Түркмөнстан Москвадан курал алат

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов. 28-январь, 2016-жыл

Орусиялык басмаларда акыркы жумада Борбор Азиядагы коопсуздук, Сирияда согушкан ЖККУ өлкөлөрүнүн жарандары, Казакстандагы жер тартыштыгы тууралуу макалалар жарык көрдү.

"Известия" гезити Сирияда террористтердин катарында Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Кыргызстандан жалпысынан 10 миң киши согушуп жүргөнүн баяндайт. Бул тууралуу маалымдаган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа жогорудагы ар бир өлкөдөн канчадан жаран Сирияда жүргөнү так аныкталганын белгилеген.

Ал куралдуу жаңжал жүргөн аймактардан келген мигранттарга катуу көзөмөл киргизилгенин кошумчалап, өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч жаралса, тийиштүү чаралар көрүлөрүнө токтолгон.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму 1992-жылы түзүлгөн, анын башкы максаты - уюмга мүчө өлкөлөрдүн регионалдык коопсуздугун, аймактык бүтүндүк жана мамлекеттердин өз алдынчалыгын сактоо.

"Независимая газета" Москва Ашхабадды курал-жарак менен жабдып жатат деп жазат. Макалада буга чейин чек ара маселесинде Кремлдин жардамынан баш тарткан Ашхабад эми Орусиядан курал-жарак сатып алууга даярдык көрүп жатканы баяндалат. Борбор Азия өлкөлөрү Казакстандын Актөбө шаарындагы террордук чабуулдан кийин коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп жатканы дагы белгиленет. Орусиянын илимдер академиясынын өкүлү Шохрат Кадыров орусиялык курал-жарактын арзандыгын айтып, түркмөндөр мурунтан эле аскерий жабдыкты Орусиядан алып жүргөнүн эскерткен. Ал эми аскерий эксперт Виктор Литовкин биримдик болбосо, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн баары бирдей террордук, экстремисттик жана сепаратисттик коркунучтардан жабыр тартат деген тыянак чыгарган.

Газета.ру орусиялык “Газпром” компаниясы Кыргызстанга 100 миллиард рубльга чейин инвестиция салат деп кабарлайт. Каражат өлкөнүн бардык аймактарына газ түтүктөрүн куруп, калкты газ менен камсыздоого жумшалмакчы. 2030-жылга чейин берилет делген бул каражаттардын үчтөн бир бөлүгү келерки эки жылда бөлүнмөкчү. “Газпром” “Кыргызгаз” ишканасын 1 долларга 2014-жылы сатып алган. Анда дагы Кыргызстанга 20 миллиард рубль инвестиция салынары айтылганы менен, каражат Орусиядан келе элек. Кыргызстан анда “Газпромго” өлкөгө газ импорттоого өзгөчө укуктарды берип, анын инвестицияларын коргоого кепилдик кылган.

Регнум маалымат агенттиги Казакстанда бир миллиондон ашык адам мамлекеттен жер үлүшүн ала албай кезекте турганын маалымдайт. Казак мыйзамдарына ылайык, ар бир жарандын 10 сотук жер үлүшүн бекер алууга укугу бар. 2007-жылы Алматы, Астана шаарларынын жана облустук борборлордун акимиаттары бош жер жоктугун белгилеп, жарандарга жер берүүдөн баш тарткан. Ал эми Улуттук экономика министрлиги акыркы 10 жыл ичинде Астанада эле 1,5 миң гектар жер үлүшү берилгенин жарыялаган.

Макалада Казакстанда апрель-май айларындагы митингдер жерге байланыштуу болгону, мамлекеттен жер үлүшүн ала албай жаткан казакстандыктар чет элдиктерге жерди 25 жылга ижарага берүүгө катуу нааразылык көрсөткөнү белгиленет. Казакстанда калкты жер үлүшү жана турак жай менен камсыздоо чыр-чатак очокторун тутандырып жатат деген жыйынтык чыгарылат.