Тажикстанда «Озоди» радиосунун 11 журналисти менен кызматкери аккредитация ала албай жатат. Мыйзамга ылайык уруксат кагазынын жоктугунан улам аларга өлкөдө иштөөгө тыюу салынган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги документинин жарактуу мөөнөтү 1-ноябрда аяктаган тогуз журналисттин жетөөнүн гана аккредитациясын 3-6 айга узарткан.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Асловго кат жөнөтүп, тажик кызматынын айрым журналисттерине аккредитация берилбей, Тажикстанда журналисттик эркин ишмердүүлүккө чектөөлөр коюлуп жатканын сынга алды.
«Бир жылга узартылчу аккредитациянын мындай кыска мөөнөткө берилиши тажик мыйзамдарына каршы келет», деп белгилеген Жейми Флай.
Ал «Озоди» радиосу Тажикстандагы окуяларды чагылдырууда басымга багынбай турганын белгилеп, журналисттер ишин улантышы үчүн тез арада уруксат берүүгө чакырган.
Октябрдын башында АКШнын Конгресси Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун атына кат жазып, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматынын журналисттерин куугунтуктоо, коркутуу жана аларга аккредитация берүүдөн баш тартуу тууралуу маалыматтарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
Мындай көрүнүш «тажик-америкалык алаканын туруктуулугуна таасирин тийгизип коюшу мүмкүн» деп белгиленген андагы кайрылууда.
Эл аралык укук коргоо уюмдары буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип жатышат. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо комитети» (Committee to Protect Journalists, CPJ) тажик бийлигин өлкөдө журналисттердин тоскоолдуксуз иштешин камсыз кылууга чакырган. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир да Тажикстанда «Озоди» радиосунун журналисттерине аккредитация берилбей жаткандыгын сындаган.
Мурдатан Тажикстандагы Эркин ЖМКлар бирикмеси жана ЖМК боюнча кеңеш да өлкө бийлигин чет өлкөлүк медиага аккредитация берүү механизмин сөз эркиндигин чектөө куралы катары колдонбоого чакырган.
Тажикстандын бийлиги аккредитацияны эркин маалымат каражаттарынын ишин чектеш үчүн колдонгону буга чейин да байкалган. 2016-жылы «Озоди» радиосу президент Рахмондун кыздарынын бири жаңы кызматка орношкону тууралуу жазып чыккан соң алты журналисттин аккредитациясы жокко чыгарылган.
Казакстандагы «кол чатырлар»
Ал эми Казакстанда журналисттердин ишине тоскоолдук кылган улам жаңы технологиялар колдонулууда. Өлкөдө нааразылык акцияларын, адамдарды камакка алууну чагылдырууда маска тагынган кара кийимчендер кол чатырлар менен журналисттердин камераларын жаап, болуп жаткан окуяларды тартууга жолтоо болуп жүрүшөт.
26-октябрда Шымкентте Кытай экспансиясына каршы митингге келген пенсионер Ерназар Пернеевди дал ушундай чүмбөттөнгөн эки киши кол чатырлары менен камерадан тосуп, «Азаттык» радиосунун казак кызматынын журналисти менен сүйлөштүрбөй койгон.
Мындай окуялар июнь-июль айларында Нур-Султан, Алматы жана Шымкент шаарларында өткөн митингдерде полиция адамдарды камакка алып жатканын тартууга аракет кылган учурда да болгон.
Казакстанда журналисттердин ишине жолтоо кылуу, алардын жумушуна кийлигишүү мыйзам боюнча кылмыш болуп эсептелгени менен ал учурларда полиция кызматкерлери чүмбөттөнгөн, кол чатыр көтөргөн адамдарга эч кандай чара көрүшкөн эмес.
«Азаттык» радиосунун казак кызматынын журналисттери мындай адамдар полициянын машинелеринде келишкенин да тартып калышкан.
Ал эми Нур-Султандагы полиция департаментинин башчысынын биринчи орун басары Малыбаев митинг учурунда көз алдында «Азаттыктын» журналисттеринин ишине жолтоо болгон мындай адамдарды байкабаганын айтып, аларга чара көрүүдөн баш тарткан.
Адвокат Айман Омарова кол салууга, тоскоолдуктарга кабылган «Азаттыктын» он кызматкеринин атынан прокуратурага арыз менен июнда кайрылган. Ал эки айдан бери бул арыздар боюнча прокуратурадан бир да жооп келбегенин айтты:
- Мен полиция бул кол чатырчан кишилерге менен бирге деп эсептейм. Бул журналисттерге каршы кызматташтык, ал атайын уюшулган. Алар журналисттердин эркин иштешине каршы. Андай учурда полициянын мыйзамсыз аракеттери ачык көрүнүп калат. Биздин мыйзам чыгаруучулар коомго, эл аралык коомчулукка Казакстанда эркин басма сөз бар экенин көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок иш жүзүндө журналисттер бул өлкөдө эркин эмес. Алар бийликти сындагандарды көрсөтүүгө аракет кылышса, алардын ишине дароо тоскоолдуктар жаралат.
Казакстанда журналисттердин ишине тоскоолдук кылууда «кол чатырчан адамдардан» тышкары аялдардын уюшкан топтору колдонулат. 22-июлда Алматыда Адам укуктары боюнча бюродо бийлик уруксат бербеген митингдерге катышканы үчүн айыпталып, камакка алынгандар тууралуу жыйын өтүп жатканда имаратка 20 чакты аял кирип келип, журналисттерге кол салып, камераларын талкалап койгон. Анда «Азаттыктын» журналисти менен операторунан тышкары «Алматы» телеканалы менен КазТАГ агенттигинин кызматкерлери жабыркаган. Окуя болгон жерге полиция чакырылган менен бул аялдардын тобунан бирөө да кармалган эмес.
Кийин аялдардын кээ бири бийликке каршы башка митингдерде да журналисттердин ишине атайлап жолтоо кылышкан.
Буга чейин 22-мартта Астананын аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын акциясында полиция адамдарды камакка алып жатканда улуттук кийимдерди кийген адамдар пайда болуп, камера алдында ырдап-бийлеп, камераларды гезит же колдору менен жаап, тоскоол болушкан.