"Бул абсурд". Канатбек Исаев уюшкан кылмыш тобун түзгөнбү?

Канатбек Исаев

22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды. Саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду.

Канатбек Исаев соттон чыгып бараткан учурда журналисттерге коюлган айыпка макул эмес экенин айтып, кылмыш ишин "абсурд" деп атады.

Саясатчынын адвокаты Бакыт Осмоналиев соттун чечимине апелляциялык арыз бере турганын “Азаттыкка билдирди:

“Тергөө оргвндары кайсы далилдерге таянып жатканын билбейм. Канат Исаев өзү Жогорку Кеңеште Көлбаевге, Дөө Чыңгызга байланыштуу маселелерди көтөрүп жүргөнүн, кайра ошого байланыштуу өзүнө айып тагылып жатканын түшүнө албай жатканын айтып жатат. Биз сөзсүз апелляциялык арыз жазабыз”.

Канат Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 20-ноябрда кармаганы 22-ноябрда белгилүү болду.

Журналист Тынчтык Алтымышев Канат Исаевдин камалышы Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы иш-аракеттерине байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтууда:

“Мага жеткен маалыматтар боюнча Канат Исаев мэр болуп турган учурда жеке менчикке өтүп кеткен бир объектини мамлекетке кайтарып алган эмессиң деген жүйө менен суралганын жакындарынан уккам. Азыр “бийликти басып алууга аракеттенген, уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар” деп жазып жатышат. Мен аларга ишенген жокмун.Анын бийликке каршы чыга турган деле ою жок. Кылмыштуу топторго да тиешеси жок”.

Ал эми саясат талдоочу Руслан Акматбек “уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар” делген аткаминерлерге карата тандалма саясат болбошу керек деген пикирде:

“Эгер кылмыш курамы болсо ага соз жок, бирок азыр бул боюнча тандалма саясат жүрүп жаткандай. Себеби убагында ошол кримчөйрөнүн той-топурларында жүргөн аткаминерлерди деле көрбөдүкпү. Аларга эмнеге унчукпайт? Өзү негизи бийлик системаны толугу менен өзгөртүп, адамдардын ушундай кырдаалга туш болуп калышын алдын алып, аларга аралашууга өбөлгө түзгөн инфраструктура жоюшу керек. Мунун эң кыска жолу – өнүккөн өлкөлөрдөй люстрация”.

Жарандык активист Мукай Керимбаевдин айтымында, мурда-кийин мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар делген аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясатка ылайык келет:

“Канат Исаев болобу же башка аткаминерлердин өйдө жактагыларды тукуруу максатында кылмыштуу топторду каржылап келишкенин тергөө органдары аныктайт. Бирок негизинен айта турган болсок, азыр мамлекеттик саясат ушундай. Кылмыштуу топторду, коррупционерлерди, жерлерди мыйзамсыз алгандарды, мыйзамсыз байыгандарды жоопкерчиликке тартуу катуу жүрүп жаткан кези. Аягына чыкса, өлкө өнүгүп, инвесторлордун келишине шарт түзө турган жакшы көрүнүш”.

Кемпир-Абад иши

Канат Исаев 2022-жылы октябрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган 27 кишинин арасында болгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Исаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 11-январдагы чечими менен үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон жана сот жараяндары жабык өткөн.

Быйыл 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган 22 саясатчы жана активисттерди актаган. 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Көп өтпөй прокуратура 12-июлда Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаган. Мындан кийин Кемпир-Абад иши боюнча сот кайра жанданып, 6-августтан бери өтүп жатат.

Дагы караңыз Катаал күндө келген спикер

Канатбек Исаевдин саясаттагы жолу

2020-жылдын күзүндө бийлик алмашып, өлкөнүн саясий системасы чайпалып турган маалда "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

16-октябрда ал маалдагы президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп, кызматын тапшырган. Мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруу парламент төрагасына өтмөк. Бирок үч күн мурун шайланган спикер Исаев президенттин ыйгарым укуктарынан баш тарткан. Президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго өткөн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков кетип, Жапаров келди

Исаев 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагалыгынан өз каалоосу менен кетип, президенттикке талапкер болуш үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.

Шайлоонун чебери

Канат Исаев 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Республика” партиясынын тизмеси менен шайлангандан кийин коомчулукка таанылган. Аны жакындан билгендер бул партияга “Аю” компаниясынын жетекчиси, ишкер Шаршенбек Абдыкеримов аркылуу келгенин айтып жүрүшөт.

“Республика” фракциясын биринчилерден болуп Исаев ыдыратканы коомчулуктун эсинде. Бул фракциянын ал кездеги лидери Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп дайындалганда өз ордун Исаевге таштап кеткени менен көп өтпөй эле экөөнүн араздашуусу ачыкка чыккан.

“Республика” партиясынын саясий кеңеши Исаевди “партиялык тартипти бузду, өз алдынча билдирүү жасады, убадаларына турган жок жана партиянын кадыр-баркына шек келтирди” деген айып менен өз катарынан жана фракциядан чыгарган.

​Бабанов премьер-министр болуп турганда күлүк атына байланыштуу чуу чыгып, ал өкмөт башчынын отставкасы менен аяктаган эле. “Ата Мекен” фракциясы Бабановду түрк ишкеринен кымбат аргымакты парага алган деп айыптаган. Бул окуяны ичинен билгендер Бабановго каршы колдонулган далилдерди атамекенчилерге Канат Исаев бергенин кеп кылып келишет.

Кийинчерээк “Республика” фракциясы “Ата Мекенди” апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча күнөөлөгөндө Исаев “атамекенчилерди” ачык колдогон. 2013-жылдын башында Ак үйдүн алдында “атамекенчилерди” морадерчулук боюнча айыптоолорго каршы митингинде аларга жан тартып сөз сүйлөгөн.

Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн тушунда Исаевге эки кылмыш иш козголгону айтылган. Башкы прокуратура Токмок шаарында 2008-2010-жылдары мэр болуп турганда “Ак-Була” ишканасынын мурунку жатаканасын өз баасынан кыйла арзан сатып жиберген, шаардык китепкананы мыйзамсыз жеке менчикке өткөргөн деп айыптаган.

"Кыргызстан" партиясынын эки чылбыр, бир тизгини

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Канат Исаев мурда-кийин чон саясатта белгисиз “Кыргызстан” партиясын жетектеп, көпчүлүктү таң калтырып марага үчүнчү болуп келди. Парламенттен бул партияга 18 орун тийди.

"Кыргызстан" 2020-жылы дагы парламенттик шайлоого катышты. Эки жолу тең партиянын талапкерлеринин тизмесине байланыштуу чыр чыккан.

2020-жылы Боршайкомго талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн документтерин кеч тапшырып, партия аз жерден шайлоодон четтеп кала жаздаган.

Исаевге 2017-жылы “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине тагылганга чейин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон. УКМК “ал 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген” деп айып таккан.

Бул иш боюнча 2018-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Канатбек Исаевди айыптуу деп таап, 12 жылга күчөтүлгөн абакка кескен. Бирок Бишкек шаардык соту иштин “мөөнөтү өтүп кеткен” деген негиз менен өкүмдү жокко чыгарып, Исаевди үй камагына коё берген. Ал эми Жогорку сот 2019-жылы бул иште кылмыштын курамы жок деп тапкан.