Украиндердин Виктор Янукович тууралуу азилдеринен

В.Януковичтин колдоочулары "Европалык эки жүздүү стандартка жол жок!" деген ураанды көтөрүп турушат. Киев ш. 04.2.2014.

краиндер соңку он жыл бою күлкүгө бута кылган тема – өздөрүнүн учурдагы мамлекет башчысы Виктор Янукович.

* * * * * * *


– Сиз ким үчүн добуш берген жатасыз?
– Янукович үчүн…
– Э, чынын айткыңыз келбесеңиз, айтпай эле коюңузчу…


* * * * * * *


– Витёк, сен Украинаны башкара аласыңбы?
Янукович эсептегичти (калькуляторду) колуна алып, эсептеп көрүп:
– Албетте!
– Ал эми Американычы?
Янукович кайрадан калькуляторду колуна алып:
– Башкара алат экенмин!
– А Кытай болсочу?
Көпкө дейре эсептеген соң:
– Жо-ок, башкара албайт экенмин!
– Эмне үчүн?
– Донецкиден келген колдоочуларым аздык кылып калат экен...


* * * * * * *


– Януковичти Майданга келип, митингчилер менен саламдашып, чатырлардын бирине башпагып чай ичкени үчүн көбү кадырлап калышты.
– Туура, ал башпагып кеткен чатырга кийинчерээк «Януковичтикиндеги чайкана» («Чайная у Януковича») деп көрнөк илип коюшуптур дешет ко.


* * * * * * *

2005-жыл. Украинада ЖОЖго кирүү сынагы болуп жатат. Окутуучу абитуриенттен сурап кирди:
– Кана, айтыңызчы, жигит, өлкөбүздө багыттоочу жана жетекчи күч кайсы?
Улан көзүн бакырайтып, башын чайкады.
– Аймактар партиясы (Партия Регионов) деген партия бар экенинен кабардарсызбы?
– Уккандай болдум окшойт...
– Ал эми Украинанын президенти ким?
– Жок, билбейт экенмин.
– Болуптур. Деги, Виктор Федорович Янукович деген киши кайсы кызматты аркалап жатат, билесиңби?
– Ошондой да киши барбы? Атын биринчи угушум.
– Өтө таң калычтуу. Деги Сиз каяктан келдиңиз эле, жигит?
– Ухрюпинка деген жерден.
Профессор үшкүрүнүп алды:
– Атаганат, мен дагы ошол жакта жашасам сонун болмок экен! Сиздин Ухрюпинкаңыздагылар кандай бактылуу!..


* * * * * * *


Эки шайлоочу тыйын ыргытып, талапкерди аныктап калышты: «Тыйын сан жагы өйдө карап түшчү болсо – Ющенко үчүн добуш беребиз; эн тамга жагы болсо – бардыгына каршы добуш беребиз; кабыргасынан сайылып калса – добуш берүүгө эч катышпайбыз; кокусунан абада калкып кала берсе – Янукович үчүн добуш беребиз»…


* * * * * * *


Виктор Янукович өлкөнү ар кандай шылуундар ээн-эркин талап-тоногонуна эч жол бербестигин баса белгиледи. Украина калкы муну менен ким алектениши керектигин шайлоодо так кесе чечип берди да!


* * * * * * *

Украинанын БШКсы Ющенко менен Януковичти чакырып, шайлоо өнөктүгүндө жумшалган каражаттарынын булагын тастыктоону талап кылды.
Ющенко:
- Сиз Майданга чогулган жүз миңдеген кишилерди көрдүңүзбү?
– Ооба.
— Ошолордун ар бири ортого он гривна таштады эле, жетиштүү каражат топтолуп калды.
Янукович:
– Сиз Днепр дарыясында курулган жаңы көпүрөнү көрүп жатасызбы?
– Жок, эч бир жаңы көпүрөнү көрө албадым.
– Дал ошол жаңы көпүрөнүн эсебинен шайлоо өнөктүгүнө акча топтодум.


* * * * * * *


"Интер" сыналгы каналы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Виктор Ющенко утуп чыккандыгын этияттык менен жарыя кылды:
"Добуш берүүнүн жыйынтыгында премьер–министр Виктор Янукович экинчи орунга алдыга озуп чыкты; ал эми атаандашы Виктор Ющенко – артынан санаганда экинчи орунда калды".

(Интернеттеги ар кыл барактардан алынды).