ЕАЭБ: ачуу сын, соодадагы үстөмдүк

Кыргыз-казак чек арасы

Казак өкмөт башчысы Сагинтаев "Кыргызстан ЕАЭБ талаптарын аткарбай жатат” деп сындады.

Кыргыз-казак өкмөттөрү эмне үчүн бири-бирин түшүнө албай жатат же аймактагы үстөмдүк саясаты жүрүп жатабы? Эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн эмне кылуу керек? Кыргызстандын шайланган президенти тышкы саясатта кошуналар менен кызматташууда кандай аракеттерди жасашы зарыл?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев жана мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табылдиев катышты.

“Азаттык”: Абдыганы агай, акыркы күндөрү кыргыз-казак чек арасында кирип-чыгуунун кыйындап жатышын казак өкмөтү Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын аткарбай жатканы менен байланыштырды. Маселе өзөгү биримдиктин талаптарындабы же башка себеби да болдубу?

Кыргыз-казак чек арасы

Абдыганы Эркебаев: Ачык айтканда, Казакстан менен мындай окуя биринчи болуп жаткан жок. Аба ырайы өзгөрүп тургандай мамлекеттер ортосундагы карым-катнаш дагы өзгөрө берет. Биз, Казакстан менен 2005, 2010-жылдардан кийин далай жолу ар кандай окуяларды баштан өткөрдүк. Канча жолу чек араны жабышты.

Биздеги белгилүү окуялардан кийин президент Назарбаев “көрдүңөрбү, кедей өлкөдө ушундай болот” деп бизди жаман жагынан мисал келтирген учурлар болду. Андан кийин мамилелер жакшырып, жылуу мезгилдер болду.

Бул жолу алардын бизге мамилеси, ачык айтканда ЕАЭБнын талаптары эмес, президенттик шайлоого байланыштуу болуп калды. Шайлоо убагында Өмүрбек Бабановдун Казакстанга барышы, ага карата биздин президенттин эмоционалдуу, ачуу сөздөрү бүгүнкү кырдаалга түздөн түз тиешеси болду.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, Кыргызстандын президентинин сүйлөгөн сөзү эки өлкө ортосундагы мамилени кыйындатканга шынаа кагып койду дегенге кошуласызбы? Мамлекет башчысы сыпайы сүйлөгөндө абал кыйындабайт беле?

ЕАЭБ уюмунун өкмөтү, министрлери бар, алар эмне унчукпай отурушат? Бүгүнкүдөй көйгөй маселе чыкканда чогулуп карап, кандайдыр бир чечим чыгарышы керек эле да.
Тынычбек Табылдиев

Тынычбек Табылдиев: Кыргызстан ушул убакка чейинки Казакстан менен кызматташууда вагон-вагон күйүүчү майларды, тонналаган жашылча-жемишибизди, эт-сүтүбүздү ар кандай шылтоолорду таап өткөрбөй жаткан шартта ЕАЭБге кирдик го.

Мамлекет башчынын эл аралык кызматташууларда өзүнчө бир этикасы, эрежеси болот, аны сактоо керек. Ар бир иштин деңгээли болот. Биз экономикалык биримдикке андагы келишимдер улуттук мыйзамдан бийик болорун билип туруп кирдик. Биримдикке кирүү биздин жалпы абалыбызды жакшыртат деп ишенип кошулганбыз. Бүгүнкү кыргыз-казак чек арасындагы окуялар ал уюмдун жөнсүз же таасири жок экенин көргөзүп жатат да.

ЕАЭБ уюмунун өкмөтү, министрлери бар, алар эмне унчукпай отурушат? Бүгүнкүдөй көйгөй маселе чыкканда чогулуп карап, кандайдыр бир чечим чыгарышы керек эле да. Биздин премьер-министр Казакстанга барып келди, жыйынтыгы эмне болду маалымат жок, элге айтпайбы? Сапатты көтөрөлү деп талап кылып жатабыз деп сөздөр менен сооротууга болбойт.

“Азаттык”: Абдыганы агай, Кыргызстандын саясий жетекчилиги Казакстанды шайлоого кийлигишип жатат сынга алганы кошуна мамлекеттин биздеги таасирин азайта алдыбы?

Элибиз он күндөн бери кандай кыйналып жатат, ишкерлер канчалаган чыгым тартты. Жетекчи ар бир сөзүнө сак болууга тийиш, айрыкча мамлекет башындагы адам абдан сабырдуу болушу зарыл.
Абдыганы Эркебаев

Абдыганы Эркебаев: Кыргызстанда “Ар-намыс” ж.б. патриоттук аталыштагы көп партияларыбыз бар. Бул убакка чейинки шайлоолордо алар Орусияга, Казакстанга чейин барып, өкмөт башчылары менен сүрөткө түшүп, аларды үгүт иштерине пайдаланышты. Бул жолу да ошондой аракеттер болду.

Мен Бабановдун казак президенти менен жолугушуусун, андагы маалыматтар менен толук таанышып, талдап чыктым. “Кимди президент кылып шайлоо Кыргызстандын ички иши, ага биз кийлигише албайбыз, ким президент болсо да кызматташууга даярбыз” деп Назарбаев айтып жатат. Аны биз өзүбүз эле көбүртүп-жабыртып жибердик.

Дүйнөлүк практикада андай мисалдар көп, мисалы, кечээ жакында Франциядагы шайлоодо Макрондун эң негизги атаандашы Мари Ле Пенди Орусия президенти Путин кабыл алган. Кийин ал жөнүндө сөз да болгон жок. Менин оюм, мамлекет башчысы жеке көз карашын, оюн мамлекеттик кызыкчылыкка айландырбашы керек. Элибиз он күндөн бери кандай кыйналып жатат, ишкерлер канчалаган чыгым тартты. Жетекчи ар бир сөзүнө сак болууга тийиш, айрыкча мамлекет башындагы адам абдан сабырдуу болушу зарыл.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, кечээ Кыргызстандын президенти Атамбаев өткөндө Казакстан тууралуу ачууга алдырып, сүйлөп койгонун моюнга алганын казак эксперттери бул мамилени жакшыртууга жарым эле кадам деп баа берди. Мамилени жакшыртуу үчүн кыргыз тарап дагы кандай кадам жасашы керек? Аксакалдын алдынан өтүп кечирим сурап койсо маселе чечилет эле дегендер чыгууда.

Тынычбек Табылдиев: Эми мамлекеттин чоң-кичинесине же элинин санына жараша мамиле болбошу керек. Азыраак эли бар мамлекет көбүрөөк эли бар мамлекеттен кечирим сураса болот деген жок, бардык өлкөлөр бирдей укукта. Кыргызда "Соодада достук жок" деген жакшы сөз бар.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.