиленүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.