Казакстан: жоолукчан окуучулар көйгөйү

Иллюстрация.

Казакстанда хижаб кийген окуучуларга байланыштуу талаш быйыл да чыкты.

Быйылкы окуу жылында айрым мектептер жоолугун чечүүдөн баш тартан окуучу кыздарды сабакка киргизген жок. Мектеп жетекчилиги бул Билим берүү министрлигинин талабы экенин айтса, жоолукчан кыздардын ата-энелери Конституциядагы дин тутуу эркиндиги чектелип жатат деп нааразы.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарындагы мектептер 1-сентябрь күнү хижаб кийген окуучуларды сабакка киргизген жок. Маселен, №8 мектепке форма кийген, бирок башына жоолук салынган кыздарды ата-энелери кайра үйлөрүнө жетелеп кеткенге аргасыз болушту. Мектеп оозунда турган күзөтчүлөр, полиция кызматкерлери жоолукчан кыздарды сабакка киргизбөө жетекчиликтин талабы экенин айтышты. Буга мындай кыздардын ата-энелеринин баары нааразы болушту.

№8 мектептин директорунун милдетин аткаруучу Акнур Демеханова муну май айында окуу жылы аяктаганда ата-энелердин жалпы чогулушунда бирдиктүү форма боюнча кабыл алынган чечим деп түшүндүрдү:

- Бул жоолукчан кыздардын ата-энелери кээ бир чогулуштарга келет, айрымдарына келбейт. Бирок бир ооздон чечим кабыл алынган. Биз ички талаптарды баары көрө турган жерге илип койгонбуз. Андан мурунку окуу жылында деле ушундай талаптар болгон. Биздин мектепте эки жылдан бери бирдиктүү форма кийип жатышат. Бул эрежелерди ар бир сакташы керек. Ар бир баш ийиши керек. Бизге окуучулардын жана алардын ата-энелеринин баары бирдей. Бантик тагынып келишсин. Биз баарын окутабыз. Мектеп формасынын малкулдашылган үлгүсүндө жоолук, хижаб, кимешек деген жок. Ал жерде диний атрибутика болбошу керек деп жазылган.

Жаңы-Өзөн шаарында жоолугун чечүүнү каалабаган 60тай окуучу кыз сабакка эмдигиче бара элек.

Казакстандагы мектептердин бири.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Таттимбет Жумагалиев мектептердин жетекчилери билим берүү министринин окуучулардын бирдиктүү формасы тууралуу былтыр чыгарган буйругун аткарып жатат дейт:

- Ата-энелер чогулуп окуучу балдар-кыздарынын формасынын асты кочкул көк, үстү ак болот деп өздөрү чечкен. Кыздар ошондой эле бантик да тагынышы керек. Жоолук салынган төрт кыздын ата-энеси кыздары мектепке келгенде жоолугун чечип, кийимин алмаштырганга макул болушту. Биз аларга мектептен кийиимдерин алмаштырып турушу үчүн атайын бөлмө дагы бөлүп бердик.

Жумагалиев жоолукчан эле эмес этеги өтө кыска юбка кийген, тырмактары боёлгон 60тай окуучу кыз дагы сабакка киргизилбей үйлөрүнө жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Билим берүү бөлүмүнүн башчысын кыздарына жоолугун чечтирбей, мунун айынан окуудан калтырган ата-энелерди сотко беришерин эскертти.

Жоолукчан кыздардын ата-энелери да Конституциядагы дин тутуу эркиндиги бузулуп жатканын айтып, алар да сотко кайрылганы жатат. Мындай чырлар эми эмне менен аяктары азырынча белгисиз.

Жаңы-Өзөн шаарында 22 мектеп бар жана анда 30 миңдей бала билим алат.

Иллюстрация.

Казакстанда соңку жылдары мектептерде, жогорку окуу жайларда жоолукчан, хижаб кийген окуучу жана студент кыздарды сабакка киргизбеген учурлар көбөйдү. Былтыр күзүндө өлкөнүн муфтияты дин жолундагы ата-энелерди мектеп жетекчилиги менен кыздарынын кийимдери боюнча мунаса табууга чакырган.

Кайрылууда шарыятка ылайык, ислам бойго жете элек кыздарды жоолук салынууга милдеттендирбейт жана ата-энелер балдарынын билим алуусуна тоскоол болбошу керек деп айтылган. Анын алдында казак бийликтери диний белгилери бар кийим кийүүгө тыюу салган болчу.

Казакстанда ушул тушта "Диний ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору талкууланып жатат. Анда, маселен, мамлекеттик кызматкерлерге иш маалында жума намазга же дагы башка диний жайларга барууга тыюу салуу, динге байланыштуу мыйзам бузгандарга жазаны катаалдатуу өңдүү жоболор каралган. Айрым жарандар муну диний эркиндикти чектөө катары да сыпаттап жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.