Казак полициясы реформаны кийимден баштайт

Казак полициясынын жаңы формасынын үлгүлөрү.

Казак бийлиги полиция реформасын баштаганын билдирип, алар үчүн жаңы кийимдердин үлгүсүн көрсөттү. Карапайым тургундар формадан мурда полициянын өзү өзгөрүшү керектигин айтышууда.

Жарандык активист Айдын Эгеубаев полициячылардын колуна бир нече жолу түшкөн. Май айында өткөн митинг маалында тартип коргоочулар аны кармап жатып, колунун манжасын да сындырып салышканын айтууда.

Ал Казакстанда полиция кызматкерлерине ишенгендер аз болгондуктан, жаңы формасы деле имиджди көтөрүүгө жардам бербейт деген пикирде:

- Аларды түп-тамырынан өзгөртүү керек. Министрден тарта, жергиликтүү полиция башчыларына чейин алмаштыруу зарыл. Ал жакта отурган генералдар өз кызматтарына татыктуу эмес.

Кийимдин жаңы үлгүлөрүндө латын тили менен "полиция" деген сөз жазылган.

Казакстан полициясынын жаңы формасындагы жазуу.

Жаңы формаларды биринчилерден болуп Казакстандын президенти көрдү. Ага кийим жакканы же жакпаганы белгисиз. Нурсултан Назарбаев токтоосуз полицияны реформалоону баштоого дагы бир ирет чакырды:

- Жарандар полиция системасы үмүттү актабай жатканына нааразы. Алар өзүн коопсуз сезишпейт. Ансыз биз жашоонун жакшы сапатын камсыздай албайбыз. Ал эми бул биздин негизги багытыбыз эмеспи.

Президенттин резиденциясында форманы расмий көргөзгөнгө чейин эле социалдык тармактарда жаңы форманын үлгүлөрү пайда болгон. Интернет колдонуучулар жаңы кийимди сынга алып, камактагылардын формалары менен салыштыра баштады.

Интернет колдончуулары жайгаштырган сүрөттөрдүн бири.

Карапайым тургундардын пикиринде кеп формада эмес. Алар полиция реформасы туура эмес башталганын айтышууда.

- Полициячылардын баарын алмаштыруу керек. Психикалык жактан туруксуз, даярдыгы жок, укук деген эмне экенин билбеген адамдары алып алышкан. Бизде полиция коргобой эле, эл алардан коркот.

- Менимче бул системада башаламандык күч алган. Денис Тендин өлүмүнөн кийин буга да бир ирет ынандым. Негизи эле тартип бизде көзөмөлдөнбөйт. Балык башынан чирийт эмеспи, аларды башынан баштап алмаштыруу керек.

Полиция реформасы тууралуу сөз быйыл жайында Олимпиададагы коло медалдын ээси, көркөм муз тебүү боюнча чебер Денис Тен Алматынын борборунда, күндүз киши колдуу болгондон кийин күчөгөн.

Анда 25 жаштагы фигуристтин өлүмү коомдук резонанс жараткан. Реформаны даярдоого беш ай кетти. Эми форманы өзгөртүүдөн тышкары, полиция штатын беш пайызга кыскартуу күтүлүп жатат. Калгандарынын маянасы көтөрүлөт. Буга 11 миллиард доллар же 55 миллион доллар сарптоо каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.