Астана күбөлүксүз нике кыюуга тыюу салды

Казак жаштарынын тою

Орусиялык маалымат каражаттары акыркы жума ичинде Казакстанда мечиттерде расмий күбөлүксүз нике кыюуга тыюу салынганы, Өзбекстан жарандык алмаштыргандарга көзөмөлдү күчөткөнү жана кытай-тажик алакалары тууралуу жазышты.

"Регнум" маалымат агенттиги Казакстандын мечиттеринде молдолорго никелешүү тууралуу мамлекеттик күбөлүксүз нике кыюуга тыюу салынганын кабарлады. Эми коңшу өлкөдө молдолор кыз-жигитке юстиция органдарынан никелешүү күбөлүгүн алып келгенден кийин гана нике кыя алышат. Ошондой эле никеге тургандардын бирдиктүү электрондук базасы түзүлүп, өлкөдө көп аял алуу же ажырашкандан кийин балдарга алимент төлөөдөн качуу сыяктуу терс көрүнүштөргө бөгөт коюлат деп белгилейт басылма. Казакстанда акыркы он жылдын ичинде расмий документсиз, диний нике менен гана баш кошкондор саны 30 миңден ашканы айтылат. Ага кошумча жылына 14-17 жаштагы үч миңге жакын өспүрүм кызга молдолор нике кыйып, турмушка мажбурланып берилгени баяндалат.

"Регнум" Өзбекстанда жарандык жөнүндөгү мыйзам күчөтүлгөнү тууралуу маалымдады. Мыйзамдагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өзбек жараны башка өлкөнүн жарандыгын алган кезде ал тууралуу 30 күндүн ичинде Өзбекстандын тийиштүү мекемелерине билдирүүгө милдеттендирилет. Ошондой эле Өзбекстандын жараны чет өлкөнүн аскер кызматына же мамлекеттик кызматына жумушка кирсе, дароо өзбек жарандыгынан чыгарылаары кошумчаланат. Өзбек атуулу беш жыл бою чет өлкөдө жашап, бирок, Өзбекстандын консулдугунда каттоого турбаса да жарандыктан айрылмакчы.

"Интерфакс" Кыргыстандын Башкы прокуратурасы Беларустан Марат Бакиевди кармап, камакка алууга жардам көрсөтүүнү суранды деп жазат. Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Марат ушул тапта Минск шаарынан алыс эмес Раубичи кыштагында жүрөт деген маалыматтардан улам расмий Бишкек Минскке атайын кат жөнөткөнү баяндалат. 2010-жылдан бери эле Кыргызстан Курманбек Бакиевдин туугандарына карата кылмыш иштери боюнча Беларуска бир канча жолу расмий кайрылган деп айтылат макалада.

"Российская газета" Кытай Тажикстанга Ооганстан менен чек арасын күчтөндүрүүгө жардам берет деп жазат. 1344 чакырым созулган тажик-ооган чек арасында Кытайдын эсебинен төрт бажы посту жана аскерлер үчүн окутуу борбору курулаары баяндалат. Душанбе болсо Кытайдын куруучулары менен жумушчуларынын коопсуздугуна кепилдик берет. Жыл башында эле кытайлар тажиктер үчүн Шамсиддин Шохин аймагында “Тулхан” бажы постун куруп бергени айтылып, Душанбе менен Бээжин чалгындоо маалыматтары менен бөлүшүп, аскерлерин бирге даярдашаары баяндалат басылмада. "Российская газета" ​Кытай Тажикстандын башкы инвестору болуп калды, Душанбенин Бээжинге карызы бир миллиард долларга жетти деген корутунду чыгарган.