"Независимая газета" кош жарандык боюнча келишим Москва-Ашхабад ортосундагы талашка себеп болуп жатканын баяндайт. Советтер Союзу тарагандан кийин Орусия менен Түркмөнстан кош жарандык жөнүндө келишим түзүп, Ашхабад 70 миңге жакын орус аскерине үй-бүлөлөрү менен түркмөн жарандыгын берген. Бирок 2003-жылы Ашхабад бул келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, акыркы жылдары орус жарандыгынан баш тарткандарга гана биометрикалык паспорт бере баштаган.
Чыгыш таануу боюнча адис Шохрат Кадыров "түркмөн бийлиги өлкөдө “Крым сценарийинин” кайталанышынан чочулоодо" деп белгилейт. Адистин көз карашында, орус-түркмөн талашына түшчү тарыхый жерлер дагы аз эмес. Андыктан Ашхабад Москва менен кош жарандык боюнча келишимди кайра жандандырбай, орусиялык туристтерге визалык жеңилдик берүүгө дагы көнбөй койгон.
Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Москва кысымды дагы күчөтө берсе, Ашхабад эгемен мамлекеттин ички саясатына кийлигишүү катары баалашы мүмкүн деп эсептейт. Учурда Түркмөнстанда 10 миңге чукул жаран орус паспорту менен түркмөн жарандыгын алалбай жатканы макалада маалымдалган.
Кыргызстандан Сирияга 500 согушкер барган
"Вести" интернет басылмасы Кыргызстан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна согушкерлерди даярдоочу өлкө болуп калганын жазып чыкты. Макалада Сирияда 500гө чукул кыргызстандыктардын согушуп жүргөнү айтылып, алардын көпчүлүгү Ош облусунан кеткендер деп белгиленген. Өткөн жылы Кыргызстанда жети террорчу камалып, атайын кызматтар тарабынан 13 теракт токтотулганы да баяндалат. "Кыргызстандыктар арасында исламчылардын көбөйүшүнө жакырчылык менен диний сабатсыздык түрткү болууда жана Сирияга азгыруу иштерине имамдар да катышууда", деп бүтүм чыгарылат макалады.
Казакстан латын арибине өтмөй болду
"Новая газета" Казакстан латын арибине өтүүгө бел байлаганына токтолду. Макалада казак бийлиги 2025-жылы латын арибине өтүү боюнча мамлекеттик программаны жактырганы айтылат. Мындай иш-чарага 2007-жылы жүргүзүлгөн иликтөө боюнча 36 миллиард теңге сарпталары аныкталган. Казакстан мамлекеттик иш-кагаздар менен бирдикте жарандардын паспортун алмаштырууга киришмекчи. Мындай зор чыгымдарга карабай, Астананын чечкиндүү кадамга барышын адистер Назарбаевдин саясий күчтөрдү теңдөө аракети деп түшүндүрөт. "Казактар этнос катары маданий-тарыхый уюткусун сактап, славян маданиятынын таасиринен чыгууда", - деп белгилейт макала автору. Гезиттин ырасташынча, Орусия жакынкы өнөктөшү Казакстандын мындай кадамына эч кандай жооп бере элек. Саясат таануучу Гасан Гусейновдун ою боюнча, орус арибинен чыгуу идеясы Казакстандагы парламенттик шайлоо алдындагы саясатчылардын саясий оюндарынын бири болушу мүмкүн.
Тажикстанга АКШ жардам берет
"Регнум" маалымат агенттиги Тажикстан АКШдан каржылык колдоо аларын кабарлайт. Пентагон Борбор Азияда терроризм менен күрөшүүдө Тажикстанды башкы өнөктөш катары жарыялап, 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат берүүнү чечкен. Акча Ооганстан менен чек араны чыңдоого, мыйзамсыз миграцияны, маңзат менен курал-жарактын айланышын токтотууга жумшалмакчы. Мурунтан эле тажик президенти Эмомали Рахмон коопсуздук жаатында бардык тараптар менен кызматташууга даярдыгын айтып, Орусиянын жардамынан дагы баш тарткан эмес.