Өзбекстан Рогунду курууга каршы эмес

Рогун ГЭСинин курулушу

Ташкент Рогун ГЭСине каршы эмес, Тажикстанда аялдарды хижаб кийүүдөн баш тартууга көндүрүшөт, Астанадагы аэропортко Назарбаевдин атын берүү сунушталды. Орусиялык басылмаларда жарык көргөн макалаларга сереп.

EurAsia Daily басылмасы Өзбекстан Тажикстанда Рогун ГЭСинин курулушуна макул болгонун жазды.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Ташкент ГЭСтин курулушуна каршы эмесин айтып, бирок анын курулушунда Өзбекстандын кызыкчылыгы корголушу керектигин билдирген.

Региондо суу ресурсу бирдей бөлүштүрүлүп, экологиялык кесепеттердин алдын алуу үчүн Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан ич ара макулдашууларды кабыл алышы керектиги айтылган. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Рогун ГЭСинин курулушуна каршы чыгып келгени белгилүү. Ал ГЭСтин курулушу коңшу өлкөлөрдө суу таңсыктыгына алып келет деп эскертип келген. Тажик президенти Эмомали Рахмон Тажикстан эч качан коңшуларын суусуз калтырбасын убада кылып келгени макалада эскертилет.

Тажикстанда хижабды чечтирчү топ түзүлөт

Регнум Тажикстанда аялдарды хижаб кийүүдөн баш тарттырчу атайын топтор түзүлгөнүн баяндайт. Согдий облусунун аялдар жана үй-бүлө башкармалыгынын демилгеси боюнча Ходжент шаарында мындай 21 иш тобу куралган. Ар кандай тармактардын өкүлдөрүнөн турган топ соода түйүндөрүн, бала бакча, мектеп, ооруканаларды кыдырып, кыз-келиндерди хижаб кийүүдөн баш тартууга үндөмөкчү.

Былтыр Ходжентте милиция кызматкерлери рейд жүргүзүп, хижаб кийген 643 аялды каттоого алганы маалымдалган. Макалада Тажикстанда «чоочун баалуулуктарга» каршы күрөш президент Эмомали Рахмондун көрсөтмөсү менен акыркы жылдары жүргүзүлүп келгени айтылат.

Назарбаев өзүнө эстелик тургузууга каршы

"Известия" гезити Нурсултан Назарбаев анын ысымын кандайдыр бир мекемелерге ыйгарып, ага эстелик орнотууга каршы экенин билдиргенин жазды. Жакында эле казак өкмөтү Астанадагы аэропортту президенттин урматына атоо демилгесин көтөрүп чыккан. Ал эми былтыр Астана шаарын Назарбаев же Нурсултан деп атоо сунуштары айтылган. Назарбаев бул идеяны колдобосун билдирген. Быйыл Нурсултан Назарбаев 77 жаш курагын белгиледи.

Путин кыргыз айдоочуларга боор тартты

КоммерсантЪ гезити "Владимир Путин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө уруксат берди" деп жазды. Мамдуманын депутаттары Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрү менен иштөөгө уруксат берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Орусиялык депутаттар Кыргызстанда орус тилине расмий статусу берилгенин белгилешип, айдоочулук күбөлүк орус тилинде берилерин, аны алууга кыргызстандыктар орусча окуп, жол коопсуздугунун эрежелерин толук орусча үйрөнүшөрүн белгилешкен. Владимир Путин бул демилгени колдорун билдирген. Орусияда 1-июндан тарта чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөргө тыюу салынган. Уруксат Беларустун күбөлүктөрүнө гана берилген болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.