Алматы соту дагы бир эркин сайтты жапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Алматы шаарынын Медеу райондук соту 28-майда шаардык прокуратуранын Ratel.kz сайтынын үстүнөн жазган арызын канааттандырды. Сот чечимине ылайык, Ratel.kz сайты толук жабылып, бул аталышты колдонууга бир жылга тыюу салынды. Байкоочулар сот өкүмүн маалымат каражаттарына каршы куугунтук катары баалап жатышат.

Алматы шаарынын Медеу райондук сотунун судьясы Гүлмира Бейсенова прокуратуранын арызын канааттандырып, Ratel.kz деген аталышты колдонууга бир жылга тыюу салды:

- Ratel.kz аналитикалык интернет-порталынын кызматы токтотулсун, анын каттоосу жоюлсун жана анын домендерин колдонууга бир жылга тыюу салынсын, - деди ал.

Ошондой эле сот аталган интернет-порталдын журналисттерине өз макалаларын башка сайттарга Ratel.kz деген аталышта жарыялоого тыюу салды.

Сот мындай чечимге сайтты каттоодо кеткен бир катар алешимдиктер негиз болгонун жүйө келтирди. Прокуратуранын дооматына караганда, сайтты каттап жатканда ал жакта бир гана орус тилиндеги макалалар жарыяланары белгиленген, бирок порталда орус, англис жана казак тилиндеги макалалар жайгашып турган.

Ratel.kz доменинин же дарегинин ээси Геннадий Бендицкий былтыр жыл соңунда көз жумса да, домен кайра каттоодон өткөн эмес. Кожоюну дүйнөдөн өтүп кетсе да сайт иштей берген.

"Бул айыптоолор бийликте отурган айрым аткаминерлердин кызыкчылыгынан улам жаралды" деп эсептейт Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асипов.

- Негизинен сөз журналистикага тыюу салуу жөнүндө болуп жатат. Журналистиканын ким кимге үйлөндү, ким менен жүрөт, ким мушташты, өлтүрдү деген деңгээлге түшкөнүн каалашат. Мына ушундай журналистика биздин өлкөдө кадыресе, көнүмүш кабыл алынат.

Марат Асиповго да мурдагы каржы министри Зейнулла Какимжановдун арызы менен кылмыш иши ачылган. Аткаминер журналистти «жалган маалымат тараткан» деп айыптоодо.

Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асипов сот чечимин комментарийлеп жатат. Алматы, 28-май, 2018-жыл.

Азыр бул иш боюнча тергөө уланууда. Асипов жана Ratel.kz сайтынын үстүнөн Какимжанов сотко кайрылып, былтыр апрель айында сот сайттын журналисттерин мурдагы министр жана анын уулунун пайдасына элүү миллион теңге айып пул төлөөгө милдеттендирген. Буга байланыштуу редакциянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн.

Бул иштин алкагында Forbes Kazakhstan сайтынын башкы редактору да айыпталып жатат. "Адил сөз" фондунун координатору Елена Малыгина эл көйгөйлөрү айтылбай, жаап-жашырыла берсе, жагдай туура эмес багытта өнүгүп кетиши мүмкүн экенин айтууда. Ал ошондой эле сот адвокаттардын айткандарына тиешелүү көңүл бурбай койгонуна нааразы.

"Адил сөз" фондунун координатору Елена Малыгина. 28-май, 2018-жыл.

Ratel.kz - Казакстандагы оппозициячыл агенттиктердин бири. Анда иштеген журналисттер бийликте отургандар тууралуу өз иликтөөлөрүн жарыялап, коррупция маселесин тынбай көтөрүп турушкан.

Ratel.kz сайты жана анын редактору Марат Асиповго байланыштуу иш Алматы сотунда апрелде карала баштаган. 2-апрелде полиция "Ratel.kz" сайтынын жана "Forbes Kazakhstan" журналынын жергиликтүү кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, компьютер, документтерди алып кеткен. Кийин тартип коргоочулар тинтүү мурдагы министр Зейнулла Какимжановдун доо арызынын негизинде болгонун айтышкан.

Эл аралык медиа уюмдарды коргоо коалициясы 18-майда тараткан билдирүүдө казак бийликтерин Ratel.kz менен Forbes Kazakhstan уюмдарына каршы козголгон иштерди жабууга чакырышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.