Өзбекстан диний туризмди өнүктүрөт

Самарканд

Тажикстанда салафизм агымынын мүчөлөрү камакка алынды, Сирияда казакстандык исламисттердин 390дой балдары бар, Өзбекстан орусиялык мусулмандарга диний туризмди сунуш кылууда.

РБК басылмасы "Өзбекстан орусиялык мусулмандарга диний туризмди сунуш кылууда" деп жазды. Макалада өзбек өкмөтү зыярат-туризмди өнүктүрүүгө бел байлаганы айтылат. Түркиянын, Малайзиянын, Индонезиянын жана Орусиянын мусулмандарына атайын туристтик маршруттар иштелип чыккан.

Долбоордун алкагында мусулман аалымдары көмүлгөн жерлерди кыдыруу, ыйык жерлерге сыйынуу сыяктуу иш-чаралар уюштурулмакчы.

Өзбек өкмөтү Самарканд, Бухара сыяктуу шаарларда мейманканаларды жана ашканаларды, ошондой эле аймактарда туристтик зоналарды курууну пландоодо.

Тажикстан салафизмге каршы

"Регнум" агенттиги Тажикстанда салафизм агымынын мүчөлөрү камакка алынганын жазды. Хожент шаарынын эки тургуну социалдык тармактарда жана жергиликтүү мечиттерде салафизмдин идеяларын таратып жүргөнү аныкталган. Сот аларды "экстремисттик уюмдун ишмердигин уюштурган" деген айып менен беш-алты жылга эркинен ажыраткан.

Гулистон шаарындагы мечиттин имамы да намазга келгендерди ушул уюмга үгүттөгөнү үчүн камакка алынып, 5,5 жылга эркинен ажыратылган. Андан тышкары имам мурда Кувейтте диний билим алган.

Тажик өкмөтү ноябрда чет жакта билим алган дин өкүлдөрүн кызматтан кетирүү тууралуу чечим кабыл алган болчу. Макалада 2016-жылы Тажикстанда тыюу салынган диний уюмдардагы мүчөлүлүгү үчүн 20 имам соттолгону баяндалат. Салафизм агымына Тажикстанда 2009-жылы тыюу салынып, үч жыл мурда экстремисттик уюм деп көрсөтүлгөн.

Сириядагы казак балдар

EurAsia Daily басылмасы Сирияда казакстандык 390дой бала бар экенин баяндайт. Казакстандын дин башкармалыгы балдар мекенине кайтарылганда атайын реабилитациялык программалардан өтүшөрүн билдирген.

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Мансур: Сирияга барып өкүнгөндөр көп

Айрым адистердин баамында, Сирия менен Иракта "Ислам мамлекети" деген террордук уюмдун тарабында согушуп жүргөндөр Кыргызстанга кайтып келүүдөн, жоопко тартылуудан чочулашууда.

Ошондой эле дин башкармалыгы Казакстанда социалдык тармактар аркылуу экстремизмге үгүттөгөн 589 булак, өлкөдө тыюу салынган идеологияларды камтыган 1277 материалдар аныкталганын маалымдаган. Интернетте мыйзамсыз дааватчылык үчүн адамдар жоопко тартылары кошумчаланат.

Жыл башынан бери салафизм идеяларын интернетте жайылткан 1090 колдонуучу аныкталган. Ошондой эле дин башкармалыгы күйөөсүнүн диний көз караштарынан улам зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарга жардам көрсөтүлүп жатканын билдирген.

Казакстандын дин башкармалыгына өлкөдө стабилдүү диний кырдаалды коргоо максатында иш-чараларды жүргүзүү үчүн кийинки үч жылга 626,5 миллион теңге каражат бөлүнгөн.

Ооган согушкерлеринин коркунучу

Newstes сайты Ооганстандагы абал жөнүндө жазды. Макалада "Ооганстандагы абал курчуп баратат, аны менен кошо Тажикстанга радикал жоочуларынын кирүү коркунучу күчөп жаткан кези" деп айтылат.

Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов Ооганстанда үч-төрт миң согушкер жүргөнүн, өздөрүн Талибан, "Ислам мамлекети" деп атаган топтор жанданып, улам жаңы аймактарды басып алып жатканын айткан.

Макалада Орусия Борбор Азия өлкөлөрүнө аскердик-техникалык колдоо көрсөтүп, Тажикстан менен Кыргызстанда аскердик базаларды түзүп, аймакта коопсуздук боюнча биримдик уюшулганына карабай, айрым өлкөлөрдөгү абал дале кооптондуруп турганы белгиленет.

КМШнын террорго каршы борборунун башчысы Андрей Новиков «террордук топтор Борбор Азия өлкөлөрүнө аймактын саясий жана маданий өңүттөрүнө карап, экстремизмдин жаңы үлгүлөрүн колдонуп жатат» деген. Ал эми чыгыш таануучу Аждар Куртов тажик-ооган чек арасын Пяндж суусу гана бөлүп турганын белгилеп, «коркунуч чыккан маалда тажик аскер күчтөрүнүн соккуга туруштук беришинен чөлкөмдөгү туруктуулук көз каранды» деп жыйынтыктаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.