Өзбекстан АКШга уран жөнөтөт

Уран салынган идишти текшерүү.

Өзбекстан АКШга уран ташыйт, Казакстанда айылдарга интернет туташтырылат, Кыргызстан чет өлкөлүктөргө турак жай курууга жана сатып алууга уруксат берүүгө даярданууда. Орусиялык басылмаларда жума ичинде жарык көргөн макалаларга сереп.

"Ведомости" басылмасы "Өзбекстан Америкага уран ташыйт" деп жазды. Өзбекстан АКШга 300 миллион долларга бааланган уран концентратын жөнөтүүгө бел байлаган. Эки өлкө ортосундагы келишим жети жылга түзүлгөн.

Макалада акыркы жыйырма жылдан бери өзбек ураны Жапонияга жөнөтүлүп келгени, ошондой эле Ташкенттин уранды Индияга сатуу ниети болгону баяндалат.

Ташкент орусиялык "Росатом" ишканасы менен өлкөдөгү уран кендерин бирдикте өздөштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени белгиленет. Совет маалында Өзбекстанда 200 миң тонна уран кени бар экени аныкталган.

Казак айылдарына интернет барат

"Регнум" агенттиги Казакстанда айылдарга интернет жеткирилет деп кабарлады. Өлкөдө келерки үч жыл ичинде эки миңге жакын айылды интернетке байланыштыруу пландалган. Ошондо Казакстандын дагы эки миллион калкы интернет менен камсыз болмокчу.

Андан тышкары эки миң мектепке, аймактардагы ооруканаларга жана жергиликтүү бийлик органдарында дүйнөлүк байланыш желесине чыгууга шарттар түзүлмөкчү. Учурда кошуна өлкөнүн 122 шаарында жана бир миңден ашуун айыл жерлеринде жогорку ылдамдыктагы интернет туташтырылган.

Күйүүчү майдын күйүтү

EurAsia Daily басылмасы Казакстанда күйүүчү майдын таңкыстыгынан аба каттамдары жабыр тартып жатканын баяндайт. Орусиялык "Газпромнефть", "Роснефть", "Лукойл" жана "Татнефть" ишканалары Казакстанга керосин импортун 44 миң тоннадан 15 миң тоннага чейин кыскартып салышкан. Ал эми Казакстандын мунайды кайра иштетүүчү "Шымкент" заводунда ишин убактылуу токтоткон. Мындан улам жарандык авиацияда 800 миң тонна күйүүчү майга таңкыстык пайда болгон.

Макалада учурда авиа майына таңкыстык Түркмөнстан, Азербайжан жана Беларуста дагы пайда болгону белгиленет. Мындай абалдан казакстандык "Эйр Астана" авиакомпаниясы жакынкы арада аба каттамдарынын токтотулушу боюнча коркунуч бардыгын билдирген.

Инвесторго үй алууга уруксатпы?

"Российская газета" Кыргызстанда чет өлкөлүктөргө турак жай курууга жана сатып алууга уруксат берүү боюнча долбоор даярдалып жатканын жазат. Кыргызстанда 2013-жылы чет өлкөлүктөргө үй сатып алууга уруксат берилгени, бирок мыйзам чегинде шарттары толук жазылбаганы белгиленет.

Жаңы долбоор боюнча чет өлкөнүн жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга Кыргызстанда кыймылсыз мүлк курууга жана сатып алууга уруксат берилмекчи. Мындай адамдар Кыргызстанда туруктуу жашоого уруксат кагазына же инвестициялык визага ээ болушу керек болот.

Макалада мыйзам долбоор орус жарандыгын алган эмгек мигранттарына бир катар жеңилдиктерди берери, ошондой эле курулушка инвестиция салууну каалаган чет элдик ишкерлерди тартууга багытталганы айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.