Тажик-ооган чек арасы: Адам, мал-жан уурдалууда

Тажик - ооган чек арасы, Пянж дарыясынын жээги.

Тажик - ооган чек арасынын жалпы узундугу 1344 чакырым. Чек аранын Пянж дарыясынын боюндагы 150 чакырымы Тажикстандын Шурообод деп аталган районунун туура келет жана бул аймак чек аранын эң жыртык-тешиктүү бөлүгү деп эсептелет. Тоолуу аймак Ооганстанга жакын болгондуктан, наркосоодагерлер үчүн ыңгайлуу. Тажик - ооган чегиндеги тоолуу жолдордун көпчүлүгү совет доорунан бери оңдолбогондуктан, аларды адатта наркоаткезчилердин эң чечкиндүүлөрү гана пайдаланышат.

Жергиликтүү тургундардын ичинен мурда чек ара сакчысы болуп кызмат кылган Давлат Сафаровдун “Азаттыктын” тажик кызматына айтканына караганда, аймак акыркы жыйырма жылдан бери кароосуз калгандай туюлат. Өзгөчө жакырчылык жана жумушсуздук жергиликтүү тургундардын көпчүлүгүн курьер издеген ооганстандык наркоаткезчилердин кылтагына оңой эле илинишин шарттайт:

-Бул көйгөй Тажикстандагы жарандык согуштун учурунда эле башталган. Ал кезде буга эч ким көңүл бурган эмес. Наркоаткечзчилер жашыруун жолдорду пайдаланышат. Мина көмүлгөн талааларды эшек менен аралап келишет. Жергиликтүүлөр муну абдан жакшы билишет. Эгер алар бийлик менен кызматташса, маалымат берсе, проблема жеңил эле чечилет.

Давлат Сафаров “Азаттыкттын” тажик кызматы менен маегинде кошумчалагандай, чек ара боюндагы он эки кыштак азыр оогандардын таасири астында калгандай таасир калтырат. Мал-жандан тышкары адамдар уурдалган учурлар да бар.

Тажик -ооган чегинен адам уурдалган учурлар боюнча статистика жок экендигине карабай, быйыл кеминде беш окуя катталган. Маселен, дайынсыз жоголуп кеткен жаш келиндин туугандарына ооган тараптан ал бир үйгө бүлө болуп калганы жөнүндө кабар келген. Жергиликтүү бийликтердин ырастоосунда, ооган тараптан келген куралчандар уурдап кеткен төрт адам алардын кийлигишүүсү аркасында бошотулган.

Шурообод районун прокурору Гиоссиддин Умаровдун айтымында, быйыл май айында мамлекет менчигиндеги ферманын сексен уюу жоголгон. Шек кайрадан эле ооган тараптан келгендерге кетүүдө. Бийликтер чек ара аймагында тартип орнотууга болгон күч аракетин жасап жатканын айтышса, жергиликтүү тургундар жетиштүү чара көрүлгөн жок деп эсептешет. Аталган райондун Назокат ысымдуу тургуну мындай дейт:

-Эгер талаптагыдай кайтарылса, чек араны эч ким кесип өтпөйт. Чек араны кайтаруу мамлекеттин милдети. Ал аскерлерди жетиштүү санда жайгаштыруусу абзел.

Тажикстандын Шурообод районундагы чек ара аскерлеринин кол башчысы, полковник Кадамшо Кушхадамовдун ырастоосунда, аймакта жайгаштырылган чек арачылардын саны жетиштүү эле. Бирок ал чек арачылар асмандан байкоо салууга тик учактын жоктугун моюнга алат.

Тажик бийликтеринин ишениминде, жергиликтүү жашоочулардын айрымдары наркоаткезчилер менен кызматташууда. Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын Шурообод райондук бөлүмүнүн башчысы Аскаршо Наврузовдун айтымында, адам урдоолорго жергиликтүүлөрдүн байланышы бар-жогу иликтенүүдө. Эл менен жолугушууларда наркосоодага тартылып кетүүнүн канчалык коркунучтуулугу боюнча түшүндүрмө берилип жатат.

Мындан сырткары наркоаткезчилер жөнүндө маалымат бергендерге 1000 сомони же болжол менен 200 доллардай сыйлык жарыяланган. Бирок эки ортодо ишеним жок болгондуктан, бул механизм анчалык иштебейт. Анткени маалымат берүүдөн жергиликтүү жашоочулар кооптонуп коркушат. Аларды айрымдары наркосоодагерлер тарабынан уурдалып кетип жатса, ошол эле учурда бийликтер да аларга шек саноо менен карашат.

​“Кавок кыштагындагы ар бир үй бүлөнүн кеминде бир же эки мүчөсү наркоаткезчилерге жардам бергени үчүн түрмөдө отурат”,- дейт ооган чек арасынан он чакырымдай алыстыкта жайгашкан айылдын тургуну Хуснүгүл Курбонова. Өзүнүн үч бир тууганы түрмөгө түшкөн Курбонованын пикиринде, наркоаткезчилер менен кызматташканы үчүн айыл тургундары эмес, жашоо шарт, система күнөлүү.

Соңку жылдары Ооганстандын чек арасын мыйзамсыз кесип, Тажикстанга наркозат ташыган деген жүйөө менен чек ара аймагында жашаган ондогон тургундар түрмөгө түшкөн.