Борбор Азия: Мунарык баскан басма сөз

Басма сөздүн быйылкы күнү юбилейлик 20 жылдыкка туш келди. Улуттар Уюму тарабынан сөз эркиндигин урматтоо жана коргоо күнү катары 1993-жылдан тарта белгиленип жүрөт.
Бул күндү утурлай эки күн мурун “Фридом Хаус” эл аралык уюму 197 өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалы жөнүндө жылдык баяндамасын чыгарып, азыр “дүйнөдө сөз эркиндиги мындан 10 жыл мурдагы эң төмөн деңгээлине түшкөнүн” билдирди. Бул отчетко ылайык, Борбор Азиядагы беш өлкөнүн биринин да басма сөзү эркин эмес. Буга эмне себеп?

- Саясий режимдерби?

- Исламдашуунун күчөшүбү?

- Мамлекеттердин этностук курамыбы?

- Өзүн өзү цензуралообу?
Талкууну бул жерден угуңуз:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбор Азия: Мунарык баскан басма сөз (1)


Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбор Азия: Мунарык баскан басма сөз (2)


"Азаттыктын" Бишкек жана Прага студияларында талкууга катышкандар: Султан Каназаров - эркин журналист, Роза Отунбаева президенттик кызматты аркалап тургандагы маалымат катчы, Сарвар Усмон - “Азаттыктын” өзбек кызматынын журналисти, Рахат Мамырбеков - “Азаттыктын” казак кызматынын интернет редактору жана Селви - "Азаттыктын" түркмөн кызматынын жаштар программасынын продюсери.