Бүтүрүүчүлөрдү ара жолдо калтырган аттестат чыры

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Менчик мектептин ара жолдо калган бүтүрүүчүлөрү

Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью” менчик мектеби боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди.

Мекеме “Ай Кью” мектеби тиешелүү лицензия жоктугуна карабастан 84 баланы экстернат жолу менен окутканын, эми аларга аттестат берилбей турганын айтууда.

Ал арада бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери нааразылыгын билдирип, мектеп менен министрликтин катасынан улам балдар ара жолдо калганын айтып чыгышты.

"Балдарыбыз ара жолдо калды"

Аттестат алышы арсар болуп окуучулардын ата-энелери эки күндөн бери Билим берүү жана илим министрлигин айланчыктап жүрүшөт. Алардын бүтүрүүчүлөрдүн документине байланыштуу маселени билгенине эки-үч эле күн болуптур.

Чогулгандар 13-июлда кечке чейин жүрүп, министр менен жолуга албай койгонун айтышууда.

Окуучулардын биринин апасы Зулфия Каримова орто жолдон балдарга эле кыйын болгонун белгиледи.

"Балдардын бир жылдык убактысы, билими жокко чыгып жатат. Төрт-беш ай ЖРТга (жалпы республикалык тестирлөө) даярданышты. Эки классты бир жылда окуп аткандыктан биз да акча аяган жокпуз. Кошумча сабактарга окуттук. Балдарыбызга аттестат беришин талап кылабыз. Жеке менчик мектеп менен министрликтин ортосунда чатак бар экенин билебиз. Аны өзүнчө чечишип алгыла. Балдарда эмне күнөө?".

Билим берүү жана илим министрлиги тарапка чогулуп жаткан ата-энелердин бир тобу балдары бир жыл бою Токмокко барып-келип окуганын айтып отурушту.

Билим берүү жана илим министрлиги тарапка чогулуп аткан ата-энелерден милиция маалымат алып атат.

Токмок шаарындагы “Ай Кью” жеке менчик мектеби экстернат, же болбосо бир жылда эки классты бүтүрүү системасы менен 84 балага билим берген. Ар биринин контрагы 60-70 миң сом экени айтылууда. Окуучулар бир жыл окуп, мамлекеттик сынактарды, Жалпы республикалык тестирлөөнү да тапшырышып, айрымдары жогорку окуу жайга өтүп кеткен.

Анда лицензия боюнча эч нерсе айтылган эмес.

“Мамлекет өз мекемесин көзөмөлдөшү керек эле да. Бир жыл мурун айтышса, биз балдарды бербейт элек. Арабызда чет өлкөгө, Орусия, Түркияга, АКШга окууга тапшырат элек деген балдар бар экен. Өздөрү териштирсин. Уруксат бергендерди, башкаларды камасын. Бизде, балдарда эмне айып? Балдардын укугун коргошубуз керек да", - деди бүтүрүүчүнүн атасы Максат Кулуев.

Ата-энелер кыргыз бийлигине, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, аттестат маселесин чечип берүүнү талап кылышууда.

Мектеп менен министрликтин талашы

14-июлда Билим берүү жана илим министрлиги маалымат жыйын куруп, “Ай Кью” мектеби боюнча маалымат берип, маселе боюнча позициясы бекем экенин билдиришти.

"Алардын экстернат боюнча лицензиясы жок болгондуктан Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларга аттестат бере албайт. Аталган окуу жайдын жоопкерчиликке тартылышын, мыйзамсыз алган акчасын ата-энелерге кайтарып беришин укук коргоо органдарынан өтүнөбүз", - деди министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева.

Ашымбаеванын айтымында, “Ай Кью” мектебине күндүзгү жана сырттан окууга лицензия берилген, бирок экстернат боюнча тиешелүү документтерди алган эмес. Лицензия алуу тууралуу эки жолу арыз берилгенин, бирок талапка ылайык шарттары жок болгондуктан документ ала албаганын белгиледи.

Баарынан кызыгы менчик мектеп бир жыл мурда экстернат системасы менен 19 окуучуга аттестат берген. Буга уруксат берген Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери да жооп берип калышы мүмкүн.

“Былтыр дагы 19 аттестат мыйзамсыз кеткен. Ошондуктан тиешелүү кызматтык адамдар мыйзам чегинде жооп берет. Азыр Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдарына кайрылдык. Териштирүү жүрүп атат. Ошонун жыйынтыгы менен тиешелүү адамдар жоопко тартылат. Мыйзамсыз аттестат берген "Ай Кью" мектебинин жетекчилиги да жооп берет", - деди Ашымбаева.

"Ай Кью" окуу-тарбиялык комплекси 2019-жылы катталып, ага Мадина Кубаева ээлик кылат. Мектеп Токмок шаарында жайгашканы менен анын директору Кубаева Бишкектеги ИСИТО окуу жайында отурат экен. ИСИТО Мадина Кубаеванын атасы Борис Кубаевге таандык.

"Биз азыр комментарий бере албайбыз. Анткени баары лицензияга байланыштуу иш менен жүрөт. Билим берүү ишмердиги боюнча лицензия бар. Бирок экстернат боюнча жок. Менин бул боюнча комментарий берүү укугум жок", - деди Ай Кью" мектебинин кызматкери.

Ал эми мектептин жетекчилиги, юристи бизге жооп берүүгө макул болгон жок. Бирок алар билим берүү боюнча лицензиясын негиз кылып, ошонун негизинде иштей берсе болорун айтып келет. Ал эми министрлик экстернат окуу тартибине өзүнчө лицензия керектигин, бул эреже өкмөттүн жобосунда көрсөтүлгөнүн айтууда. Эми алардын маселесине укук коргоо органдары чекит кое турган болуп калды.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, быйыл Кыргызстан боюнча 152 окуучу экстернатка арыз берип, алардын 108и гана сынактан өткөн.