Жемкорлук – азилдин бутасы

Кимбайке армансыз кеткен салык төлөөчү тууралуу. 11.3.2011.

“Күлкү кербендин” жаңы чыгарылышы жемкорлукту шакаба кылган азилдерден турат.

* * *

— Филармониянын алдындагы жер астындагы өткөөлгө эмне чокмороктошуп үйүлүп алышкан?

— Ой, уга элексиңби?

— Эмнени?

— Ал жерде мындан беш жыл мурда ЖОЖдун жасалма дипломун алгандар чогулуп, дипломдорунун беш жылдыгын белгилеп жатышат. Арасында бир-эки жергиликтүү депутат да бар экен. Бүтүрүүчүлөр Баткен, Нарын, Ош, Алматыдан бери келишиптир...

* * *

— Так, та-ак, мырзам! Сиз ичип алып автоунаа айдап келатканыңыз үчүн 17,500 сом жаза төлөшүңүз керек! – деп МАИчи айдоочуга кайрылды.

— Эптеп бир айласын тапсак болобу, таксыр?

— Албетте. Түкүрүктүн жазасын дүмүрчөгү жок тымызын төлөп койсоңуз эле жетишет!..

* * *

— Эмне үчүн сени абакка кесишти? – жаңы келгенден абактагылар сурап калды.

— Жок нерсе үчүн.

— Кантип эле?

— Мына, бийликтегилер “өлкөдө жемкорлук эчак эле түп-тамыры менен жоюлган” деп атышпайбы. Мен ошол эчак жоюлган нерсенин жалаасы менен түшүп калдым...

* * *

— Куттуктайм! Силердин автордук тобуңар Жемкорлукка каршы күрөш комиссиясынын стратегиясын жазуу боюнча тендерди утуп алган турбайбы!

— Рахмат, досум!

— Жашырын сыр болбосо, айтсаң, кантип буга жетиштиңер?

— Эч кимге айтпа! Калем акынын 15 пайызын алдын-ала тендер комиссиясына берүүгө туура келди.

* * *

— Эмен багына курган жаңы тойкананы эмнеге “Көк Бөрү” деп атап салдың,

— Бул паркка жалаң гана спорттук жай курууга уруксат экен...

* * *

— Мындан ары жемкорлуктан алынган акчалар бүт пенсиялык корго түшүп турат экен.

— Ой, анда “чоңдорубуз” көбүрөөк жесе экен деп тилейбиз го.

* * *

(TT)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.