Ингушетия: "Мемориалга" чабуул

Ингушетиядагы "Мемориалдын" кеңсеси өрттөн кийин.

«Мемориал» укук коргоочулар борбору Ингушетиядагы кеңсесине “террордук” чабуул коюлганын билдиришти. Алар муну менен белгисиз күчтөр укук коргоочуларды Түндүк Кавказдан сүрүп чыгарууну көздөп жатканын айтышууда. Бул боюнча кылмыш иши козголду.

15-январда таңга жуук Ингушетиянын Назран шаарындагы "Мемориал" укук коргоо борборунун кеңсесин өрт чалган. Укук коргоочулар кеңсени белгисиз бирөөлөр атайын өрттөп кеткенин, муну менен белгисиз күчтөр укук коргоочуларды “Түндүк Кавказдан сүрүп чыгарууга аракеттенип жатышканын” айтышууда.

Бир топ жылдардан бери кысымга жана коркутууларга карабай Кавказдагы адам укуктарын коргоп келген “Мемориал” уюмунун мүчөсү Олег Орлов Назран шаарындагы кеңсе атайын өрттөлгөнүн билдирген.

Орлов түнкү саат 3:35те имаратка бир машине келип, беткапчан эки киши шаты менен кеңсенин экинчи кабатына көтөрүлгөнү камерага түшүп калганын айтып берген.

"Мемориалдын" кеңсеси. Ингушетия.

“Биз муну террордук чабуул” деп эсептейбиз деген Олег Орлов. Ал муну менен белгисиз күчтөр жөнөкөй адамдарды коркутуп, “Мемориал” борборуна сокку урууну көздөгөн деген ишеничте.

Ошондой эле өрт 9-январда "Мемориалдын" Грозныйдагы бөлүмүнүн башчысы Оюб Титиевдин камакка алынышы менен байланыштырылат. Титиев "унаасынан баңгизат табылды" деп кармалган, бирок укук коргоочу күнөөнү мойнуна албай турганын, баңгизатты кимдир-бирөөлөр атайын таштаганын билдирген.

“Мемориал” борборунун Назрандагы өкүлчүлүгүн жетектеген Тимур Акиев өрттү борбордун ишине “кыжыры келгендер койгон” дейт.

- Бул тема боюнча Москвадан келген кесиптештер Чеченстанга барып, тыгыз иштеп жатышат. Ортодо Ингушетияда токтоп, бул жерде мейманканада турушат. Бул кимдир-бирөөлөрдүн кыжырын келтирсе керек. Мен муну карандай чындык деп айта албайм, менде аны ырастаган эч нерсе жок. Биздин техника күйүп кетти, имаратты оңдош керек. Бирок Ингушетиядагы ишибизди токтотпойбуз.

Акиев «Мемориал» борбору Ингушетияда адам укуктарын коргоо боюнча гана иш жүргүзүп келерин, «чечендердин маселесине» кийгилишпесин кошумчалаган.

Өрттөн эч ким жабыркаган эмес. Кеңседеги алты бөлмөнүн үчөө катуу зыян тартып, андагы компьютерлер, эмерек жана айрым документтер күйүп кеткен.

Ингушетиянын чукул кырдаалдар боюнча министри өрт жөнүндө кабарлап, бирок анын себептери жана «Мемориал» борборунун иши тууралуу эч нерсе деген эмес.

Адвокат Петр Заикин өрттү “укук коргоочулар үчүн коркунуч коңгуроосу” катары кабыл алыш керек деген ойдо. Юрист мыйзам чегинде бул өрттү Орусиянын федералдык мыйзамынын 3-беренеси боюнча баалап, тактап айтканда "терроризмге теңесе болот" деди.

- Мен кылмыш ишин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын борбордук аппараты иликтейт деп ишенем. Башка күч органдары азыркы кырдаалда натыйжалуу иликтөө жүргүзө албайт. Ингушетиядагы укук коргоо органдарынын объективдүүлүгүндө күмөн жок. Бирок тергөөдө саясий жагдайларды, коңшу турган чечен өлкөсү менен мамилени эске алыш керек.

Заикин Ингушетиядагы кеңсенин жана кесиптештердин жардамысыз эми иш бир кыйла оорлошорун, бирок токтобосун белгиледи:

- “Мемориалдын” кызматкерлерин коркутуу менен каршылаштарыбыз ишибизди токтотууну каалашат. Мен алар дагы эмнеге чейин барарын билбейм. Бул токтотулбаса жакын арада өлүктөр чыгышы толук мүмкүн. Адам укуктарын коргогондордун ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туулат. Муну акыры токтотуш керек.

“Хьюман Райтс Вотч” уюмунун өкүлү Татьяна Локшина өрттү «атайын жасалган иш» деп, муну Титиевдин иши менен байланыштырды.

- Бул атайын жасалган кылмыш экенинде эч кандай күмөн жок. Бул «Мемориал» борборунун ишине, жетекчиликтин жана адвокаттардын Оюб Титиевди чыгаруу аракеттерине байланыштуу,- деп жазган "Фейсбуктагы" барагына Татьяна Локшина.

Оюб Титиев.

60 жаштагы Оюб Титиевди полиция 9 -январда кармаган. Анын унаасында 180 грамм марихуана табылганы кабарланып, Чеченстандагы Шалин соту укук коргоочуну 9-мартка чейин камакка алган.

15-январда адвокат Павел Зайкин Титиевдин ден соолугу начардыгына карабай медициналык жардам көрсөтүлбөгөн полиция бөлүмүндө камакта отурганын, ошондой эле Титиевдин кээ бир туугандары кысым көрсөтүлө баштаганда Чеченстандан чыгып кетүүгө мажбур болушканын билдирген.

Титиев өзү 16-январда Путинге жазган катында полиция баңгизатты атайын салып, аны жок жерден айыптап жатканын билдирген. Ошондой эле өзү кыйноодон, үй-бүлөсүн коркутуудан чочулап жатканын айткан.

Чеченстанда жергиликтүү бийлик жана күч органдары адам укуктарын бузган учурларды изилдеген “Мемориал” борборунун мурдагы жетекчиси Наталья Эстемированы 2009-жылы белгисиз адамдар уурдап чыгып өлтүрүп кетишкен. Аны өлтүргөн кылмышкерлер табылган эмес.

2014-жылы декабрда Чеченстандын Грозный шаарында дагы бир укук коргоочу уюм - Кыйноонун алдын алуу боюнча комитеттин кеңсеси өрттөнүп кеткен. Анда да эч ким жаза тарткан эмес.

Укук коргоочулар "Түндүк Кавказда адам укуктарын бузууга, адам уурдоого, кыйноого жана киши өлтүрүүгө жол берип жатат" деп 2007-жылдан бери бийликте отурган чечен лидери Рамзан Кадыровду айыптап жүрүшот. Кремлдин сынчылары "Владимир Путин Чеченстандагы жикчил маанайларды басып турганы үчүн гана Кадыровдун Орусиянын мыйзамдарын бузуп, кызмат даражасын колдонуп жатканына көз жуумп келет" деп айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.