Казак кенчилери шахтадан чыкпай жатат

Кенчилер, Караганда.

Казакстанда «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын кендеринде иштеген жумушчулар 11-декабрда түнкү иш аяктагандан кийин жер үстүнө чыгуудан баш тартышты. Алар маянаны 100 пайызга көбөйтүүнү талап кылышууда.

Караганда облусундагы төрт шахтада 200дөй кенчи нааразылыкка кошулду. Кендерге ээлик кылган компания кээ бир жумушчулар жер алдынан чыгуудан баш тартканын, ал акцияга уруксат берилбегенин билдирди. Маалыматка караганда, калган шахталар мурдагыдай эле иштеп жатат.

Кенчилердин «Коргау» деген кесиптик кошуунун жетектеген Марат Миргаязов "жумушчулардын иш берүүчү компанияга бир топ талаптары бар, эң негизгиси алар айлыктын 100 пайызга көтөрүлүшүн талап кылышууда" деп айтты. Кесиптик кошуун өкүлдөрү дүйшөмбүдө Караганды облусунун акимиатында сүйлөшүү өткөрүштү.

- Биз азыр кызуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Эң негизги талап – маянаны көбөйтүү. Азыр кенчилер гана, металлургдар жөнүндө билбейм, - деди Миргаязов «Азаттык» радиосунун казак редакциясына.

Марат Миргаязов.

Караганда облусунун акимиаты ошол эле күнү маалымдагандай, жергиликтүү бийлик кырдаалды көзөмөлдөп турат, «Эмгек кодексинин алкагында компания жетекчилиги менен ишчилердин кызыкчылыгын коргогон кенчилер профсоюзу сүйлөшүү баштады».

«АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын жумушчулары буга чейин айлык акыны көтөрүү маселесин бир нече жолу козгоп келишкен. Быйыл августта Караганда облусунун металлургдары менен кенчилер кыйын жана кооптуу шарттарда иштеп жатканын айтып, маянаны 30 процентке көбөйтүүнү талап кылышкан.

- Дал ошол жумушчулар өз мээнети менен, кооптуу, зыяндуу, оор шарттарда иштеп, компаниянын дүйнөлүк рынокто ийгиликтүү болушун камсыздашууда. Айлыкты көтөрүү маселеси 2014-жылы эле бышып жетилген. Кенчилер, металлургдар, алардын үй-бүлөлөрү жашоо стандарттарына мүмкүнчүлүктөр азайганын жон териси менен сезип жатышат, - деген жайында Темиртауда өткөн конференцияда кенчилердин бири Иван Католиков.

Костенко атындагы шахтанын кенчилери

«Коргау» кесиптик кошуунунун төрагасы Миргаязов кендерди өнүктүрүүгө каражат толук берилбей жатканын буга чейин айткан.

Жайында «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын жетекчилиги профсоюзга кайрылып, айлык акыны төлөө системасын өзгөртүүнүн үстүнөн биргелешип иштөөнү сунуш кылган.

Бирок кенчилер андай өзгөрүү алардын маянасына кандай таасир этерин билбесин айтышкан.

Сөз болгон компания Караганда металлургиялык комбинатына жана Караганда көмүр бассейниндеги кендерге ээлик кылат. Британиялык бизнесмен Лакшми Митталга таандык «АрселорМиттал» трансулуттук металлургиялык топко кирет.

Акыркы эки жумада Карагандадагы кенчилер ушуну менен экинчи жолу нааразылыгын билдиришүүдө. Ноябрдын этегинде Түштүк Жезказган кенинде да ондогон кенчи маянанын көбөйтүлүшүн талап кылып иштен кийин жердин үстүнө чыгуудан баш тарткан. Аларга жүздөгөн кесиптештери кошулган. Кийинчирээк «Казахмыс» корпорациясы эмгек талашы жөнгө салынганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.