БУУ: Кыргызстан кыйноо фактысын танбайт

Мария Макарованын кыйноого каршы иллюстрациясы

10-11-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого каршы комитетинде Кыргызстандагы кырдаал талкууланды. Бишкектен кыргыз бийлигинин баяндамасы менен тааныштырууга Юстиция министрлигинин, Жогорку соттун жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган атайын топ Женевага барды. Ошондой эле, өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдар менен укук коргоочулардын дагы төрт отчету Комитетке жиберилген. Кыргызстанда кыйноо фактылары бар экенин бийлик дагы, укук коргоочулар дагы белгилейт.

Бишкектен барган делегация 2013-жылдан бери өлкөдө кыйноого кабылган фактылар катталганын, бул көйгөйдү токтотуу үчүн эмне иштер жасалып, Кыргызстан эл аралык коомчулук алдындагы милдеттенмелерин кандай аткарып жатканын айтып берди.

Тергөө абагындагы азап, өмүр бою кесилгендер

Шаршембиде кыргыз делегациясынын отчетун уккан соң комитет мүчөлөрү талкууга киришти. Комитеттин атайын баяндамачысы Илвия Пуце Кыргызстандын жабык жайларындагы кыйноо фактыларына токтолду.

Улуттар Уюмунун баяндамачылары белгилегендей, жабык жайлардагы абал эл аралык да, мамлекеттик да стандартка туура келбейт. "Тергөө абактары менен убактылуу кармоочу жайлардагы жагдай түрмөлөрдөн да жаман. Аларда отургандардын саны талаптагыдан алда канча көп", – деди баяндамачы.

Ошондой эле, Комитет буга чейин убактылуу кармоочу жайлардын абалын жакшыртуу үчүн берген сунуштарын Кыргызстан аткарбаганын белгиледи.

Кыргыз бийлиги тергөө абактарында абал кыйын экенин танбайт жана андагы шартты оңдоого саясий чечим болгону менен маселе кендирди кескен каражатка барып такалат.

Дагы караңыз Аң-сезим өзгөрмөйүнчө кыйноо жоюлбайт

Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалиция бир гана Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайда 400 кыйноо фактысын каттаган. ИИМ муну облуста тергөө абагынын жоктугу менен түшүндүрөт. Кармалгандарды 115 чакырым алыс турган Ош шаарындагы №5 СИЗОго которушат.

Абактардагы дагы бир өзгөчө топ – өмүр бою кесилгендер. Ушу тапта 343 киши Сокулуктагы 19-колонияда отурат. Ал жай болгону 100 кишиге ылайыкташкан. Өкмөт жаңы имараттын курулушуна 104 миллион сом бөлгөн.

Терроризм жана экстремизмге аралашканы үчүн 155 киши абакта отурса, 953 киши издөөдө жүрөт. 241 аял колонияда жазасын өтөп жатса, жашы жете электер 25, алардын 11и соттолгон, 14нүн иши тергөөдө. Кыргызстанда аялдарга жана жашы жете электерге өмүр бою эркинен ажыраткан жаза чегерилбейт.

Кыйноону иликтөө

Улуттар Уюмунун комитети кыйноо фактыларын иликтөө функциясы прокуратурадан Улуттук коопсуздук комитетине берилгенин сындады. Кылмышка шектүүнү кармаган мекеме ошол эле маалда күч органдарынын кыйноосуна кабылган кишинин ишин кантип иликтейт деген суроо узатышты.

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу атайын кызматта чындап эле кыйноого кабылгандардын ишин иликтөөдө мүчүлүштүк бар экенин мойнуна алды. Ал 1-декабрдан тарта Коопсуздук комитети менен катар эле прокуратура дагы кыйноо фактыларын иликтей баштарын кошумчалады.

