Казакстан: миллионду "жеген" көрүстөн

Өзбекстандын текстили Европага сатылат, Казакстанда атактуулар үчүн атайын жай ачылды, Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны, алардын ата мекенге акча которуулары дагы өстү.

Коммерсантъ басылмасы казак бийлигин сөөк коюу маселеси ойлондуруп жатканын жазды. Макалада Казакстанда Улуттук пантеон боюнча жобо кабыл алынганы айтылат. Улуттук пантеон - бул мемориалдык комплекс, ал Астанадан 30 чакырым алыстыкта орун алган. Ага Казакстандын каза болгон атактуулар, алардын үй-бүлөсү жана жогорку кызматтагы аткаминерлердин сөөгү коюлмакчы. Улуттук пантеондун курулушу 2014-жылы башталып, ага 5,5 миллион доллар каражат жумшалганы айтылат. Пантеондо музей, бакча жана эскерүү имараты тургузулган. Ошондой эле сөөк коюу жайы христандарга жана мусулмандарга өз өзүнчө бөлүнгөн.

Европа өзбек текстилине салыкты азайтты

Регнум агенттиги "Өзбекстандын текстилине Европа эшигин ачты" деп жазды. Европа Биримдиги менен Өзбекстандын ортосунда кабыл алынган өнөктөштүк жана кызматташтык келишими боюнча өзбек текстили эми Европага жеңилдиктер менен өткөрүлөт.

Мурун өзбек текстилине бажы салыгы 17 пайызды түзсө, эми салыктар алты пайызга чейин кыскартылган. Мындай келишимди былтыр декабрда Европа парламенти кабыл алган. Макалада буга чейин Европа Биримдиги Өзбекстанды пахта чогултууда балдар эмгеги колдонуп жатканы үчүн айыптап келгени айтылат. Европа базарында текстилге муктаждык жылына 120 миллиард долларды түзөрү кошумчаланып, бул өзбекстандык ишкерлерге пахта өндүрүшүн көтөрүүгө мыкты дем деп жыйынтыкталат.

Түркмөнстан: саясий мейкиндикти тазалоо

EurAsia Daily басылмасы Түркмөнстанда экономикалык кылмыштар менен күрөшүүчү атайын мамлекеттик кызмат түзүлдү деп кабарлайт. Мамлекеттик кызматкерлердин арасындагы паракорчулук менен күрөшүүчү атайын кызмат президент Гурбангулы Бердымухамедовдун демилгеси менен түзүлгөн.

Макалада май айынын ичинде Түркмөнстанда ИИМдин жана прокуратуранын ондогон кызматкерлери паракорчулукка айыпталып камакка алынганы эскертилет. Анда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен тышкары «Түркменгаз», «Түркменцемент» жана башка мамлекеттик ишканалардын мурдагы жетекчилери камакка алынган.

"Независимая газета" болсо Бердымухамедов мындай жол менен саясий мейкиндикти тазалап, оппозициянын катарын солгундатууда деп жазат. Президенттин айрым аткаминерлерди репрессивдүү мүнөздөгү куугунтуктоолору жыл башында башталганы айтылып, күзүндө күчүнө кирери болжолдонот. Буга түркмөн ажосу диний радикализм, маңзат жана паракорчулукка каршы күрөшүү сыяктуу шылтоолорду колдонууда деп жазылган макалада.

Орусия-Кыргызстан: акча которуу көбөйдү

РБК басылмасы Кыргызстандын эмгек мигранттары жыл башында Орусиядан мекенине бир жарым миллиарддан ашуун доллар которушту деп кабарлайт. Январь-март айларында Орусиядагы мигранттар Кыргызстанга 433 миллион доллар которгону Улуттук банктын отчетунда көрсөтүлгөн. Акча которуулар мурдагы жылга салыштырмалуу 67 пайызга өскөн (2016-жылы - 291 миллион доллар). Ошондой эле Кыргызстандан Орусияга акча которуулар дагы көбөйгөнү кошумчаланат.

Былтыр үч айда Орусияга 70 миллион доллар которулса, быйыл 85 миллион доллар болгон. Учурда Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны 616 минден ашканын Мамлекеттик миграция кызматы маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.