Лейлектиктер күлүшөт

Кимбайке жол белги тууралуу тамаша сүрөтүн сунуштайт. 04.3.2011.

Лейлектиктердин өзгөчө жумшак юмору бар. Айрымдарына кулак салалык.

Бир лейлектик жигит Бишкекке келсе, күн сайын андан "Лейлек - жер түбү экени чынбы?" деп тажатып сурай беришет экен.

Бир жолу дагы бирөө ушундай суроо менен кайрылса, ал камаарабай жооп узатыптыр:

- Ооба, жердин эң четиндебиз. Келсеңиз көрөсүз - чек арага эңкейип келип алып, бутубузду аскадан салпылдаты-ып отура беребиз, бизден ары - тим эле туңгуюк!..

* * * * * * *

Бир карыя Баткенден Лейлеккке кетчү таксилердин жайына келип, таксичиге кайрылыптыр:

- Үкам, эңкейесиңби?

- Мине болду?

- Минип алат элем да...

(Мында карыя "Лейлекти карай эңкейиштеп - төмөндү карай кетесиңби? Унааңа түшүп алат элем" деп айтып жаткан экен).