Дагы караңыз Алга Кылычев: Абакта өлүмдөн башканын баарын көрдүм

Самидин уулу тергөө абагында шектүүнү кармоонун мөөнөтүн чектеген ченем быйыл 1-декабрдан тарта күчүнө кирерин билдирди. “Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясынын 116-беренесинде шектүүнү тергөө абагында бир жылдан ашык кармоого болбойт деген норма бар. Бул убакыт өткөндөн кийин шектүү же айыпталуучу отурган мекеме прокурорго билдирүү менен аны токтоосуз эркиндикке чыгарат”, – деди коопсуздук кызматынын өкүлү.

Журналисттердин коопсуздугу

Женевадагы комитеттин көңүлүн өйүгөн дагы бир суроо журналисттердин коопсуздугу болду. “Былтыр 5-октябрдагы шайлоодон кийинки башаламандыкта “Настоящее Время” телеканалынын продюсери Айбол Кожомуратов маалымат берип жатканда күч органдарынын кызматкери аны мээлеп туруп желим ок менен аткан видеосун Твиттерге койгон. Бул иш кандай иликтенгени тууралуу так маалымат берүүңөрдү суранабыз”, – деди атайын баяндамачы Илвия Пуце кыргыз делегациясына кайрылып.

Кыргыз бажысынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши, аны иликтеген "Азаттык" радиосу, "Клооп" медиасы жана OCCRР уюмунун журналисттеринин коопсуздугу тууралуу суроо да берилди.

“2019-жылы иликтөө жарыялангандан кийин “Азаттык” радиосу журналисттеринин биринин өмүрүнө, анын үй-бүлөсүнө тикелей коркунуч болгондуктан, Прагага алып кетүүгө мажбур болгон. 10-апрелде Оштогу бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов видео таратып, Матраимов иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин бири “Али Токтакуновду тирүү же өлүгүн алып келсең акча төлөйм” дегенин жарыялаган. Андан кийин жергиликтүү Fact Check иликтөө сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров мурдагы бажычы Матраимовдун коррупциялык ишин жарыялагандан кийин кол салууга кабылганын билдирген”, – деди Илвия Пуце. Ал Комитет Кыргызстандын укук коргоо органдары бул иштерди кантип иликтеп, эмне жыйынтык чыгарганын билүүгө ынтызар экенин айтты.

Дагы караңыз Бектур Асанов: Абакта "караларга" катышкандар сый үстүндө

Башкы прокуратуранын тергөөгө жана ыкчам иликтөө иштерине көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жыргал Исмаилов журналисттерди коркуткан учурлар өзгөчө көзөмөлгө алынып, кылдат иликтенерин белгиледи.

Журналист Темировдун "денесине залака келтирүү жана мобилдик телефонун уурдоо" фактысы боюнча төрт киши жоопко тартылганын айтты. “Сот алардын кылган күнөөсүн далилдеп, тиешелүү жазасын чегерген”, – деди Кыргызстандын башкы көзөмөл мекемесинин өкүлү.

Исмаилов атайын баяндамачылардын бажыда коррупциялашкан системаны түптөгөн Райымбек Матраимовдун иликтөөчү журналисттерди коркутканы боюнча эмне чара көрүлдү деген суроосун көңүл сыртында калтырды.

Ошол эле маалда Башкы прокуратуранын кызматкери Кыргызстанда эркин журналисттер барктуу экенин айтканды унуткан жок. "Плюрализм жана көз карандысыз маалымат каражаттары менен мамлекет мактана алат" деди ал.

Аялдардын укугу, балдардын коопсуздугу

Кыргызстанда былтыр 9 миңден ашуун үй-бүлөдөгү зомбулук катталса, анын 900ү гана сотко жеткени белгиленди. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлиги үй-бүлөдөгү зомбулукту токтотууга, кыз-келиндерди уурдагандарга, балдарга запкы көрсөткөндөргө каршы чечкиндүү чара көрө албай жатат деп эсептейт.

Быйыл алты айда эле кыз-келиндерди уурдап, ала качкан 128 учур катталса, анын алтоо гана сотко өткөн. Калган иштер сотко жетпей эле кыскарып кеткен.

