Казакстанда орус машинеси сатылбайт

Иллюстрация

Регнум маалымат агенттиги өзбекстандык мигранттар пенсияны өз мекенинде алат деп жазат. Өзбек өкмөтү чет жакта иштеген жарандардын пенсиялык фондго камсыздандыруу төлөмүн киргизүү тартибин бекиткен. Эми чет өлкөдө иштеген өзбек жараны өз каалоосу менен айына 20 доллардан кем эмес акчаны фондго төлөп турса, карыганда алчу пенсиясын камсыздай алат. Макалада өзбекстандык мигрант пенсияга чегерүүлөрдү айына же Өзбекстанга келген сайын бир нече айга бир төлөп кетсе болору, мигранттын эмгек стажысы пенсиялык чегерүүлөргө ылайык эсептелери айтылат. Өзбекстанда аялдар пенсияга 55, эркектер 60 жашта чыга алат. Макалада 31 миллион калктуу өлкөнүн 6 миллиондон ашуу жараны мекенинен алыста иштеп жүргөнү белгиленет.

Коммерсантъ басылмасы казак президенти Нурсултан Назарбаевди бийликтен кулатууну көздөгөн деген айып менен орусиялык Александр Поткиндин Москвада соттолгонун баяндайт. Мамлекеттик айыптоочулардын маалыматына караганда, “Мыйзамсыз иммиграцияга каршы” улутчул кыймылдын мурунку лидери Александр Поткин “Казакстандагы саясий стабилдүүлүктү бузуу” максатында “Каардуу казак” долбоорун иштеп чыгып, Нурсултан Назарбаевге каршы радикалдуу казак оппозиционерлерди даярдаган.

Макалада Поткиндин революциялык долбоорун Казакстандагы БТА банкынан 5 миллиард долларды уурдап кеткен деп айыпталган Мухтар Аблязов каржылаганын, Поткин уурдалган акчага оппозициялык саясатчыга Москванын алдынан жер участокторун сатып алууга жардам бергени айтылат. Поткинге каршы уурдалган акчанын изин жашырган, улут аралык чыңалууну жараткан жана экстремисттик топторду уюштурган деген негизде кылмыш иши козголгон. Александр Поткин өзү айыптоолорду четке кагып, “конституциялык түзүлүштү өзгөртүүнү каалоо экстремизм эмес” деп белгилеген.

"Ведомости" Орусия Казакстанга автоунааларды сатыкка жөнөтүүнү токтотконун жазат. Казакстан жыл башында четтен кирген автоунааларды каттоо жана жок кылуу (утилитизация) үчүн салыктарды киргизген. Макалада бул салыктардын айынан чет элдик автоунаалардын баасы 2 миң долларга көтөрүлүп кеткендиктен, орусиялык өндүрүшчүлөр кирешесиз калганы белгиленет. Мындай жол менен казак бийлиги улуттук авто өндүрүшкө колдоо көрсөтүп, Орусиядан импортту чектөөгө аракет кылат. Бир катар чет элдик компаниялар салыктардан кутулуу үчүн өлкөгө машинелердин тетиктерин гана киргизип, унааларды Казакстанда чогултууну чечишкен.

"Москвоский Комсомолец" гезити Тажикстанда кайрылган адамдарга сексуалдык кысым көрсөткөн эмчи-домчулар эркинен ажыратыларын жазат. Тажик парламенти көз байлоо, дубалоо жолу менен сексуалдык катнашка мажбурлагандарды сегиз жылга чейин абакка кескен мыйзам кабыл алды. Буга чейин коңшу өлкөдө көзү ачыктык, бакшылык, дубалоо менен алектенүү административдик тартип бузуу катары бааланып, мыйзам негизинде айып пул салынган. Бирок акыркы жылдары бүбү-бакшы, эмчи-домчулар аралашкан кылмыштар көбөйгөндүктөн тажик бийлиги ушул кадамга барууда.