Тажикстан төрөттү азайтууну чечти

Иллюстрация

Жапония өкмөтү Тажикстанга балдардын төрөлүшүн жакшыраак пландоого жардам берет. Буга чейин эл аралык эксперттер Тажикстандагы жакырчылыктын негизги себеби катары ыкчам демографиялык өсүштү мисалга тартышкан. Ал эми Казакстанда мектептерде бекер презерватив таркатуу сунушталып жатат.

Токио Дүйшөмбүгө жакынкы төрт жылда тиешелүү программанын алкагында 20 миллиондон ашуун бойго бүтүрбөөчү каражаттарды жеткирет. Бул тууралуу Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин өкүлү Мунира Ганизода программаны ишке ашыруу үчүн Жапония 2,5 миллион доллар бөлгөнүн «Азаттык» радиосунун тажик кызматына билдирди.

Ганизоданын айтымында, 2019-жылы Тажикстанга бойго бүтүрбөөчү каражаттардын биринчи партиясы - беш миллион презерватив алынып келет.

Министрликке караштуу Эне жана бала департаментинин башчысы Шерали Рахматуллоев бул программа энелердин саламаттыгын бекемдөөгө багытталганын айтууда.

- Аялдын организми төрөттөн кийин өз калыбына келиши керек. Бул үчүн кийинки бойго бүткөнгө чейинки убакытты үч жылдай узартуу зарыл. Тилекке каршы, биздин аялдардын 6-7 пайызы жыл сайын төрөйт, - деди Шерали Рахматуллоев.

Шерали Рахматуллоев. 15-август, 2016-жыл.

Жакында эле Дүйнөлүк банк Дүйшөмбүгө төрөттүн санын кыскартууну сунуштаган.

Адистер Тажикстандагы жакырчылыктын, жумушсуздуктун башкы себеби катары демографиялык көрсөткүчтөрдүн ыкчам жогорулашын атап келишет.

Статистикага караганда, соңку 15 жыл ичинде Тажикстанда калктын саны 26,3 пайызга көбөйгөн. Эгер мындай темп сактала берсе, 2020-жылга чейин тажик жарандарынын саны 10 миллиондон ашып кетиши мүмкүн.

Быйыл май айында тогуз миллиончу бала туулган. Ушул тапта коңшу мамлекетте бир аялга төрт бала туура келет.

Ал арада консервативдүү топтордун өкүлдөрү презервативди жана башка бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу Ислам дининин негиздерине туура келбесин айтып, каршы чыгып жатышат.

Дагы караңыз 2050: Дүйнө калкы 10 миллиардга жакындайт

Консервативдүү үй-бүлөлөрдө баланын төрөлүшүн Кудай берген чоң белек катары кабыл алышып, аялдын сактанганына күнөө катары карашат.

Казакстан: мектептерде презерватив таркатуу сунушталып жатат

Контрацептив демекчи, Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде презервативдерди бекер таркатууну сунуштады.

Муну менен мекеме эрте эне болуу маселесин жоюуну көздөп турат. Кеп 15-18 жашка чейинки курактагы кыздар тууралуу болуп жатат. Эрте эне болгон кыздардын саны боюнча Казакстан дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Ошондой эле министрлик 16 жаштагы кыздарга ата-энесинин уруксатысыз боюнан алдырууга уруксат берүүнү да сунуштап, аны коомдук талкууга чыгарды.

Аткаминерлердин эсебинде презервативдерди бекер таркатуу кокусунан бойго бүтүп калууну кыскартууга жардам берет.

Жаштардын сексуалдык билимин жогорулатуу кантип каралып жатканын вице-министр Лязат Актаева мындайча түшүндүрдү:

- Өспүрүмдөр 16 жашынан тарта эле тек-жайын аныктаган күбөлүк алат. Ошол себептен 16 жаштагылар медициналык кызматтар боюнча өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү. Эл аралык эксперттер башка мамлекеттерде мындай тажрыйба бар экенин белгилеп жатышат, - дейт Лязат Актаева.

Тактап айтканда, эгер 16 жаштагы кыздын боюна бүтүп калса, ал ооруканага барып аборт жасата алат. Медиктер андан ата-энесинин уруксатын сурабайт. Бирок казак депутаттарынын айрымдары буга макул эмес.

- 16 жаштагы жарандын акыл-эси толук жетилбейт. Албетте биз колдоо көрсөтүшүбүз керек, бирок мындай олуттуу чечимдерди кабыл алуу канчалык туура? Бул маселенин бир гана тарабы. Ошол эле маалда бойго жете элек баланын сексуалдык жашоого аралашканы бул кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган иш эмеспи, - дейт парламент депутаты Иван Клименко.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, жыл сайын алты миңдей өспүрүм кыздын боюна бүтүп калуу фактысы катталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.