Тажикстанда айлык менен пенсия көбөйөт

Дүйшөмбүнүн базары, Тажикстан

Тажик өкмөтү бюджеттен маяна алган кызматерлердин эмгек акысын 60% көтөрдү. Маяна көбөйөт деген тажик президентинин убадасы эки жыл кечигип аткарылмай болду. Жергиликтүү талдоочулар маяна көбөйгөнү өлкө экономикасына оң таасир берет деп баалашууда.

Тажик президенти Эмомали Рахмон 1-июлдан тарта өлкөдө айлык акы 60% чейин көтөрүлөрүн жарыялады. Ал буйрукка ылайык, эми эң аз маяна мурункудай 250 сомони эмес, 400 сомони болот.

Бул коңшу өлкөдөгү эң аз маяна 51 АКШ доллары же үч жарым миң сом болот дегенди билдирет. Ал эми учурда 80 доллар алган мугалим менен дарыгердин айлыгы 110 долларга теңелмекчи.

Орто мектептин мугалимдеринин, маданият жана саламаттыкты сактоо кызматкеринин айлыгы 20%, социалдык камсыздоо кызматкериники 25%, күч түзүмүндө иштегендердики 15% көтөрүлдү.

"Ал эми өлкө боюнча маянанын эң төмөнкү чегерими түрүнө карабай буга чейинкидей 250 сомони эмес, 400 сомониден кем болбошу мыйзам менен корголот. Мындан сырткары өлкөдө пенсиянын өлчөмү да 20% көтөрүлөт", - деп билдирди президент Рахмон өз кайрылуусунда.

Тажик президенти Рахмон маяна, пенсия, жөлөк пул жана стипендия көбөйөт деген убадасын 2015-жылы берген. Бирок ал убада кечигип, маянаны көтөрүү мөөнөтү өткөн жылдын сентябрь айына жылдырылган эле. Эки жылдан берки убаданын аткарылышы эми ушул жылдын июлуна жылды.

Тажик экономисти Собир Вазиров маянаны көбөйтүү элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгүн көтөрүп, өлкөдө экономикалык жандануу болот деп болжолдойт.

- Айлык көтөрүлгөндө элдин сатып алуу жөндөмү жогорулайт. Анткени 15% - 20% деген сөз элге ай сайын жүз миллиондогон сомони таратылат дегенди билдирет. Ал акча сооданын жандануусун шарттайт. Элде соода жанданса, салыктардын төлөнүшү жакшырат. Ушундай жол менен ал акчалар кайра эле мамлекетке келет. Анткени ал акчаларды эл топтой албайт. Мындай кылбаса да болбой калган. Анткени тажик экономикасы кыйладан бери кошумча колдоого муктаж болуп турган.

Деген менен айрым адистер маянанын көтөрүлүшү элди узакка чейин сүйүнтө албасын айтып, жаңы демилгени сынга алууда. Анткени жергиликтүү базарда чектелүү өлчөмдөгү товарлардын баасы дароо кымбаттап, көбөйгөн акчанын куну бат эле түшүп кетет.

Кандай болгондо да, маяна көбөйгөндө эл арасында тажик бийлигинин кадыры убактылуу болсо да көтөрүлүшү ыктымал.

Адистер коңшу өлкө бийлигинин айлык акыны көтөрүү убадасы эки жылга кечиккенин Орусиядагы экономикалык кризис менен байланыштырат. Анткени тажик экономикасынын негизги кыймылдаткычы Орусиядагы эмгек мигранттары экени шексиз.