Зу-л-Кифлге таандык делген күмбөз калпыс оңдолду

Өзбекстандагы Зу-л-Кифл күмбөзү, Термез.

Өзбекстанда XI кылымда курулган тарыхий мурас болгон имарат өлкөнүн маданият министрлигине эскертилбей, өз билгениндей оңдолгону ачыкка чыкты. Адистер муну "вандализм аракети" катары айыпташууда.

Ыйык "Куранда" "Зу-л-Кифл" деп аталган пайгамбар тууралуу эскерилет (анын ысымы арапча "камсыздандыруу сапатына эгедер" деп которулат). Бул кейипкерди "Тоораттагы" Иезекиил (жөөтчө Йехезкэл) менен окшоштурушат.

Жөөт падышасы Иехониянын доорунда, б.з.ч. VI к. жашаган деп жоромолдонгон Иезекиилди христандар да, жөөттөр да өздөрүнүн мыкты пайгамбарларынын бири катары санашат.

Жакында Өзбекстанда маданий мурасты сактоо жаатында чатак окуя болду.

Көрсө, дүйнөлүк үч динде тең пайгамбар деп саналган Зу-л-Кифлге таандык деп жоромол кылынган жана Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун (вилайетинин) борбору болгон Термез шаарынын жанындагы "Арал-Пайгамбар" аралында сакталып келген эски күмбөз мыйзамсыз жүзөгө ашырылган калыбына келтирүү (реставрация) жумуштарынын айынан өзүнүн тарыхий турпатын жоготуп койгон экен.

Бул күмбөздүн мурдагы жана азыркы сүрөтүн "Азаттык" үналгысына салып жиберген археолог адис Гайрат Кузибаев "калыбына келтирүү аракетин" ачыктан-ачык вандализмге тете деп кескин сынга алды.

– Бул күмбөз чек ара аймагында жайгашкандыктан, туристтердин жана жөнөкөй адамдардын ага жакын баруусуна тыюу салынган. Ошондуктан биз анын мурда реставрация болгонун жакында эле байкадык. Көрсө, аны үч жыл мурда эле өзгөртүп салышкан экен.

Сөз болуп жаткан Зу-л-Кифл деген пайгамдарга таандык делген күмбөз, Өзбекстандын Сурхан-Дарыя облусунун маданий мурастар башкармалыгынын кызматкеринин айтымында, облус башчысынын табитине жараша оңдолгон.

– Сурхан-Дарыя облусунун акими Эркинжан Турдимов 2017-жылы жаңы күмбөздүн сүрөтүн кагазга фломастер менен өзү тартып, жаңы күмбөз дал ушундай болуш керек деп буйрук кылган. Тарыхий күмбөздү оңдоо иштери ошондо башталган.

Эркинжан Турдимов Сурхан-Дарыя облусун азыр да башкарып турат. Ремонт учурунда бийлик тарыхий жана маданий мурастар башкармалыгынын кызматкерлерин бул маанилүү имаратка жакын жолоткон эмес.

"Азаттыкка" жеткен маалыматка караганда, күмбөздү адистер эмес, кадимки эле куруучулар оңдошкон.

Муну Өзбекстандын маданият министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Мавлюда Аскархожаева да ырастады.

– Зу-л-Кифл күмбөзүнүн ичине жамгыр-кар кирип, авариялык абалда болчу. Тарыхий объектти сактап калуу максатында облустук администрация 2017-жылы демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен күмбөздү реставрациялоону чечкен. Анын ремонту көп кыйынчылыктар менен коштолгон. Курулуш материалдар аралга аскердик паром менен ташылган. Бирок маданият министрлиги күмбөздү реставрациялоого уруксат берген эмес. Аны оңдоого каражатты ишкер Бахрам Шарипов берген. Ремонтту да анын курулуш компаниясынын жумушчулары аткарган.

Археолог Гайрат Кузибаев Зу-л-Кифл пайгамбардын күмбөзү сабатсыз реставрациянын айынан өзүнүн тарыхий баалуулугун жоготту деп эсептейт.

– Өзбекстанда тарыхий мурастарга болгон мамиле абдан кейиштүү абалда. Баалуу мурастарды коргоо үчүн күч колдонууга жарамдуу полицияны качан эле түзүш керек болчу. Болбосо министрликтин жергиликтүү өкүлчүлүктөрү акимдердин буйругун Чапаевчесинен аткарган жоокерге айланып кетти. Мирзиёев Хивага келип, тарыхий мурастардын ар бир кышы баалуу экенин айтып, накта маданияттын адистерине тар чөйрөдө акыл үйрөтүп кеткен.

Өзбекстан бийлиги Хива шаарындагы эски Шахрисабз шаарынын кире беришиндеги «Кой-Дарбазанын» жанына заманбап автобекет курган.

Адистер ал курулушту да баалуу тарыхий мурастардын көрүнүшүнө доо кетирген деп сындап келишет.

Мындай жосунсуз жоруктар Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттеринде да учурайт.

Маселен, Кыргызстанда Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда Атантай менен Тайлактын кош күмбөзү да илимпоздордун катышуусу жок реставрацияланып, натыйжада тарыхый мураска зыян келтирилген болчу. Ал эми Бишкекте Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде сакталган байыркы мумия бакшылардын талабы менен Баткен жергесине жеткирилип, көмүлгөн. Ал жосунсуз жорук боюнча кылмыш иши да ачылган эмес.

P.S.

Кошумча маалымат.

Аму-Дарыянын Термез шаарынан төмөн 20 чакырымдай алыстыктагы нугунда "Арал-Пайгамбар" аттуу арал жана анда ЮНЕСКОнун тизмесине кирген жаратылыш коругу жайгашкан.

Диний уламыштарга караганда, азыркы Түркмөнстандагы Келифа деген жерде байыркы бир ыйык киши каза болоордо, өзүнүн сөөгүн кайыкка салууну жана кайык кайсы жээкке токтосо, ошол жерде көмүүнү керээз кылып айткан имиш. Анан бул кайык Аму-Дарыя менен төмөндү карай жылбастан, суу агымына каршы жыла баштап, азыркы "Арал-Пайгамбар" деген жерге келгенде, суу ортосунан өзүнчө эле арал өсүп чыгыптыр. Ошондуктан аны "Арал-Пайгамбар" атап калышкан имиш.

Ал эми Аббасийлер халифатынын Мавераннахрды каратып алуу үчүн келген колбашчыларынын бири (VIII к. башында) өлгөн жана кийинчерээк аралда ага багышталып күмбөз орнотулган экен. Бара-бара жергиликтүү калайык бул күмбөздү "Курандагы" Зу-л-Кифл деген пайгамбарга таандык деп санап калышыптыр.

(Бул имишти X кылымдан тартып сунний сопу агымдары кеңири таркаткан болушу ыктымал; кандай болсо да, бул аралда алиги "Тооратта" жана "Куранда" сөзгө алынган пайгамбар көмүлгөн деген уламыш чындыкка караандабайт).

Ал эми Ирактын борбордук аймагында Евфрат дарыясынын боюнда Хилла шаарына жакын ал-Кифл кыштагы жайгашкан. Ирактык мусулмандардын оюнча, пайгамбар Зу-л-Кифл дал ушул кыштакта көмүлгөн имиш. Албетте, бул дагы тастыкталбай турган уламыш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.