Өзбекстанда сум эки эсе арзандады

100 долларды сумга алмаштырганда салмагы 430 грамм акча болот

Өзбекстандын Улуттук банкы сумдун расмий наркын эки эсе төмөндөттү.

Девальвациянын негизинде 5-сентябрдан тарта бир АКШ доллары 8100 сум деп бааланды. Өзбекстанда бир канча жылдан бери улуттук валютанын расмий наркы эл арасында "кара базар" деген ат менен таанымал көмүскө акча алмаштыруу жайларындагы баадан кескин айырмаланып келген эле. Адистер девальвациянын пайда-зыянын ар түрдүүчө баалап жатат.

Ушул аптанын башында президент Шавкат Мирзиёев "Валюта саясатын либералдаштыруу боюнча биринчи чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду жана сумду девальвация кылууга уруксат берди.

Жарлыкта "акча жүгүртүүнү ашкере көзөмөлдөөнүн кесепети айрым бир тармактарга, компанияларга жана инвестиция тартууга тийген" деп айтылат. Мындан улам 5-сентябрдан тарта юридикалык жана жеке жактар чет өлкөлүк акчаны базар баасында ээн эркин алып-сата алат. Жарандар акчасын чет өлкөдө колдонушу үчүн төлөө карталарына каражат которо алат. Импорт менен алектенген жеке ишкер каалаган эсептен акча которо алышат.

Сумдун наркы эки эсе девальвация болгондон бери анын карапайым жарандарга, базар баасына таасири, пайда-зыяны ар түрдүүчө талданып жатат.

Өзбекстандагы Экономикага көмөктөшүү борборунун башчысы, көз карандысыз эксперт Юлий Юсупов Улуттук банктын девальвация тууралуу чечимин ички базарда баалардын кескин жогорулашына алып келет деген жоромолдорду четке какты:

- Азыр базарда кайсы бир товарлар боюнча маселелер бар. Мисалы, уюлдук телефон байланышы, интернет, жогорку окуу жайлардагы окуунун наркы сумдун расмий курсу менен өлчөнүп келген. Ошондуктан бул жерде баалар эки эсе кымбатташы мүмкүн. Бирок атаандаштык шартта уюлдук байланыш операторлор, университеттер бааны төмөндөтүүгө барышы ыктымал. Алар буга барууга аргасыз болот. Азык-түлүк болсо кескин кымбаттабайт. Анткени буга чейин деле азык-түлүктүн баасы акчанын расмий курсуна эмес, базар баасы менен эле өлчөнүп келген. Ар дайым базар баасына ыңгайлашып келген. Маселен күйүүчү май кымбатташы мүмкүн. Анткени бул тармак монополияга айланган. Монополисттер девальвацияга жамынып алып бааны эки эсе жогорулатышы ыктымал. Бул эми өкмөттүн иши болушу керек, өкмөт аларга бааны кескин жогорулатканга жол бербеши керек.

Валюта саясатында өзгөрүүлөр азыркы президент Шавкат Мирзёевдин реформаларынын бири болуп калды. Ал буга чейин акча саясатында бир катар иштер жасалат деп убада кылган жана укук коргоо органдарына "кара базар" деген ат менен таанымал көмүскө акча алмаштыруу жайларын жоюуну тапшырган:

- Кудай кааласа биз чоң иштерди баштадык. Валюта саясаты, сумубузду айырбаштоо, анан эң башкы нерсе - сумубузду дүйнөлүк базарга чыгаруу боюнча чоң иштерди баштадык. Баары акырындап болот. Жети өлчөп бир кесе турган чечим болот. Артыбызда 33 миллион калк турат. Бул деген неберелерибиздин келечеги.

Өзбекстанда 5-сентябрга чейин улуттук валютанын үч курсу бар болчу. Улуттук банк бир АКШ долларын 4200 сум деп баалап келсе, "кара базарда" 7700 сумдан сатылчу, ал эми биржалык базарларда болсо 8000-9000 миң сумга чейин чейин жетчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.