Дагы караңыз "Аялды сабоо - жапайычылык": Эркектер зомбулукту сындап чыкты

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары
Жолболду Көчкөнов быйыл апрелде адегенде уурдалып, анан мыкаачылык менен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын ишин эстеп, шаарларда кылмышкерди "изин суутпай кармаганга" көзөмөл камералары үзгүлтүксүз иштеп турарын айтып, уккандарды ишендирүүгө аракеттенди.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев өлкөдө биринчи муниципалдык кризистик борбор ачылганын, ал 60 аялды батыра турганын айтты. "Былтыр төрт кризистик борборго 7,2 миллион сом бөлүнгөнүнө" токтолуп, мамлекет үй-бүлөдө запкы жеген кыз-келинге камкордук көрүүнүн аракетинде экенин ишара кылды.

Орхан Инанды, Азимжан Аскаров

Быйыл жайында теги түрк, кыргызстандык агартуучу Орхан Инанды табышмактуу жагдайда жоголуп, бир айдан кийин Түркияда табылган. Башкы прокуратуранын өкүлү Жыргал Исмаилов бул резонанстуу иштин чоо-жайын түшүндүрдү.

"8-июнда Инанды дайынсыз жоголду деп, эл аралык издөө жарыялаган. Анын өлкөдөн кандай жагдайда чыгарылганы боюнча жооптуу кызматкерлерге "шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши ачылган", – деди ал.

Исмаилов "Кыргызстан Орхан Инандыны өз аймагынан чыгарып же экстрадиция кылган эмес", – деп талкуунун катышуучуларына кайрылды.

Женевадагы жыйында 2010-жылы Ош окуясында өмүр бою кесилип, былтыр абакта жетиштүү медициналык жардам ала албай көз жумган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселеси да көтөрүлдү.

Кыргыз делегациясынын башчысы, юстиция министринин орун басары Кынатбек Сманалиев улгайган укук коргоочу абакта коронавирустан каза тапканын белгиледи. “Тилекке каршы, COVID-19 пандемиясында 2500 жараныбызды жоготтук. Алардын ичинде Аскаров да бар”,– деп түшүндүрдү.

Кыйноо фактысы

Кыйноого кабылгандардын 97% милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук комитетинин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген.

Укук коргоочулар балдар үйлөрү менен интернаттарда, карылар үйлөрүндө жана психиатриялык стационарларда кыйноо фактылары бардыгын белгилешет.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылдан 2021-жылдын сентябрына чейин кыйноого кабылганы тууралуу жарандардан 63 арыз келип түшкөн. Алардын 12и кылмыш курамы жоктугунан кыскартылган, 41 иш иликтенген. Арыз жазгандардын бешөө аял, экөө жашы жете элек өспүрүм.

Даттангандар милициядан (62 учур) жана УКМКнын кызматкеринен (1 учур) кыйноо көргөн. Быйыл алты айдагы текшерүүдө 20 кызматкер эскертүү алган.

Дагы караңыз Абактагы келин курсактагы баласын жоготту

2012-2021-жылдар аралыгында кыйноо фактысы менен 79 кишиге каршы 26 кылмыш иш ачылган. Алардын 57и акталып кеткен. 18 киши соттолгон жана төрт иш кыскартылган. Сот кыйноо көрсөткөн 12 кишини жети жылдан 12 жылга чейин кескен. Эркинен ажыратылгандардын 14ү ИИМден, төртөө Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү болгон.

1997-жылы Кыргызстан кыйноого жана башка адамдын ар-намысына шек келтирген жазага каршы эл аралык конвенцияны ратификациялап, бир катар милдеттенмелерди алган. Расмий бийлик өкүлдөрү беш жыл сайын Улуттар Уюмунун Женевадагы комитетине барып, баяндамасы менен тааныштырып, талкууга катышат. Кыйноого каршы комитетке бул багытта иштеген өкмөттүк эмес уюмдар жана укук коргоочулар да өз алдынча отчетун даярдап жиберет.

Дагы караңыз

Темир тор артындагы зомбулукСуракТүрмөдөгү кыйноо - тирүүлөй тозок